COVID-19дан беш медик каза болду. Сандардын өсүп жатышынын себеби

© AFP / THOMAS COEXМединицалык кызматкерлер палатада бейтапты карап жатат. Архив
Мединицалык кызматкерлер палатада бейтапты карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери 1 781 медкызматкер COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 560 ак халатчан айыгып чыкты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирус инфекциясынан беш медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

"Жалпысынан медиктер каза болгон беш учур катталды. COVID-19 жана пневмониянын түрү менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Медицина кызматкерлери түнү-күнү иштеп жатышат. Кошумча оорулар болгон учурда абал татаалдашат, тыныгуусуз, сутка бою иштөө иммунитетти түшүрөт", — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирустан 15 бейтап көз жумду

Кечээтен бери 125 медиктин вирус жуктуруп алганы аныкталды.

  • Бишкек шаары — 63;
  • Ош шаары — 16;
  • Баткен облусу — 13;
  • Ош облусу — 10;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 2.

Ал эми сегиз медицина кызматкери стационардан сакайып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 1 781 медкызматкер COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 560 ак халатчан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0