Кыргызстанда коронавирустан 15 бейтап көз жумду

© AFP / JAAFAR ASHTIYEHМедициналык кызматкерлер каза болгон киши менен. Архив
Медициналык кызматкерлер каза болгон киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 147ге жетти. Бир суткада каза болгондордун көбү Бишкек шаарынан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 15 бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бир суткада коронавирустан көз жумгандар:

  • Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынан төрт адам. Алардын үчөө 56, 56, 46 жаштагы эркектер жана 60 жаштагы аял;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 70, 71 жаштагы эки аял;
  • Ак-Талаа аймактык ооруканасынан 61 жаштагы бир эркек;
  • Ат-Башы аймактык ооруканасынан 55 жаштагы бир аял;
  • Жайыл аймактык ооруканасынан 69, 67 жаштагы эки эркек жана 83, 50, 61 жаштагы үч аял;
  • Кадамжай аймактык ооруканасынан 77 жаштагы бир эркек;
  • Лейлек аймактык ооруканасынан 75 жаштагы бир эркек.

Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун жалпы саны 147ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0