Рамзан Кадыров Бишкектеги 81 жаштагы мекендешине Грозныйга кайтууга жардам берет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүДень восстановления государственности Чеченской Республики
День восстановления государственности Чеченской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда теле алып баруучу өзүнүн соцтармактагы баракчасынан Чеченстанда туулган Данги Битаев тууралуу маалымат берген. 81 жаштагы карыя мекенине баргысы келерин айткан. Айтымында, ал 10 жылдан бери Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жашайт.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данги Битаевге мекенине кайтууга жардам берет. Бул тууралуу коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Бир нече күн мурда теле алып баруучу өзүнүн социалдык тармактагы

баракчасынан Чеченстанда туулган Данги Битаев тууралуу маалымат берген. 81 жаштагы карыя мекенине баргысы келерин билдирген. Айтымында, ал 10 жылдан бери Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жашайт.

"Ал болжол менен 81 жашта, канчада экенин так билбейт экен. Данги карылар үйүндө 10 жылдан ашык убакыттан бери жашайт. Өзү Грозный шаарында туулган экен. Кыргызстанга репрессия убагында келип калган. Көрүүсү начарлап, көз май колдонорун айтты. Анын баштан өткөргөн окуясын, Грозный шаарына кеткиси келерин угуп жөн отура алган жокмун", — деген ал.

Молдокматова "Грозный-информ" агенттигине билдиргендей, бир күндөн кийин эле анын сюжети Чеченстандын башчысына жетип, улгайган абышканын кыялы орундалмай болду.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Рамзан Кадыров Чеченстанда 200дөн ашык келиндин калыңын төлөөгө акча бөлдү
"Видео жарыялангандан кийин бир күн өтпөй эле мени менен Кадыровдун жардамчысы Ахмед Дудаев байланышты. Биз аны менен бул маселени ийне-жибине чейин сүйлөштүк. Бир нече саат мурда Рамзан Ахматович өзү чалды. Мен ал кишинин эли үчүн күйүп-бышкан боорукерлигине таң калдым. Ал башка аткаминерлердей эмес, жөнөкөй экен", — деди Молдокматова.

Телефон менен сүйлөшүп жатып Кадыров кыргыз журналистине Дангини мекенге кайтарууда салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирип, анын жакындары табылып, үйүндө күтүп жатканын кошумчалаган.

"Биз анын жакындарын таптык. Чеченстанда анын үйү, уулу, жээндери бар. Жакын арада алып кетебиз. Сизге чоң рахмат! Сиздин жумуштун арты менен биз бир үй-бүлөнү бириктире алабыз", — деген Чеченстан башчысы.

"Грозный-информ" агенттигине маек берип жатып алып баруучу Дангини узак сапарга жиберүүдөн мурда дарыгерлер карап, текшерип, жолго уруксат бериши керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0