Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

© Sputnik / Брайан Смит / Медиабанкка өтүүНью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучулары
Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялары башталган. Тынчтык митингилери башаламандыкка айланып, талап-тоноочулук да күч алып жатканы айтылды.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Экспертизанын жыйынтыгы дал ошол маалда Флойд муунуп, аба жетпей калганынан көз жумганын көрсөттү. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.

Нью-Йорктогу нааразылык акциясынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: АКШ бийлиги өлкөдө улутчулдук бар экенин моюндады
Флойддун өлүмү толкундоолорду шарттап, ал мародерлукка, полиция менен кагылышууга өттү. Мындай башаламандык АКШнын Нью-Йорк, Атланта (Жоржия штаты), Альбукерке (Нью-Мексико штаты), Фонтана, Сан-Хосе (Калифорния штаты) жана Хьюстон (Техас штаты) шаарларында күчөп жатат.

Америкада жашап, окуп, иштеп жаткан кыргызстандыктар арбын. Тышкы иштер министрлиги массалык башаламандыкта жабыркандардын арасында КР жарандары жок экенин айтты. Sputnik Кыргызстан агенттиги ар кыл штатта жашаган мекендештер менен байланышып, ал жакта түзүлгөн кырдаал жана абалы тууралуу маалымат алды. Айрымдар аты-жөнүн ачыктагысы келген жок.

Кылыч Кыргыз, Чикаго шаарынын жашоочусу: акциялар токтобосо, Трамп армияны киргизерин айтты

— Флойддун өлүмү АКШнын борбордук шаарларында (Даун таун) элдин нааразычылыгын жаратты. Мындай көрүнүш эки-үч күндөн бери Чикаго шаарында да уланууда. Акциялар талап-тоноочулук менен коштолуп жатат. Азыр кечки саат тогуздан эртең мененки алтыга чейин комменданттык саат киргизилди.

Массовые протесты в США из-за смерти афроамериканца Джорджа Флойда - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы башаламандык: митингге ири шаарлар кошулууда
Чикагодо эки-үч миңдей кыргыз жарандары жашайбыз. Бирок, кудайга шүгүр, жабыркаган мекендештер жок. Бүгүнкү күнү нааразычылык акциялары күч алып, Чикагонун борбордук бөлүктөрүнөн четки аймактарга чейин жайылып бара жатат. Бир катар ири дүкөндөрдү, соода түйүндөрүн талкалап, аны талоонго алган бейбаштык иштер да болбой койгон жок. Полиция кызматкерлери акцияга чыккандарды курчоого алып, башка жарандарга залакасы тийбесин деп турушат.

АКШ президенти Дональд Трамп да штат жетекчилигине "эгер башаламандыкты токтото албасаңар, анда мен бийлигимен пайдаланып армияны киргизип, ызы-чууну басам" деген таризде билдирүү таратты.

© AFP / ELSAНью-Джерси штатында нааразычылык акциялары
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нью-Джерси штатында нааразычылык акциялары

Нью-Джерси штатында жашаган кыргызстандык жигит: көбүртүп-жабыртып жатышат

— Учурда Нью-Джерсиде абал жакшы эле. Америкада да революциялар учурунда Кыргызстан тушуккан талап-тоноочулук болду. Бирок негедир абалды өтө курчутуп, көбүртүп чагылдырып жатышкандай сезилет. Саат 20:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин комменденттык саат жарыяланды. Ал эми бул жакта жашаган кыргызстандыктар кадимкидей эле иштеп жатышат. Көбүнчөсү трак айдап, курулуш тармагында эмгектенет.

Бермет Байкелова, Нью-Йорктун жашоочусу: абал курч

— Нью-Йоркто абал курч. Биз жашаган штатта жалаң бай, заманбап райондор, чоң-чоң соода түйүндөрү таланып-тонолуп жатат. Борбордогу таанымал бренд дүкөндөрдү талкалап кетишти. Бир түнгө эле, түнкү саат 11ден эртең мененки 5ке чейин комменданттык саат киргизилген. Комменданттык сааттын убактысы ар бир штатта ар башка коюлду. Анткени убакыт бирдей эмес. Бийлик абалды байкап көрүп, комменданттык саат киргизүү маселесин чечет. Нааразычылык акциялары, бейбаштык жосундар токтобосо, Дональд Трамп катуу чара көрөрүн айтты. Нью-Йоркто ушу тапта үч миңдей кыргыз жашайт. Бизге ызы-чуунун кереги жок. Ошол себептен баары өз иши менен алек. Башаламандыкка көбүнчө жумушу жок, өмүр бою мамлекеттин колун карап отургандар чыгып жатат. Америкадагы кыргыздар мыйзамды сыйлайт, тартиптүү. Акция катышуучуларынын талабы аткарылып, Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери камакка алынды. Ага карабай башаламандык уланып жатканын туура эмес кабылдагандар көп.

Лос-Анджелес шаарында жашап, трак (жүк унаасы) айдап иштеген кыргыз жигит: таксиде иштеген кыргызстандыктарга кыйын болду

Протесты в Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы башаламандыкта кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? ТИМдин жообу
— АКШда кыргыздар көбүнчө шаардын чет жакасында жашайт. Лос-Анджелестин четиндеги мен турган жерде элүү чакты кыргыз бар. Алар көбүнчө такси айдап иштегендиктен, жумушу мурункудай эмес. Пандемияда таксисттердин иши токтоп калган. 1-июндан тарта толук кандуу иштеп башташмак. Бирок ушундай окуялар болуп кетти. Карантинден кийин элдин маанайы ансыз да чыңалып турган. Ал эми Флойддун өлүмү отко май тамгызгандай болду. Бирок "талап-тоноонун аягы жарандык согушка алып келиши мүмкүн" деген сөздөр суу кечпейт го.

Кечээ мен Калифорнияга Нью-Мексика аркылуу келдим. Жол боюндагы бир шаарга кире турган чоң жолду жаап, полицейлер курчап туруптур. Көрсө, акцияга чыккандар чоң жолдо трак айдагандарды тоноп, сабаган учур катталып, токтоткондордон качкан айдоочу бир адамды тебелетип кетиптир. Ошондой эле токтогон эки унаанын айдоочуларын акция катышуучулары тоноп, сабап жатышканда полицейлер келип куткарып калган экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0