Ситуация в Бишкеке во время карантина из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Карааны кетпеген коронавирус. Өлкөдөгү абал тууралуу сүрөт, видео баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус 16 адамдын өмүрүн алды. Вирустун курмандыгы болгондордун арасында дарыгер да бар. Өлкө коронавирус менен күрөшүүдө колунан келген күчүн, аракетин көрүп жатат.

Коронавирустан улам Кыргызстанда мектеп окуучулары төртүнчү чейректи аралыктан окуп бүтүп, Акыркы коңгуроо онлайн-форматта өтмөй болду. Бала бакчалар эки жарым айдан бери иштей элек. Дарыгерлер абал акырындап турукташып келе жатканын айтып, бирок баары бир сак болууга чакырууда.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:07 27.05.2020

Бүгүндөн баштап Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадиону машыгуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча машыгууну стадиондун чуркоочу жолунда гана өткөрүүгө уруксат берилди.

"Машыкчу адамдар коронавирустан сак болуш үчүн 1,5 метр аралыкты сакташы керек. Кызматкерлердин жана стадионго келүүчүлөрдүн дене табы текшерилип турат", — деп айтылат маалыматта.

Бардык каалоочулар күнүгө эртең менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат. Кирүү акысыз. Машыкчулар стадионго спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

 

20:06 27.05.2020
16:55 27.05.2020

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында куткаруучу болуп иштеген сержант Аяз Төрөмурзаев дезинфекциялоо системасын ойлоп таап, жасады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

 

Система дезинфекции изобретенная спасателем МЧС - Sputnik Кыргызстан
Ош: ӨКМдин куткаруучусу дезинфекциялоочу жаңы аппарат жасады
15:25 27.05.2020

“COVID-19 жуккандар менен байланышта болгон аялдарды төрөт үйүнөн дарыгерлер  үйүнө чыгарып жибергендиктен, ушундай абал болду. Азыр оору байланышта болгон адамдардан чыгып жатат”, - деди Нарын облусунун жетекчиси Эмилбек Алымкулов.

15:22 27.05.2020

Нарын шаары - 175

Ак-Талаа району – 19

Нарын району  - 1

Ат-Башы району – 77

Кочкор району – 11

Жумгал району  - 14

Маалыматты Республикалык штаб билдирди

 

Булардын ичинен айыгып кеткендер да болду. Ал эми өткөн суткада Нарын облусунан 17 кишиден COVID-19 чыкты. 

14:48 27.05.2020

Нарын облусунун жетекчилигине сөгүш жарыяланды, облустук медициналык мекемелердин башчыларын иштен алуу сунушу киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланды. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн Республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган.

  Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдордун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берди. 

 

Маалыматты толугу менен Sputnik.kg сайтынан окусаңыз болот. 

14:29 27.05.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 5 млн 593 миӊ 148 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 350 миӊ 509 адам каза болду.

 

  •  АКШ – 1 681 418  (каза тапкандар – 98 929)
  • Бразилия – 391 222  (каза тапкандар – 24 512)
  • Россия – 362 342  (каза тапкандар – 3 807)
  • Улуу Британия – 266 599  (каза тапкандар – 37 130)
  • Испания – 236 259  (каза тапкандар – 27 117)
  • Италия – 230 555  (каза тапкандар – 32 955)
  • Франция – 182 847  (каза тапкандар – 28 533)
  • Германия – 181 200  (каза тапкандар – 8 372)
  • Түркия – 158 762  (каза тапкандар – 4 397)
  • Индия – 151 876  (каза тапкандар – 4 346)

 

Маалыматты Республикалык штаб даярдап, таратты. 

14:27 27.05.2020

Бишкек шаары менен Чүйдөгү сегиз мектепте медициналык бөлмөлөрдү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

 

Тамбовский областной кожно-венерологический клинический диспансер - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
12:41 27.05.2020

Улуттук банктын бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

 "Учурда ал стационарда дарыланууда. Абалы жакшы, оору жеңил формада өтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

 

Деятельность Нацбанка КР - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын бир кызматкеринен COVID чыгып, 40тай киши үй карантинге кетти
12:01 27.05.2020
  •  26 жашта.  Соль-Илецктен келип, 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.
  •   27 жашта. Москвадан келип, 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.
  •  25 жашта. Санкт-Петербургдан келип, 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

 

Бул туурасында Респубиликалык штабдитн кабарлашты. 

11:59 27.05.2020
11:22 27.05.2020
11:19 27.05.2020
10:11 27.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек ш. – 5
• Ош облусунда – 7

Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 299 учур катталды, алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:04 27.05.2020

2020-жылдын 27-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учур катталды:

  • Бишкек ш. – 9 + 2 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
  • Чуй облусу - 3 + 8 Соль-Илецктен келгендерден
  • Ош ш. – 7
  • Ош облусу - 2
  • Баткен облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Нарын облусу - 17
Жаңылыктар түрмөгү
0