https://sputnik.kg/20261031/1104627334.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыкка каршы система сыноодон өткөрүлүүдө, ал шектүү учурларда акча каражаттарын ыкчам бөгөттөөгө мүмкүндүк берет... 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T08:59+0600
2026-10-31T08:59+0600
2026-10-31T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104627168_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a2008017b80900e1cc80a4dba5f6a2e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыкка каршы система сыноодон өткөрүлүүдө, ал шектүү учурларда акча каражаттарын ыкчам бөгөттөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Улуттук банктын киберкоопсуздук башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.Анын айтымында, учурда банктар менен укук коргоо органдарын байланыштырган модуль иштеп жатат. Ал жарандардын арыздарынын негизинде эсептерди бөгөттөө убактысын кыскартууга багытталган.Ал эми толук борборлоштурулган платформаны эмдиги жылы иштеп чыгуу пландалууда. Ага банктар, байланыш операторлору жана укук коргоо органдары кошулуп, алдамчылык фактылары боюнча бирдиктүү маалымат базасын колдонушат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы астында 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга арналган көчмө жыйын болуп өттү. Жыйында мамлекеттик программанын иш-аракеттер планынын долбоору, ошондой эле окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Мындан тышкары, окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Эксперт” аттуу автоматташтырылган маалымат системасы сунушталды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки “Кесипкөй кадрлар” программасынын долбоорун сунуштады. Ага ылайык, учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралууда.Бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. Ошондой эле жаштар үчүн өнөктөш ишканаларда акы төлөнүүчү стажировкалар каралып, бүтүрүүчүлөрдү алгачкы эки жыл бою жумушка алган ишкерлерге субсидия берилет. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда практика өтүүгө шарт түзүлөт. Аны менен бирге чоңдорду үзгүлтүксүз окутуу колго алынып, үч айлык кайра даярдоо, алты айлык квалификацияны жогорулатуу программалары, онлайн-курстар жана билим берүү ваучерлери сунушталат. Жалпысынан 80 миң адамды кайра окутуу пландалууда.Өлкөнүн артыкчылыктуу тармактары болгон өнөр жай, курулуш, зергерлик, санариптик чөйрө жана агроөнөр жай секторлору үчүн 150 миң жумушчу кадр даярдалат. Анын ичинен 100 миң адамга санариптик көндүмдөр үйрөтүлмөкчү.
НАТО, Евробиримдик, Улуу Британия Европада ири согуш чыгарууга болгон күчүн жумшап, айрыкча Балтика жана Кара деңиз тараптан коркунуч келтирип жатат. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтты. "НАТО, ЕБ жана Лондон Европада чоң согуштун отун тутандырууга жан үрөп аракет кылууда. Коркунучтар Балтика менен Кара деңиз тараптан өзгөчө көп", — деди Патрушев Россиянын Аскердик-деңиз флотунун 330 жылдыгына карата "Российская газета" басылмасына берген интервьюсунда. Ал Баты
Интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыкка каршы система сыноодон өткөрүлүүдө, ал шектүү учурларда акча каражаттарын ыкчам бөгөттөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Улуттук банктын киберкоопсуздук башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.Анын айтымында, учурда банктар менен укук коргоо органдарын байланыштырган модуль иштеп жатат. Ал жарандардын арыздарынын негизинде эсептерди бөгөттөө убактысын кыскартууга багытталган.Ал эми толук борборлоштурулган платформаны эмдиги жылы иштеп чыгуу пландалууда. Ага банктар, байланыш операторлору жана укук коргоо органдары кошулуп, алдамчылык фактылары боюнча бирдиктүү маалымат базасын колдонушат.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы астында 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга арналган көчмө жыйын болуп өттү. Жыйында мамлекеттик программанын иш-аракеттер планынын долбоору, ошондой эле окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Мындан тышкары, окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Эксперт” аттуу автоматташтырылган маалымат системасы сунушталды.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки “Кесипкөй кадрлар” программасынын долбоорун сунуштады. Ага ылайык, учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралууда.Бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. Ошондой эле жаштар үчүн өнөктөш ишканаларда акы төлөнүүчү стажировкалар каралып, бүтүрүүчүлөрдү алгачкы эки жыл бою жумушка алган ишкерлерге субсидия берилет. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда практика өтүүгө шарт түзүлөт. Аны менен бирге чоңдорду үзгүлтүксүз окутуу колго алынып, үч айлык кайра даярдоо, алты айлык квалификацияны жогорулатуу программалары, онлайн-курстар жана билим берүү ваучерлери сунушталат. Жалпысынан 80 миң адамды кайра окутуу пландалууда.Өлкөнүн артыкчылыктуу тармактары болгон өнөр жай, курулуш, зергерлик, санариптик чөйрө жана агроөнөр жай секторлору үчүн 150 миң жумушчу кадр даярдалат. Анын ичинен 100 миң адамга санариптик көндүмдөр үйрөтүлмөкчү.НАТО, Евробиримдик, Улуу Британия Европада ири согуш чыгарууга болгон күчүн жумшап, айрыкча Балтика жана Кара деңиз тараптан коркунуч келтирип жатат. Бул туурасында РФ президентинин жардамчысы, Деңиз коллегиясынын төрагасы Николай Патрушев айтты. "НАТО, ЕБ жана Лондон Европада чоң согуштун отун тутандырууга жан үрөп аракет кылууда. Коркунучтар Балтика менен Кара деңиз тараптан өзгөчө көп", — деди Патрушев Россиянын Аскердик-деңиз флотунун 330 жылдыгына карата "Российская газета" басылмасына берген интервьюсунда. Ал Баты
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104627168_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ebca12673d7b3effc19ceb6ea0fcdcb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио