Нарын: медиктер 22 аялды обсервациядан чыгарып жиберип, кайра жаткырышты

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность кризисного центра "Сезим" в Бишкеке
Деятельность кризисного центра Сезим в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 25-майда, дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, экинчи анализдин жыйынтыгын күткөн эмес.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кечээ Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял дарыгерлердин туура эмес маалыматы менен ал жактан чыгып, кайра жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 25-майда, дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, алардын экинчи анализинин жыйынтыгы чыга элек болчу.

"Бул кабар облустук штабга айтылары менен тезинен чара көрүлүп, чыгып кеткен адамдар кайрадан ооруканага жаткырылды. Кимден күнөө кеткени иликтенип, териштирилип жатат. Юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы ЖМКларда "төрөт үйүндө коронавирус чыкканы үчүн аялдардын күйөөлөрү аларды чыр-чатак менен обсервациядан чыгарып кетишкен, төрөткананын эшик, терезесин талкалашкан" деген маалыматты төгүндөдү.

Эске сала кетсек, 14-майда Нарын шаарында жаңы төрөгөн сегиз аялдан коронавирус чыккан. Көп өтпөй облустун Ак-Талаа районуна коронавирусту Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жатып чыккан эки келин алып келгени айтылган. Республикалык ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүндө вирусту жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берген

Обсервация прибывших из Соль-Илецка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот
Нарында 26-майга карата коронавируска чалдыккандардын саны 280ге жетти. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 77, Ак-Талаада 18, Жумгалда 14, Нарын шаарында 148, Кочкордо 11, Нарын районунда 12. Тилекке каршы, бир адам оорунун кесепетинен каза болду.

Жалпы бейтаптардын 128и ооруканадан чыгып, 152си дарыланууда. Ат-Башы жана Жумгал районундагы бейтаптар толугу менен сакайып чыгышкан.

Ал эми обсервацияда 123, үй карантининде 381 адам бар. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны 1590.

Вирус жуктуруп алган жаңы учурлар мурунку ооругандар менен байланышта болгон адамдардан чыгып жатканы айтылды. Ооругандардын ичинде медицина, милиция, мамлекеттик, муниципалдык жана тейлөө ишканаларынын кызматкерлери бар экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0