https://sputnik.kg/20261031/1104632195.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Бишкектин башкы планын өзгөртүп, деталдарын ачыктаган жокПольшада сот системасындагы кризистен улам президент нааразылык акциясына чыктыСадыр Жапаровдун... 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T15:00+0600
2026-10-31T15:00+0600
2026-10-31T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104632029_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c521daf31a9f2dc6265e4dc9580e121c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Бишкектин башкы планын өзгөртүп, деталдарын ачыктаган жокПольшада сот системасындагы кризистен улам президент нааразылык акциясына чыктыСадыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады
Президент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркияга болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Президенттер ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган “Мураскер” скульптурасы коюлган. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган. Саммиттин жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту. Түркияга болгон иш сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.
Минкабдын Бишкек шаарынын башкы планын өзгөрткөн токтому "Эркин-Тоо" гезитинин 27-октябрдагы санына жарыяланды. Документке ылайык, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын биринчи тиркемеси жаңы редакцияда берилген. Бирок гезитке тиркеменин өзү чыккан эмес. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көңүл буруп, шаарда кайсы жерлерге курулуш жүргүзүүгө болорун, имараттардын бийиктигин, турак жай жана өнөр жай аймактарын аныктаган негизги чийме өзгөртүлгөнүн билдирди. Бирок жаңыланган чийме мэриянын жана Курулуш министрлигинин расмий сайттарында да жок. Ошондой эле депутат документ долбоорунун коомдук талкуудан өткөндүгү тууралуу эч кандай маалымат таба алган эмес. Бекешев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине депутаттык суроо-талап жөнөтүп, эски жана жаңы чиймелерди берүүнү, өзгөртүүлөр кайсы аймактарга тиешелүү экенин жана документ эмне үчүн коомдук талкууга коюлбаганын түшүндүрүүнү талап кылды.
Бишкекте 8-ноябрда быйылкы жылдагы велосезондун жабылышы өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат. Веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан башталып, "Газпром — балдарга" комплексинин жанында аяктайт. Маршруттун узундугу — 5,4 чакырым. Катышуучуларды каттоо паркта саат 8:30дан 9:45ке чейин болот. Веложүрүш учурунда Токомбаев проспектинин (Түштүк магистраль) түндүк тарабы убактылуу жабылат.
Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул жыйын чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Навроцкий укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттун аймагынан чыгып кетүүгө чакырып, аларды өкмөт жөнөткөн "күч колдонуучулар" деп атады. Маалыматка караганда, президент өзү соттун имаратында калган. Нааразылык акциялары октябрдын ортосунда парламент Конституциялык соттун судьялыгына Мачей Беректи шайлагандан кийин башталган. Өкмөткө жана парламентке оппозицияда турган Навроцкий анын антын кабыл алуудан баш тарткан. 30-октябрда соттун сайтында мекеменин төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартломей Соханьскийдин ыйгарым укуктары токтотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок соттун X социалдык тармагындагы баракчасында бул маалымат четке кагылып, окуя мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары бааланган.
Өкмөт Бишкектин башкы планын өзгөртүп, деталдарын ачыктаган жокПольшада сот системасындагы кризистен улам президент нааразылык акциясына чыктыСадыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктадыПрезидент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркияга болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Президенттер ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган “Мураскер” скульптурасы коюлган. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган. Саммиттин жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту. Түркияга болгон иш сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.Минкабдын Бишкек шаарынын башкы планын өзгөрткөн токтому "Эркин-Тоо" гезитинин 27-октябрдагы санына жарыяланды. Документке ылайык, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын биринчи тиркемеси жаңы редакцияда берилген. Бирок гезитке тиркеменин өзү чыккан эмес. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көңүл буруп, шаарда кайсы жерлерге курулуш жүргүзүүгө болорун, имараттардын бийиктигин, турак жай жана өнөр жай аймактарын аныктаган негизги чийме өзгөртүлгөнүн билдирди. Бирок жаңыланган чийме мэриянын жана Курулуш министрлигинин расмий сайттарында да жок. Ошондой эле депутат документ долбоорунун коомдук талкуудан өткөндүгү тууралуу эч кандай маалымат таба алган эмес. Бекешев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине депутаттык суроо-талап жөнөтүп, эски жана жаңы чиймелерди берүүнү, өзгөртүүлөр кайсы аймактарга тиешелүү экенин жана документ эмне үчүн коомдук талкууга коюлбаганын түшүндүрүүнү талап кылды.Бишкекте 8-ноябрда быйылкы жылдагы велосезондун жабылышы өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат. Веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан башталып, "Газпром — балдарга" комплексинин жанында аяктайт. Маршруттун узундугу — 5,4 чакырым. Катышуучуларды каттоо паркта саат 8:30дан 9:45ке чейин болот. Веложүрүш учурунда Токомбаев проспектинин (Түштүк магистраль) түндүк тарабы убактылуу жабылат.Польшанын президенти Кароль Навроцкий Конституциялык соттогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда чукул жыйын чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Навроцкий укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттун аймагынан чыгып кетүүгө чакырып, аларды өкмөт жөнөткөн "күч колдонуучулар" деп атады. Маалыматка караганда, президент өзү соттун имаратында калган. Нааразылык акциялары октябрдын ортосунда парламент Конституциялык соттун судьялыгына Мачей Беректи шайлагандан кийин башталган. Өкмөткө жана парламентке оппозицияда турган Навроцкий анын антын кабыл алуудан баш тарткан. 30-октябрда соттун сайтында мекеменин төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартломей Соханьскийдин ыйгарым укуктары токтотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок соттун X социалдык тармагындагы баракчасында бул маалымат четке кагылып, окуя мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары бааланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104632029_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ac2df0ae8389a3d15f60bbb82a1aadbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио