https://sputnik.kg/20261031/1104635379.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болотЛавров Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага... 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T17:00+0600
2026-10-31T17:00+0600
2026-10-31T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104635213_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7c8131cdd92933ad31497f7ace38ab00.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болотЛавров Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керектигин айтты Түрк дүйнөсүндөгү аял окумуштуулардын тармагын түзүү сунушталды
Анкарада түрк дүйнөсүндөгү аялдардын дипломатиядагы ролу талкууланды Анкарада өткөн Түрк дүйнөсүндөгү диалог форумунун алкагында «Түрк дүйнөсүндөгү дипломатиядагы аялдар» аттуу панелдик талкуу уюштурулду. Ага Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Гүлнара Ботоканова катышты. Ал түрк мамлекеттеринде аялдардын саясий, илимий жана дипломатиялык чөйрөдөгү ролун кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, Түрк дүйнөсүнүн аял окумуштуулары жана новаторлорунун тармагын түзүүнү сунуштады. Ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, гранттарды көбөйтүү жана жаш аял адистердин академиялык, кесиптик алмашуусун кеңейтүү маселелери көтөрүлдү. Форумдун катышуучулары аялдардын дипломатияга жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.
Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот Долбоорду “Тез жол” компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан ашкан жол төрт тилкелүү болот. “Учурда инженердик курулмалар 80%, жер иштери 50% бүткөн. Жолдон өтүү үчүн акы төлөө керек болот. Кире бериште унаанын мамлекеттик номери катталып, чыгып бара жатканда төлөм алынат. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, акынын орточо баасы 500 сомдой болот”, — деди “Тез жол” компаниясынын жетекчиси Русланбек Кайымбаев. Анын айтымында, компания жолду 1,5 жыл ичинде куруп, андан кийин дагы 28,5 жыл пайдаланат. 30 жылдык мөөнөт аяктаган соң жол бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекетке өтөт.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту. Агенттиктен билдиришкендей, Сабиров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, инвестициялык темаларды чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар ЖМК өкүлдөрүнө ардак грамоталарды тапшырды. Равшанбек Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, так жана өз убагында берилген маалымат коомчулукка өлкөдөгү экономикалык процесстерди түшүнүүгө, ал эми потенциалдуу инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга шарт түзөт.
Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керек. Ал эми анын Россияга сокку уруу боюнча позициясы Абу-Дабидеги жолугушууга даярдык көрүүгө тоскоол болууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров Атлантада өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында дагы бир катар билдирүүлөрдү жасады.Белгилей кетсек, Сергей Лавров 30–31-октябрда Атланта шаарында өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 89 тыйынгаюань 13 сом 14 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ 1-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас өрөөнүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен аймагында +15...+20, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +10...+15 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +16...+18, Ош шаарында +28...+20 градуска жылуу болот.
Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болотЛавров Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керектигин айтты Түрк дүйнөсүндөгү аял окумуштуулардын тармагын түзүү сунушталдыАнкарада түрк дүйнөсүндөгү аялдардын дипломатиядагы ролу талкууланды Анкарада өткөн Түрк дүйнөсүндөгү диалог форумунун алкагында «Түрк дүйнөсүндөгү дипломатиядагы аялдар» аттуу панелдик талкуу уюштурулду. Ага Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Гүлнара Ботоканова катышты. Ал түрк мамлекеттеринде аялдардын саясий, илимий жана дипломатиялык чөйрөдөгү ролун кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, Түрк дүйнөсүнүн аял окумуштуулары жана новаторлорунун тармагын түзүүнү сунуштады. Ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, гранттарды көбөйтүү жана жаш аял адистердин академиялык, кесиптик алмашуусун кеңейтүү маселелери көтөрүлдү. Форумдун катышуучулары аялдардын дипломатияга жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот Долбоорду “Тез жол” компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан ашкан жол төрт тилкелүү болот. “Учурда инженердик курулмалар 80%, жер иштери 50% бүткөн. Жолдон өтүү үчүн акы төлөө керек болот. Кире бериште унаанын мамлекеттик номери катталып, чыгып бара жатканда төлөм алынат. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, акынын орточо баасы 500 сомдой болот”, — деди “Тез жол” компаниясынын жетекчиси Русланбек Кайымбаев. Анын айтымында, компания жолду 1,5 жыл ичинде куруп, андан кийин дагы 28,5 жыл пайдаланат. 30 жылдык мөөнөт аяктаган соң жол бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекетке өтөт.Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту. Агенттиктен билдиришкендей, Сабиров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, инвестициялык темаларды чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар ЖМК өкүлдөрүнө ардак грамоталарды тапшырды. Равшанбек Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, так жана өз убагында берилген маалымат коомчулукка өлкөдөгү экономикалык процесстерди түшүнүүгө, ал эми потенциалдуу инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга шарт түзөт.Зеленский Путин менен жолугушууну кааласа, Москвага келиши керек. Ал эми анын Россияга сокку уруу боюнча позициясы Абу-Дабидеги жолугушууга даярдык көрүүгө тоскоол болууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров Атлантада өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында дагы бир катар билдирүүлөрдү жасады.Белгилей кетсек, Сергей Лавров 30–31-октябрда Атланта шаарында өткөн G20 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 89 тыйынгаюань 13 сом 14 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАБА ЫРАЙЫ 1-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас өрөөнүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен аймагында +15...+20, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +10...+15 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +16...+18, Ош шаарында +28...+20 градуска жылуу болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1f/1104635213_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1e5596fc884637d4b76872894341d393.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио