Вирус жуктуруп алган медиктерди министрлик жаап-жашырып жатабы? Расмий жооп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев үйдөн дарыланган учур өтө кейиштүү формага алып келерин медиктер өздөрү жакшы билерин белгиледи.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерин жаап-жашырган жок. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Андан онлайн маалымат жыйын учурунда модератор бул суроонун чын-бышыгын сураган.

"Саламаттык сактоо системасында андай нерсени колдонбойбуз. Мунун бизге кажети жок, туура эмес деп эсептейм. Эгер медиктер оорусун жашырган учур болсо, маалыматтар да тез чыкмак. Коронавируска шектелгени, ооруганы обсервация менен стационарларда жатат. Үйдөн дарыланган учур өтө кейиштүү формага алып келерин медиктер өздөрү жакшы билет", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда бир сутка ичинде үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 235 болду. Анын 180и ооруканадан айыгып чыккан.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1006га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Центр НМИЦ здоровья детей Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Көбү Бишкекте. Бир суткада коронавирус жуктурган 13 бейтап айыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0