Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,8 млн. сому дарыгерлерге берилет

© Фото / Министерство Здравоохранения КРВрачи Бишкека присоединились к мировому "коронавирусному" флешмобу.
Врачи Бишкека присоединились к мировому коронавирусному флешмобу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын депозиттик эсеп ачылган. Ага жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражатты жана гуманитардык жардамды туура бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлгөн.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө чегерилген каражаттын бир бөлүгү өлкөнүн медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мындай чечимди атайын эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алган.

"Бүгүнкү күндө атайын эсепке 61 миллион 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 миллион 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын депозиттик эсеп ачылган. Ага жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражатты жана гуманитардык жардамды туура бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлгөн.

Коронавирус Кыргызстанда

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлерге сый акы, аткаминерлерди жазалоо. Жээнбеков өкмөткө сунуш берди
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0