Сүйүнчү! Кыргызстанда алгачкы 3 бейтап коронавирусту жеңди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМедициналык борбордун дарыгерлери пробаларды карап жаткан убакытта
Медициналык борбордун дарыгерлери пробаларды карап жаткан убакытта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, өлкөдө 84 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар ооруканада дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктуруп дарыланып жаткан үч бейтапты бүгүн, 30-март күнү, ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Бул маалыматты облустук клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кумарбек Ботокараев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында алардан коронавирус табылган эмес. Үч бейтап аталган ооруканада эки жума дарыланышты. Алар Сузак районунун 62, 46 жана 44 жаштагы тургундары. Учурда абалдары жакшы.

"Бардык анализдин жыйынтыгы боюнча, үч бейтаптан коронавирус табылган жок. Рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык. 30-март күнү түштөн кийин бул үч жаранды ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатат", — деди Ботокараев.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Ухане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0