Кыргызстанда коронавирус жуктурган балдар көбөйүүдө

© AFP / JAY DIRECTOОоруканадыгы ымыркай. Архив
Ооруканадыгы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-март күнү вирус жуктуруп алгандардын саны 107ге жетсе, алардын ичинен 11и жаш балдар. Булар 15 жашка чейинкилер.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

31-март күнү вирус жуктуруп алгандардын саны 107ге жетсе, алардын ичинен 11и жаш балдар.

“Булар 15 жашка чейинки балдар. Арасында экөө бир жашка чейинки наристе”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы коронавирус

Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?
Буга чейин Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94 болчу, бүгүн 107ге жетти. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе ӨА тартиби уланары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0