Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы COVID-19: өлкөдө бүгүн абал кандай. Тексттик баян, сүрөт, видео

Жазылуу
Учурда дүйнөдө кырдаал күн сайын өзгөрүп, коронавирус жуктуруп, ооруп калгандар улам көбөйүүдө. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Тилекке каршы, 30-мартта COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 84кө жетип, ага Нарын дубаны кошулду.

Буга чейин вирустун жайылышын токтотуу максатында Кыргызстандын эки облусунда, үч шаарында жана үч районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү коронавирус кырдаалы жана өзгөчө абал киргизилген аймактардан алынган маалыматтарды жана дүйнөлүк абалды тексттик трансляция менен баяндап турмакчы.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:44 30.03.2020

31-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Алардын катарына КТБлар жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет

21:40 30.03.2020
20:49 30.03.2020

"Бүгүнтөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, коюлган постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз", - деп айтылат таратылган билдирүүдө.

 

Запрет на выезд и въезд в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду
19:16 30.03.2020
18:47 30.03.2020
18:36 30.03.2020
18:26 30.03.2020

 Карантиндин тартибин жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкекте 410 жөө патруль түзүлдү.

"Ар бир каттамга бирден офицер жана экиден сержант бекитилген, алар көчөдө жүргөн адамдарды эмне себептен жүргөнүн текшерет. Баары жайында болсо, адамдарды үйлөрүнө чейин узатып коюшат. Эгерде абал курчуп кетсе, чектөөлөр дагы да күчөтүлөт" - деп билдирди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

18:15 30.03.2020

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында бир жашка чейинки эки ымыркай бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

 

18:01 30.03.2020

Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу көбү Таласка агылып келип жатат.

 

Арка у автодороги в Таласской области  - Sputnik Кыргызстан
Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды
16:18 30.03.2020

Кыргызстандын Инчхон шаарындагы бизнесмендеринин союзу, ишкер Эмилбек Калилов жана КРдин Кореядагы Элчилигинин кызматкерлери  мекениндеги коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын эсебине 9 000 доллар которушту.

Маалыматты аталган элчилик таратты. 

 

16:13 30.03.2020

"Биз жарандарды үйдө болууга, өтө зарыл болбосо сыртка чыкпоого чакырабыз. Практикада көрсөтүлгөндөй, бир адам ооруса үй-бүлөсүндөгү үч адам коронавирусту жуктуруп алууга дуушар болот", - Саламаттык сактоо министри   Чолпонбаев.

16:11 30.03.2020
16:04 30.03.2020
16:00 30.03.2020
16:00 30.03.2020

Көк түстөгүлөр — аны алгандар шаар ичинде 24 саат бою жүрө алышат.

Кызыл түстөгүсүн алгандар саат 7.00дөн 20.00гө чейин, мамлекеттик кызматкерлерге, ишкерлерге берилет.

Сары түстөгүсү менен медиктер, банк кызматкерлери жүрө алат. 

 

15:55 30.03.2020
15:52 30.03.2020

Боронов: Бул кырдаал маселени чечүү жалгыз өкмөттүн колунда эмес. Мамлекеттин органдар, медкызматкерлер канчалык аракет кылбасын, берилген көрсөтмөлөрдү эл так аткарбаса, эмгек  талаага кетет.

“Оорусак да, оорубасак да, бири-бирибизден алыс туруп, көрсөтмөлөрдү аткаралы. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Биргелешип туруп жеңели”, - деди Боронов.

15:45 30.03.2020

Боронов: ТИМдин Дипломатиялык корпусунан тактайлы. Ал эми колунда билети барларды алып чыктык. Россиядан автотранспорт менен келебиз дегендер убара болбосун. Алар башка мамлекеттердин аймагынан – транзит менен келгендиктен, өтө албайт.

15:44 30.03.2020

Өкмөттүн буйрутмасына ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү иштерине тартылган кызматкерлерден башка мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлери аралыктан иштөөгө кое берилиши керек же эмгек өргүүсүнө чыгышы керек.

Бул маалыматты Республикалык штаб таратты. 

15:42 30.03.2020

"Өзгөчө абал мезгилинде соттук система толугу менен иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда соттордун нөөмөттө турган гана кызматкерлери иштеп жатат”", - деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

15:33 30.03.2020

Министр дүйнөлүк тажрыйба боюнча жугуштуу ооруларды тастыктоо мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөрүн айтты. 

“Бизде анализди өзүбүз чыгарганга мүмкүнчүлүк бар, анын үстүнө бул жарандарга бекер жасалат. Жеке тараптар муну алып барабыз десе, туура эмес иш болуп калышы мүмкүн. Эгерде жасай турган болсо, биз менен биргелешип, келишимдин негизинде иш кылышы керек. Бул мамлекеттин көзөмөлүндө болушу зарыл”, - деди Чолпонбаев.  

15:32 30.03.2020

Чолпонбаев: Өлкөдө лабораториялык изилдөөлөрдү 9 вирустук лаборатория 13 ПЦР менен ишке ашырат.
Экспресс-ыкма менен лабораториялык изилдөөлөрдөн 5380 адам өткөн, анын ичинен 45 адамдан вирус чыккан. ПЦР изилдөө боюнча 13682 адамдан анализ алынып, 94 адамдан вирус чыккан. Калгандарыныкы терс жыйынтыкты көрсөткөн.

15:27 30.03.2020

“Эч ким алдын ала айта албайт, башка өлкөлөрдүн абалын көрдүк. Кыргызстанда биринчи эле күндөн тарта чек араны жаптык. Азыркы милдет - бүгүн өз учурунда вирус жуктургандарды таап, аларды дарылоо. Ага аракет кылуудабыз. 

Көзөмөлдөп, тарап кетпесин деп иштеп жатабыз. Жогоруда белгилегендей, эч ким эч нерсе биле албайт. Ири мамлекеттердин бири Россия да азыр айта албай жатат”, - деди Чолпонбаев.

Боронов да өзүнүн жообун берип, төмөнкүлөрдү айтты. 

"Эч кандай жашыруу деген жок. КРде эч нерсени жашырып болбойт. Бул - биздин коомдун жакшы жагы.  Бүгүнкү күндө 13 000ге жакын анализ алынды. Алардын баарынын жыйынтыгы чыгышы керек. Учурда 8000ге чукулу күтүп жатат. Кокус,  абал жаман болуп кетсе” деген да нерсе бар. Бардыгына даяр болуш керек”, - деди Боронов.

 

 

15:11 30.03.2020

“Коронавирустун экинчи категориядагы адамдарга жугуу кооптуулугу азыраак болуп жатканы байкалууда. Оору биринчи категориядагыларга жугуп жатат”, — деди Боронов.

15:06 30.03.2020

"Кечээ, 29-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 26 адамдын көбү өлкө ичинде жүрүп жуктуруп алган", - деди министр Чолпонбаев.

Алардын көбү мурунку ооруган кишилердин жанында жүргөн жакындары болуп жаткандыгы айтылды.

 

15:05 30.03.2020

“Алар үйлөрүнө жиберилген жок. Бардыгы кыргызстандыктар. Бишкек шаарындагы үч мейманканага жайгаштырылган”, - деди Чолпонбаев.

15:02 30.03.2020

“Борбордо, шаарда жашап кичи мекенине, айылдарына барам деген жарандар чыгып жатат. Аларга чоң өтүнүч менен кайрылам. Таза аймактарга барбай тургула, ооруну алып кирүү кооптуулугун жаратпагыла дээр элем”, - деди Боронов.

14:53 30.03.2020

“Биз ооруну таралышын азайтып, ооругандар менен байланышка барган адамдарды тактап, үй карантинге отургузулуп, алар да башкалар менен байланышпаса өзгөчө абал алынышы мүмкүн”, - деди Боронов.

“Эгерде COVID-19 боюнча жаңы катталгандар азайса, ички таралуу төмөндөсө, бул да өзгөчө абалдын алынышынын критерийлердин бири болот”, - деди Чолпонбаев.

14:52 30.03.2020

Чолпонбаев кечээ келген учак менен келген 401 бир адам да медициналык кароодон өткөнүн, шек санаткан жараткандар өзүнчө бөлүп жайгаштырылгандыгын айтты. Алардын анализи эртең чыгарын кошумчалады.

14:49 30.03.2020

“Эртең 50 миң даана экспресс-тест келет. Бул жактан маселе болбойт. Өзүбүз сатып алып, донорлор  жана демилгелүү жарандар берип жатат”, - деди Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Ал экспресс-тесттер кечээ келген 401 адамга колдонулгандыгын айтты.

14:41 30.03.2020

“Чет жердеги кыргызстандыктарды мамлекет даярбы, даяр эмеспи, баары бир кабыл алат. Сыртка тыштап салбайт. Чет мамлекетте жашап-иштеп жүрүп мекенине келем деген кыргызстандыктарды  тосуп алып, тиешелүү медициналык кароодон өткөрүп, кам көрөбүз, кабыл алабыз”, - деди Боронов.

14:26 30.03.2020

Коронавирус табылган Нарын шаарынын тургуну аэропорттон дене табы ченелип гана кое берилген экен, эмнеге обсервацияга жаткырылган эмес деген суроо берилди.

“Ал кирген учурда Пакистан биринчи категорияга кирген эмес. Ал бирок 150 кишиге жакын адам менен байланышкан делүүдө. Бул эми ал кишинин жарандык жоопкерчилиги”, - деди Боронов.

Ал жоопкерчиликке тартылабы деген суроого төмөнкүчө жооп берди.

“Давааттан келип, коронавирус табылган жаран үй карантине отурам деген документке кол койсо, анын тартип бузса, жоопкерчиликке тартылат”, - деди ал.

14:25 30.03.2020

Жалал-Абадда - 40  

Сузак районунда  - 36

Ала-Бука районунда  - 3

Аксы районунда – 1

Ош  шаарында – 33

Баткен облусунда – 1

Бишкек шаарында – 10 адам.

14:15 30.03.2020

Обсервациядагы кишилердин саны:

401  – Бишкекте

115 – Чүй облусунда

125 - Ош шаарында

231 – Ош облусу

79 -Жалал-Абад облусу

199  - Баткен облусу

108 – Нарын облусу

146 – Талас облусу

155 киши - Ысык-Көл облусунда. 

Бул ооруган адамдар менен байланышта болгондордун саны. 

 

14:13 30.03.2020
14:12 30.03.2020

Боронов: Жалпсынына 13302 адамдан анализ алынды. Алардын ичинен 94 кишиден COVID -19 чыкты. 7013 жарандын анализи оору жок деп чыкты.

14:07 30.03.2020
13:54 30.03.2020

“Эл себепсиз сыртка чыкканын токтотушу керек”, — деди Боронов.

 

13:49 30.03.2020

30-мартта, Кыргызстандын аймагында COVID-19 жуктургандардын саны 10го көбөйдү. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

13:49 30.03.2020
13:48 30.03.2020
13:26 30.03.2020
Питание военнослужащих и сотрудников министерств КР выполняющих задачи на блокпостах  - Sputnik Кыргызстан
12:53 30.03.2020
12:47 30.03.2020

"Бардык анализдин жыйынтыгы боюнча үч бейтаптан коронавирус табылган жок. Рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык. 30-март күнү түштөн кийин бул үч жаранды ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатат", — деди Ботокараев.

 

Тестирование на коронавирус в Забайкалье - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Кыргызстанда алгачкы 3 бейтап коронавирусту жеңди
12:37 30.03.2020

Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери гүл көчөттөрүн борбордук аянтка отургузуп жатышат.

12:02 30.03.2020
12:01 30.03.2020

Түштүк аймакка бир айга  дарыгерлер - инфекционисттер, реаниматолог-анестезиологдор, пульмонологдор жөнөп кетти.

 

11:59 30.03.2020

Ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн колду самындап жууп же антисептикалык каражат менен тазалоону унутпагыла.
Таза колдор - ден соолуктун булагы!

11:35 30.03.2020
11:01 30.03.2020
10:56 30.03.2020

“Айыл жергесинен Ош шаарынын ооруканасына кайрылууну каалаган жарандардын жанында паспорту (паспортунун көчүрмөсү) жана жашаган аймагындагы ооруканадан жолдомо кагазы болсо, санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтө алышат.

Биз ооруп жаткан адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз”, - деди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Нурдинов.

10:28 30.03.2020

"Урматтуу жашоочулар, бүгүнкү күндө илдеттен илдеттен арылуу үчүн тартип менен жашап жатсыздар, ага терең ыраазылык билдирем.

А негизи суроолор жаралса кайрылыңыздар, адамбыз, бири-бирибизге кол сунушубуз керек. Ар бириңиздерге жардам бергенге аракет кылабыз", - деди Нурдинов. 

10:27 30.03.2020

Бул туурасында комендант Малик Нурдинов түз эфир учурунда айтып берди.

“Буга чейин 2000ге чукул автоунаа ээлери уруксат кагаздарын алган. Анын 1500ү муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, демилге топтордун өкүлдөрү эле. Бул документ 25-мартта берилген. Алар  күндүзгү гана каттамга жарайт. Тагыраагы аны менен күндүз гана жүрө аласыздар.

Бүгүнтөн тарта 500гө чукул дагы уруксат кагазы милиция, медицина, байланыш кызматкерлерине берилип жатат. Тагыраагы муну менен  күнү-түнү жүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ал көк түстө”, - деди комендант Нурдинов. 

10:15 30.03.2020

Комендант Малик Нурдинов  түз эфирге чыгып Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун  маселелерин да чечип берип жатканын байкоого болот.

10:10 30.03.2020

Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун  коменданты Малик Нурдинов  түз эфирге чыгып, маалымат берүүдө.

"Бир суткада Ош облусу, Ош шаары боюнча түндө абал туруктуу өттү. Коменданттык саатта 13 киши кармалып, эскертүү берилди. Адашып калгандарын үйүнө жеткирип койдук.

Менимче, эл тартипти түшүнө баштады. Кечээ коменданттык саатта кармалган кишинин саны 45, мурдагы күнү 80 болсо, кечээ бир топ азайды. Жарандар түшүнө баштады. Илдетти  тартип, сабырдуулук менен жеңебиз. 15-20 күн чыдап турасаңыздар, мурдагы тартипке өтөбүз деген үмүттөбүз”, - деди Нурдинов.

09:57 30.03.2020
09:24 30.03.2020
09:17 30.03.2020

Журналисттердин саламаттык коопсуздугу үчүн алардын шаар ичинде ээн жүрүшүнө аккредитация бере албастыгын айтты.

"Кырдаалды анализдеп чыктык.Сиздердин ден соолукту ойлоп, аккредитация бербөөнү чечтик. Аралыктан туруп эле иштесеңиздер болот. Башка чет өлкөлөрдө да ушундай практика каралууда. Журналисттердин толук иштеши үчүн онлайн-бирифингдер, онлайн-маалымат жыйындары өтүп турат. Туура түшүнөт деп ойлойбуз. Маалыматтык колдооңорго ыраазылык билдирем", - деди Орозалиев. 

Анткен менен буга чейин комендант Орозалиев журналисттердин кыймылына чек коюлбай тургандыгын айткан. 

09:17 30.03.2020

Комендант себепсиз эшикке, көчөгө чыкпоону өтүндү.

"Бүгүн күчөтүлгөн тартипте кайгуул милициясы көчөлөрдү жүрүп текшерет.Үч эле себеп менен: дүкөнгө, дарыканага жана медициналык кызматтын жардамына кайрылуу үчүн чыксаңар болот", - деди ал.

09:14 30.03.2020

Орозалиев: Бүгүнтөн тарта электрондук уруксат системасын киргизибиз. Тагыраагы, жаран үйдө отуруп аны толтурууга мүмкүнчүлүк жаралат. Суроолор үчүн 1312 кыска номерине чалсаңыздар болот.  

09:10 30.03.2020

Орозалиев: Бишкек шаарында коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу, көзөмөлдө. Түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 122 адам кармалды, 97 эркек, 23 аял. Алардын арасында 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм бар. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган. 

09:08 30.03.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0