Профилактика коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус Кыргызстанга жетти. Учурда абал кандай

Жазылуу
Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 197 миңден ашты. Кыргызстанда үч киши бар.

16-марттан тарта Кыргызстанда мектептер менен ЖОЖдор үч апталык карантинге жабылган. Ошондой эле түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик клубдар ишин токтотту.

Өкмөт 16-марттан тарта күн сайын коронавирус боюнча Кыргызстандагы абал тууралуу маалымат берип турарын кабарлаган.

Sputnik Кыргызстан жыйындан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
16:47 18.03.2020

Министрдин орун басары каалаган адамдар коронавирус боюнча тестти акы төлөп пайдалана алабы деген суроого "ооба" деп жооп берди.

16:46 18.03.2020

Исаков: КРде кайра жандандыруучу аппараттар жетиштүү. 624 аппарат бар. Эртең келишимге кол коюлса, Дүйнөлүк банктын каражатына дагы алабыз.

16:42 18.03.2020

Министрдин орун басары 500 миңдей медициналык бет кап бир апта мурда дарыканаларга таратылган деп айтты. Анда 10 сомдон ашык сатылбасын деген эскертүү берилген.

"Бет капты ооруган адам гана тагынышы керек. Мен деле маскасы жок келдим. Дүрбөлөңгө түшпөө керек", — деди Исаков.

16:35 18.03.2020

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 7000 тест-система бар. 5000ин Россиядан алдык. Дагы 10 000 тест-система сурадык.

16:34 18.03.2020

“Азырынча вирустун жайылып кетүү кооптуулугу жок. Кыргызстанга өзгөчө абал киргизүүгө азарынча негиз жок деп эсептейм” деди саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда.

16:32 18.03.2020

Исаков: Өзгөчө абал эгерде вирус тез тарап кетсе кабыл алынат.

16:31 18.03.2020

Вирус жуктургандарды абалы боюнча: жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылдар жок.

16:31 18.03.2020

Төлө Исаков: Сауд Аравия буга чейин III категореига киргендиктен, кичи ажылыктан кайтып келгендер карантинге алынган эмес.

16:30 18.03.2020

Карантинге алынгандар үчүн өлкө боюнча 1600 койка даярдалган. Учурда обсервацияда 321 адам жатат.

16:27 18.03.2020

Төлө Исаков: үй карантинине алынгандарга коюлган шарт төмөнкүчө: медиктердин байкоосунда болот. Кандайдыр бир той же элди чогултса жоопкерчиликке тартылат. Эки жакка чыкканга болбойт, кошуналарга, башка айылдарга бара албайт, короосунан да чыкпашы керек.

16:24 18.03.2020

Бул жерде айылдагылардын баары эле байланышта болгон. Бирок контактыга баргандар деп үйүндөгүлөрдү, жанындагыларды санайбыз.

16:21 18.03.2020

Исаков: биздин жарандар кооптуу мамлекетке барып келди. Ар бир жаран үйүнө барганга укуктуу да. Оору тарап кетти дегенибиз туура эмес.

16:16 18.03.2020

Соңку бир айдын ичинде Умрадан 1000ден ашуун адам келген.
Ал эми коронавирус жуктурган үч адам менен кошо келген 135 адам Кыргызстандын бардык аймагына жашайт. Нарында, Ысык-Көлдө бирден, Чүйдө 10-15 адам, көбүнчөсү Бишкек шаарында, Ошто жана Жалал-Абад облустарында болду.

16:14 18.03.2020

Исаков: өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар ар бир облуста жетиштүү деп айта алам. Кошумча алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүп жатабыз.

16:12 18.03.2020

Исаков: умрага турист катары кетишет, андыктан маалыматтар азыраак. Алардын арасында депутаттардын бир тууганы, аялы, эжеси, губернатордун кызы бар экен. Алардын баарын бирдей карантинге алып жатабыз. Кызматына, даражасына караган жокпуз.

16:07 18.03.2020

Төлө Исаков: тестсистема бизде жетиштүү. Россия, Япония, Түштүк Корея бул жаатта жардам берүүдө. Биринчи кезекте тесттен оору көп тарап жаткан өлкөдөн келгендер өтөт. Өлкөдөн сырткары мамлекеттерге чыгып келгендер да тесттен өтө алат. Андан сырткары, Корея, Япония жана башкалардан да келип түштү. Бирок жардамдын негизги бөлүгү Россияга туура келет. Алар тест-системаны дагы бере тургандыктан айтышты.

16:01 18.03.2020

Исаков: Башка кургак учук, кызамык сыяктуу кооптуу оорулар бар. Алар адам өлүмүнө алып келип жатат. Коронавирустун вакцинасы жок болгондуктан кооптуу болуп турат.

15:59 18.03.2020

Төлө Исаков: соцтармакта тамашалап ойнобойлу. Бул илдет тамаша эмес.

15:58 18.03.2020

Исаков: Коронавирус боюнча маселе дүйнө боюнча кооптуу, кээ бир мамлекеттерде миндеп катталган. Кыргызстанда туруктуу деп айтар элем.

15:56 18.03.2020

Исаков: болору болду, мындан жаманды да көргөнбүз, дүрбөлөңгө төшпөгүлө. Куш тусоосу жана чочко гриби башыбыздан өткөн.

15:53 18.03.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков: 135 адамдын баарын таап текшерүүгө жаткырдык.

15:38 18.03.2020

Коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар тыкыр көзөмөлгө алынган.

"Алардын дене табы маал-маалы менен көтөрүлүп жатат. Бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Айгерчинова.

15:36 18.03.2020

Ал арада Жалал-Абад облусуна мобилдүү лаборатория алып келине турганы маалым болду. Бул тууралуу Республикалык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин борборунун директору Сабыржан Абдукеримов билдирди.

Маалыматка ылайык, мобилдүү лабораторияда анализ алынып, андан соң борборго жөнөтүлөт. Анын бир күн ичинде 100 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Өлкөдө жалпы үч мобилдүү лаборатория бар, анын бири Ош шаарына берилген.

15:30 18.03.2020

Азыр саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат бере турганы айтылды.

14:35 18.03.2020

Мындай маалыматты өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ага ылайык, Баткен районунда жети, Кадамжай районунда бир адам ооруканада. Алардан анализ алынып, коронавирустун белгилери табылган эмес.

Облус жетекчиси Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерди чогултуп, карантинге алынган адамдардын абалын текшерүүгө алуу, жакындары менен байланышына тыюу салууга милдеттендирди. Мындан тышкары, бардык медициналык жардамдарды көрсөтүү, алардын жашаган үй-жайын, коомдук жайларды, транспортторду дезинфекциялоо тапшырылды.

Баткен облусунда учурда азык-түлүк, медициналык каражаттар, дары-дармектер боюнча тартыштык жок.

14:11 18.03.2020

Бүгүндөн тарта Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекеме менен ишканаларга сырттан келген жарандардын киришине чектөө коюлду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык мэриядан тастыкташты.

Ага ылайык, учурда мэриянын имаратына кызматкерлерден башка бөлөк адамдар киргизилбей жатат. Эми алар менен телефон аркылуу гана байланышып иштөөгө болот.

Башка мекемелерге дагы ушундай тартипте иштөө сунушталганы айтылды.

 

13:33 18.03.2020

"Урматтуу мекендештерим! Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат.

Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет.Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат. Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам.

Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек.

Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл.

Мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду.

Урматтуу мекендештерим!

Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү. Бул товарлар менен калкты туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иштеп жатат. Кооптонууга себеп жок.

Бүгүнкү кырдаалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.

Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт.

Тиешелүү жоопкерчилигин тартат.

Азыр ар бир мекендешибиз өз кызыкчылыгын көздөбөй,элибиз аман болсун, эл арасында мен аман болоюн" деген түшүнүктү бекем кармануусу зарыл.

13:20 18.03.2020

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавируска байланыштуу суроолор боюнча 112 номерине өлкөнүн бардык аймагынан чалууга болот. Чалуу акысыз.

12:48 18.03.2020

Ал арада Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү кыргызстандыктар кандай жол менен мекенине кайта аларын да айтып берди.

Ограничение авиасообщения РФ с рядом стран из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине кандай жол менен келе алат? ТИМдин жообу
12:40 18.03.2020
12:40 18.03.2020

Казакстандын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан келе жаткан кыргызстандыктар чыга албай кармалып турушат. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

"Азыр Алматынын аэропортунда 19 кыргызстандык чыга албай турат. Анткени Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салган. Бактыга жараша, Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргызстандыктарды алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашууга жетишти. Алар үчүн трансфер уюштурулмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле тагдыр Казакстан аркылуу кайтууну пландаган башка кыргызстандык туристтерди күтүп турганы кошумчаланды.

12:22 18.03.2020

ТИМ өкүлү: Чет өлкөдөгү дипломаттар күнү-түнү иштеп жатат. Консулдук каттоого туруу максатында кайрылгандардын саны арбып жатат.
Биздин жарандарга кантип Кыргызстанга кайтуу боюнча альтернативдүү сунуштар, жолдор айтылууда.

12:11 18.03.2020

Чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарында коронавирус аныкталган жок. Бул туурасында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдырахманов билдирди.

10:59 18.03.2020

Коронавирус жуктуруп алгандар менен чогуу келген 45 адам изделүүдө.

10:44 18.03.2020
10:44 18.03.2020

Республикалык штаб: коронавирус жуктуруп алышкан үч кыргызстандык Сауд Аравиясынын 12-мартта учуп келишкен. Самолетто алар менен чогуу дагы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 адам 18-марттын таңына карата изоляциялоого алынышты. Калган 45 жүргүнчүнү издөө жүргүзүлүүдө.

10:20 18.03.2020

Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штаб тынымсыз байланыш номерлерин ишке киргизди.

0312 323202 номери аркылуу жарандар коронавирус боюнча балдык суроолору менен адистерге кайрыла алышат. Ошондой эле 0770 895556 номери менен WhatsApp мессенжери иштөөдө.

 

10:07 18.03.2020

Чукул кырдаал киргизилиши мүмкүн. Бул туурасында Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Чукул кырдаал кандай деңгээлде болору Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабда талкуланат. Штаб ушу тапта жыйынга чогулууда.

09:52 18.03.2020

Негизи Умрага январь айынан баштап бара башташкан. Министр алардын качан учуп, канча күн жүргөнү боюнча так маалымат бере алган жок.

09:51 18.03.2020

Адатта умрадан кайтып келген жарандар үйүнө көп киши чакырып маараке өткөрөт. Мындан иш-чаралар өткөрүлгөнбү же жокпу деген суроого министр Космосбек Чолпонбаев азырынча такталып жатат деп жооп берди. Учурда эң биринчи байланышта болгон адамдарын аныктап жаткырылганын айтты.

09:42 18.03.2020

Бейтаптар 70, 62 жана 46 жашта экени айтылды

Министр здравоохранения КР Космосбек Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан
Министр Чолпонбаев: паникага алдырбагыла, ооруга каршы тура алабыз
09:40 18.03.2020

"Өзгөчө кырдаал тартиби боюнча чечимди мамлекет өзү кабыл алат", — деди министр

09:39 18.03.2020

Булар менен кошо 135 киши учуп келген. 90 киши табылып, анадиз тапшырууда.

09:38 18.03.2020

Коронавирусту жуктуруп алгандардын баары эркек кишилер. Алар БАЭден 12-март күнү келишкен. Учурда алар Жалал-Абаддагы ооруканада жатышат.

09:36 18.03.2020

Биринчи кезекте дүрбөлөң түшпөө керек. Дистанцияны катуу кармашыбыз зарыл. Өзүн начар сезген адамдар үйдөн чыкпай отуруп, 103 кызматына же аймактык бейтапканаларга чалуусу керек.

09:35 18.03.2020

Министр коронавирустун жаман жери — ага каршы вакцинанын жок болуп жатканы экенин айтты.

09:33 18.03.2020

"Кургак учук менен дүйнөдө жылына 10 миллион адам ооруп, 1,6 миллион адам каза табат. Ал эми КРВИ менен жылына 3-5 миллион адам ооруса, 600 миңи көз жумат. Корь илдетине 9 миллион адам чалдыкса, 140 миң адам каза табат" , — деп мисал келтирди министр.

09:31 18.03.2020

Министр: коронвирустун келиши күтүүсүз болгон жок, биз ага каршы туруу үчүн үч ай даярдык көрдүк.

09:30 18.03.2020

Ошондой эле ал эл көп чогулган жерден оолак болууга, каникулга чыккан балдарды көчөгө чыгарбай үйдө кармоо керектигин эскертти.

09:29 18.03.2020

"Бизде дары-дармек, дарыгердер, ооруканада орундар жетиштүү. Ооругандар менен байланышта болгон кишилерди карантинге алып, кароого мүмкүнчүлүк бар", — деди министр Чолпонбаев.

09:29 18.03.2020

Космосбек Чолпонбаев: Негизи Сауд Аравия 1-категорияга кирчү эмес.

09:28 18.03.2020

Космосбек Чолпонбаев элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды. Кытай бул ооруну бекем тартип менен жеңип жатканын билдирди.

09:28 18.03.2020

Зарыл болбосо командировкаларды, тойлорду токтотуп, бири-бириңер менен катыш-байланыштарды азайтып тургула", — деди министр Чолпонбаев.

09:26 18.03.2020

"Коронавирус катталган мамлекеттен келсеңер, жөтөлүп, дене табыңар көтөрүлсө, медициналык кызматкерле кайрылгыла. Калганын врачтар карайт. Кымындай шек болсо дароо кайрылгыла”, — деди министр.

09:26 18.03.2020

Космосбек Чолпонбаев: эч убакта паникага алдырбашыбыз керек. Медиктер ДССУнун алгоритми боюнча иштеп жатат.

09:25 18.03.2020

Министрн Чолпонбаев: изилдеп, анализин алганбыз. 12-мартта Саждадан келишкен. Медкызматкерлер көзөмөлдөп турушкан. Жалал-Адабаддын Сузак районундан умрадан келген аялдын дене табы көтөрүлгөн. 8 адамдан алып, Ошко жеткирип, 3 адамдыкы Бишкектен да текшерилип, 2 лабораториядан такталды.

09:24 18.03.2020

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч киши аныкталды. Алар Бириккен Араб эмирлигинен умрага барып келгендер болуп чыкты.

09:10 18.03.2020

Өкмөт өлкөдөгү абал тууралуу күн сайын маалымат берип турарын айткан. 

09:08 18.03.2020

Акыркы маалымат боюнча Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 35 кишиге жетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0