00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Большой Брат в магазине: зачем государству знать, что и почем вы купили
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как вступить в наследство в Кыргызстане и не потерять квартиру: гайд от юриста
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенты, квоты и ЕАЭС: как устроено обучение кыргызстанцев на Урале в 2026 году
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ближний Восток и цены на билеты: что будет с турсезоном в Кыргызстане
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар. Абалы, чоо-жайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер бейтапты орууканага алып барып жатат. Архив
Медициналык кызматкерлер бейтапты орууканага алып барып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр жыйынтыктар элге бүдөмүк болбошу үчүн эки лаборатория тең мыкты эл аралык стандартта иштей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус менен катталган үч кишиден ооруну кантип аныкташканын айтып берди. Бүгүн ал журналисттер үчүн ыкчам маалымат жыйын курду.

Анын айтымында, учурда илдет жугузгандар Жалал-Абаддагы инфекциялык ооруканада.

"Кыргызстанда бүгүн түндө коронавирус менен ооруган үч учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиясынан умрадан келишкен. Биз алгоритмди иштеп чыгып жатканда бул өлкөдө ооруга кабылгандар аз болчу. Ошол күндөн тарта алар үйдө медиктердин көзөмөлүндө болуп келген. 16-мартта Жалал-Абаддын Сузак районунда умрадан келген адамдардын биринин дене табы көтөрүлгөн. Аны менен биргеликте 8 адамдын ден соолугу текшерилип, лабораториялык изилдөөлөрү Бишкек менен Ош шаарынан каралган. Тастыктоо үчүн кечээ кечинде да анализ алынган", — деди Чолпонбаев.

Ал жыйынтыктар элге бүдөмүк болбошу үчүн эки лаборатория тең мыкты эл аралык стандартта иштей турганын белгиледи.

Коронавирус аныкталгандар 70, 62 жана 42 жашта экендиги белгилүү болду. Эми медиктер алар кимдер менен байланышта болгонун тактап жатышат.

Үч киши менен биргеликте учакта 135 киши келген. Ошол рейстеги 90 киши табылып, анализ тапшырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0