Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГүлдөп жаткан өрүк. Архив
Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында Кыргызстандын бир катар аймактарында жаан-чачын көп түшсө, дагы бир жерлеринде нормадан ашпай турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Март айында аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, кээ бир учурда күн кескин жылып, бир катар аймактарда +23 градуска чейин жетери кабарланды. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

© Фото / КыргызгидрометСреднемесячная температура воздуха в марте 2020 года
Мартта күтүлгөн абанын орточо температурасы - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мартта күтүлгөн абанын орточо температурасы
© Фото / КыргызгидрометСреднемесячное количество осадков в марте 2020 года
Мартта күтүлгөн жаан-чачындын орточо көлөмү - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мартта күтүлгөн жаан-чачындын орточо көлөмү
1/2
Мартта күтүлгөн абанын орточо температурасы
2/2
Мартта күтүлгөн жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен жогорулап отуруп, +3...+8 градуска чейин жетери айтылды. Күндүз +8…+13кө жетип, ал эми ысыган учурда +17...+22 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрдө абанын күндүзгү температурасы +1…+6га чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Москва көчөсүнүн боюндагы павильондор - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: көчөнүн көркүн бузган павильондордун дизайны өзгөрөт. Эскиз
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан +1...+6га чейин, күндүз +7…+12ден тарта +16...+21 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +1…+6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Ош, Жалал-Абал, Баткен облустары

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен өйдөлөп отуруп, +5...+10 градуска жетет, күндүз +11…+16дан тарта +18...+23 градуска чейин чыгат. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +5...+10 градуска жогорулашы мүмкүндүгү айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан +3...+8ге жетери айтылды. Ал эми күндүз +4…+9дан тарта +13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору кабарланды.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан өйдөлөп отуруп 0…+5 градуска жетет. Ал эми күндүз +2…+7 градустан көтөрүлүп, термометр +8...+13тү көрсөтөрү болжолдонууда.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Супермаркеты в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды
Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дөн улам өзгөрүп отуруп, -3… +2 градуска жетет. Ал эми күндүз 0…+5тен тарта +8…+13 градуска чейин барат дешти. Кээ бир күндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.

Алай өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17 градустан -3…-8 градуска чейин, күндүз -1…-6дан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -15…-20дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -2…-7ден сууктан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0