15:02 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1031 0 0

37 жыл мурун 29-октябрда СССРдин Коргоо министрлигинин Генералдык штабынын чалгындоо башкармалыгынын карамагындагы 177-атайын даярдыктагы отряд чек арадан өтүп Түндүк Афганистанга кирет. Бир аз убакыттан кийин бул отряд "экинчи мусулман батальону" деген атка конот.

Ушул аскердик бөлүк Афганистандагы кан майданда өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, советтик 40-армия менен моджахеддердин арасында даңкы чыккан. Колумнист Алмаз Батилов даңазалуу экинчи мусулман батальонунун ага сержанты, афган согушунун ардагери Мүзүртбек Мамбеталиев менен маектешкен.

Белгилей кетчү жагдай, 177-атайын даярдыктагы отряд жөнүндө маалымат көп жылдар бою мамлекеттик сыр болгондуктан, ал тууралуу элдин басымдуу бөлүгү билген эмес.

— Экинчи батальондо кызмат өтөөгө чакырык качан, кандай келгени эсиңизде барбы?

— 1980-жылы апрелде Токмок шаарындагы айыл чарба техникумунда окуп жүргөн учурда советтик армиянын катарына чакырылдым. Токмоктун аскер комиссариаты мени Алма-Аты облусундагы Капчыгай калаасында жайгашкан аба-десант бригадасынын курамындагы 177-атайын даярдыктагы отрядга бөлүштүрдү. Кийин Афганистанда бул отряд экинчи мусулман батальону деп аталып калды. Батальондун курамын ден соолугу чың жана спорттун ар кайсы түрү менен машыккан аскерлер түзгөн. Жүздөн ашуун кыргызстандык аскер бар эле. Алты айдын ичинде командирлерибиз абдан машыктырды. Учактан парашют менен секиртип, согуш учурундагы мушташты, ар түрдүү куралдан атканды үйрөттү. Мага ага сержант наамы берилип, взводдун командиринин орун басарлыгына дайындалдым. Командирлер аскердик адис катары жана адамгерчилиги жагынан да мыкты эле. Афганистандагы кан майданда биз менен чогуу кан кечип, далай ирет өмүрүбүздү сактап калышты.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Афганистанда биз менен экинчи мусулман батальонунда чогуу кызмат өтөгөн айрым кыргыз офицерлердин эмгеги бааланбай калганы аябай өкүндүрөт. Алардын аскердик жана турмуштук бай тажрыйбасын колдонсок, өлкөбүздүн коопсуздугу мындан да бекемделмек. Булардын ичинен батальондун командири, даңазалуу "Кара майор" Борис Керимбаевдин орун басары, жердешибиз Нарынбек Бексултановдун көзү өтүп кетти. Бул агабыз "Кара майордун" оң колу болгон. 

Военнослужащие второго мусульманского батальона
© Фото / из личного архива Бахтияра Садырова
Мамбеталиев: моджахеддер чабуул койгондо согуштун анык жүзүн көрдүк. Ошондо жаныбыздан түңүлдүк.

— Афганистандагы согушка бара турганыңарды билдиңер беле?

— Жок, билген эмеспиз. 1981-жылдын октябрь айынын аягында бизди Казак ССРинин 60 жылдык мааракесине арналган парадына катышууга даярдап жатышкан. Бирок ошол эле маалда офицерлерибиз Балхаш көлүнүн жанында өтө турган аскердик машыгууга "тез дайындангыла" деп буйрук беришти. Иш жүзүндө поездге аскердик техниканы жүктөп, Түркмөнстандын Чарджоу аймагына жөнөп кеттик. Ушул аймакка келгенде поезддин ичинде офицерлер жалаң сержанттарды чогултуп, "Афганистанга согушка барабыз" деп айтышты. Бирок бул маалыматты катардагы жоокерлерге айтпагыла деп буйрушту. 29-октябрда түн ичинде Аму-Дарыядан паром менен жашыруун өтүп, Түндүк Афганистандын Фарьяб чөлкөмүнө киргенде гана "согушка катышасыңар" деп катардагы аскерлерге расмий айтылды. 

Военнослужащий второго мусульманского батальона Эдил Кадыров был награжден орденом Красной звезды
© Фото / из личного архива Жаныбека Тентекова
Экинчи мусулман батальонунун жоокери Эдил Кадыров "Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланган. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда жашайт.

— Аскердик тажрыйбасы бай моджахеддерге каршы согушканды кантип үйрөндүңөр?

— Адегенде Афганистанга киргенде жаратылышы менен элинин жашоосу аябай таң калдырды. Карасак эле илгерки жомоктогудай болуп кербен кетип бара жатат десеңиз... Ошондо батальонубузга биринчи жолу моджахеддер чабуул койду. Согуштун анык жүзүн көрүп, жаныбыздан түңүлдүк. Ошого карабастан бара-бара такшалдык. Афгандык козголоңчулар абдан өжөр жана эр жүрөк эле. Арасында тубаса көзгө атар мергендер көп экен. 19-кылымдын "Бур" мылтыгы менен караңгы түндө бир чакырымдан узак жерден биз жактан кенедей жарык болсо, ошол жарыкты так атышчу.

Моджахеддерге каршы буктурма уюштурганды үйрөндүк. Аскердик операцияларга такай катышчубуз. Анын үстүнө колонналарды коштоп жүрчүбүз. Күнү-түнү тынбай моджахеддер менен күрөшүп жаттык. Отряддын командири Борис Керимбаев улутубуз менен аскердик даражабызга карабастан, бардыгыбызды бириктирип, козголоңчуларга каршы ар түрдүү ыкмаларды колдонуп, сокку уруп, айласын алты кетирди. Ошон үчүн Афганистанда экинчи мусулман батальону тирүү уламышка айланды. Афганистанда кызмат өтөп жүргөн учурда улутка бөлүнүү болгон эмес. Биз баарыбыз бир туугандай болчубуз. Айрым жолдошторубуздун окко учуп, каза болгонун көрүп, каңырыгыбыз түтөчү. Кээде кан майданда жүргөн учурдагы башыман өткөн окуяларды эстеп, кантип аман калдым экен деп таң калам. 

Солдаты второго мусульманского батальона Эдил Кадыров, Монолдоров Жигиталы  Досалиев Каныбек
© Фото / из личного архива Жаныбека Тентекова
Биринчи катарда оңдон солго экинчи мусулман батальонун жоокерлери Эдил Кадыров, анын жанында Жигиталы Моңолдоров, экинчи катарда ондогу биринчи Каныбек Досалиев

— Афганистандагы кайсы окуя эстен кеткис болуп калды?

— Эки окуя эч эле эсимен кетпейт. Меймене шаарынан анча алыс эмес жайгашкан айылга моджахеддер келип жүрөт деген маалымат батальондун чалгын кызматына түшөт. Тактоо үчүн отряддын жетекчиси ошол кыштакка биздин взводду жиберди. Ал жакка келсек, жергиликтүү майда балдар келе баштады. Эң кызыгы, салгылашуунун алдында тегеректин баары тынч болуп кала турганын көп жолу байкаганбыз. Ушул жолу андай болбой турганын баамдадык. Күлазыгыбыздан нан жана консерваларды тестиер балдарга тарата баштадык. Себеби буга чейин жергиликтүү калктын итке минген турмушун көрүп, боорубуз ачып тамак-аш жана күйүүчү май берчүбүз. Мен дагы келген өспүрүм балдарга токоч же тушенка берейин деген ниет менен "каяктан болосуңар" деп кыргызча тамашалап сурадым. Капысынан ичинен бирөө даана, так кыргыз тилинде "мен кыргызмын" деп жооп берди. Мен дароо эле "атаңдын аты ким?" деп сурасам, "Эшенкул" деди. Атасынын ысымын угуп, аябай таң калдым. Анткени жакын агаларыбыздын аты Эшенкул болчу. Бала ушул кыштакта кыргыздар жашай турганын кошумчалады. Айылга биз чалгын иштерин жүргүзүү үчүн аз убакытка гана киргенбиз. Эгерде убакыт кенен болгондо атасын чакыртып, боордошторубуз тууралуу толук маалымат алат белем. Афгандык кандаштарыбызга ошентип бир эле ирет жолуктум.

Экинчи окуя Меймене шаарынан 100 чакырым алыс, тоонун арасында жайгашкан Дарзаб аймагындагы аскердик операция убагында болду. Ага чейин калаадагы базардан кичинекей радио сатып алгам. Дарзаб чөлкөмүн советтик аскерлер ээлегенден кийин отрядыбыз көзөмөлдөй турган тилке берилди. Түн ичинде тоонун башына кароолго чыгып бара жатып, радиону алып алгам. Толкун кармаганга бир топко чейин убараландым. Бир маалда Кудай жалгап кыргызча "Жылдыздар" деген ыр угулду. Көзүмөн жаш атып кетти... Көрсө, кээде Түндүк Афганистандын айрым аймактарына Кыргыз ССРинин радиосунун толкуну жетчү экен.

Дарзабда ачка калган күндөр да болду. Нандын күкүмүнө зар болдук. Буга карабастан моджахеддерге каршы туруштук берип салгылаштык. Экинчи мусулман батальонунда кызмат кылганыма абдан сыймыктанам. 30 жылдан ашык Кыргызстандагы полчандар менен тыгыз катышабыз. 29-октябрь жана 15-февраль биз үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн. 15-февралда дайыма Бишкектегилер чогулуп, Афганистанда курман болгон фрунзелик жолдошубуз Владимир Бекботаевдин мүрзөсүнө барып таазим кылабыз.

Тема боюнча

СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак Кара майор
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги
Белгилер:
согуш, СССР, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ