Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. "Афганчы" Сыдыков менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековВоеннослужащий Второго мусульманского батальона, ветеран афганской войны Алыбек Сыдыков
Военнослужащий Второго мусульманского батальона, ветеран афганской войны Алыбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандагы 10 жылга созулган жарандык согушка СССР армиясынын курамында кыргызстандык жоокерлер да катышкан. Кандуу кагылышуу болгон өлкөдөн 40-армиянын чыгып кеткенине 30 жыл болду. Бирок ушу тапта жердештерибиздин эрдиги тууралуу билбегендер да кездешет.

Колумнист Алмаз Батилов даңазалуу экинчи мусулман батальонунун жоокери, афган согушунун ардагери, "Эрдик" медалынын ээси Алыбек Сыдыков менен маектешти.

Белгилей кетсек, СССРдин 40-армиясы Афганистандын өтүнүчү менен 1979-жылы 27-декабрда өлкө аймагына кирип, туура он жылдан кийин, 1989-жылы, чыгарылган. 

© Фото / из личного архива Сергея Якиманского1983-жыл 7-мартта Панджшер капчыгайындагы Руха айылында экинчи мусулман батальонунун 2-ротасы. 1982-жылдын 11-июнунан баштап 1983-жылдын 8-мартына чейин бул аймакта экинчи мусулман батальону Панжшер капчыгайынын арстаны жана падышасы деп аталган белгилүү талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы согушту.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
1983-жыл 7-мартта Панджшер капчыгайындагы Руха айылында экинчи мусулман батальонунун 2-ротасы. 1982-жылдын 11-июнунан баштап 1983-жылдын 8-мартына чейин бул аймакта экинчи мусулман батальону Панжшер капчыгайынын арстаны жана падышасы деп аталган белгилүү талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы согушту.

— Экинчи мусулман батальонунун катарына кандайча кошулуп калдыңыз?

— 1981-жылы апрель айында мурдагы Калинин районунун аскер комиссариатына Советтик Армиянын катарына чакырылгам. Бирок буга чейин жергиликтүү аскер комиссариаты биздин үй-бүлө тууралуу атамдан тымызын маалымат алып, тактаган экен. Бул сурак купуя сакталышын талап кылып, болбосо атамды түрмөгө камайбыз деп коркутуптур.

Ветеран афганской войны, подполковник Саламат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги
Адегенде мен Витебск десант дивизиясына жолдомо алгам. Бирок Алма-Ата шаарынын жанындагы Капчыгай калаасында жайгашкан Советтик Армиянын Генералдык штабынын курамындагы 177-өзүнчө атайын даярдыктагы отряды же бүгүнкү күндө белгилүү болгон экинчи мусулман батальонунда кызмат өтөй баштадым. Бул батальондун курамында борборазиялык офицерлер, прапорщик, жоокерлер, анын ичинде жүздөн ашык кыргызстандык аскер болгон. Арасында Нарынбек Бексултанов, Мэлс Бекбоев, Таалай Шаатемиров, Эркин Жуматаев, Галиаскер Жунушев, Сагын Кубанов, бир туугандар Мирбек, Нурбек Үсөновдор, Субханкул Рахманкулов сыяктуу кыргыз офицерлери жана прапорщиктер бар эле. Ал эми Бексултанов менен Жунушев батальондун командиринин орун басарлыгына жана штабдын башчылыгына дайындалган. Күнү-түнү офицерлер Капчыгайда эле бизди атайын согуштук ыкмаларга үйрөтүп, машыктырып даярдай баштады. Батальонубузду Афганистан, Ливан же Кытайга каршы диверсиялык согуш жүргүзгөнгө дайындап жатат деп укканбыз. 1981-жылы октябрь айында ашканага түшкү тамакка кирип бара жаткан учурда офицерлерибиз тамакты ичирбей туруп "тезинен дайындангыла" деген буйрук берди. Аскердик техниканы эшелонго жүктөдүк, поездге түштүк. Кайсы жакка бара жатканыбызды билген жокпуз. Качан гана Түркмөнстанга келип Сыр-Дарыянын жээгинен паромго түшкөндө гана командирлерибиз Афганистанга согушка барабыз деп ачык айтышты. 

© Фото / из личного архива Сергея ЯкиманскогоСүрөт 1981-жылы 29 -октябрда тартылган. Түндүк Афганистанга келген экинчи мусулман батальону орто кылымга түшкөндөй болгон. Ошол убакта Афганистанда ислам календары боюнча 1361-жыл болчу.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Сүрөт 1981-жылы 29 -октябрда тартылган. Түндүк Афганистанга келген экинчи мусулман батальону орто кылымга түшкөндөй болгон. Ошол убакта Афганистанда ислам календары боюнча 1361-жыл болчу.

— Афганистанга киргенде кандай сезимде болдуңуз?

— Совет-афган чек арасынан өткөндө "кийимдерден погондорду алгыла, тельняшкаңарды көрсөтпөгүлө, ок-дары жана гранатаны каалаганча алгыла" деген буйрук беришти. Абдан таң калдык. Андан тышкары, түн ичинде тамеки чекпегиле дешти. "Моджаххеддерге тирүү бута болосуңар, булар көзгө атар мерген болот" дегенде анык согушка келгенибизди түшүндүк.

Батальонубузду Түндүк Афганистандагы Фарьяб аймагына киргенде 201-дивизиянын 122-мотоаткычтар полкунун 3-батальону тосуп алды. Алар бизди коштоп бара жатканда моджахеддер кол салды. Ошондо биринчи жолу согуштун чыныгы жүзүн көрдүк. Биздин отряддан эч ким каза болгон жок, тилекке каршы, жогоруда айтылган батальондун жоокерлери курман болду. Көп аскердик техника зыянга учурады. Ошентип Фарьяб чөлкөмүнүн борбору Меймене шаарына келип, жайгаштык. 7-ноябрда согушкерлер жергиликтүү түрмөгө чабуул койду. Бул чабуулда жердешибиз Жуматаев оор жаракат алса, ленинграддык аскер Андрей Иванов каза болду. 

© Фото / из личного архива Мирбека УсеноваОңдон солго: экинчи мусулман батальонунун медициналык кызматынын жетекчиси, капитан Субханкул Рахманкулов, ага лейтенант Мирбек Үсөнов жана анын иниси, прапорщик, дарыкананын башчысы Нурбек Үсөнов. 1982-жыл Панджшер капчыгайында түшкөн сүрөт.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
Оңдон солго: экинчи мусулман батальонунун медициналык кызматынын жетекчиси, капитан Субханкул Рахманкулов, ага лейтенант Мирбек Үсөнов жана анын иниси, прапорщик, дарыкананын башчысы Нурбек Үсөнов. 1982-жыл Панджшер капчыгайында түшкөн сүрөт.

Ыраматылык Шайлоо Тибекенов деген кандашыбыз бар эле. Өзү алп жигит болчу, бою 2 метрге чукул. Ага кошумча тамак берилчү. Ошол кагылышууда түрмөнүн чатырында туруп пулеметтон атып жаткан. Бир маалда огу түгөнүп калат. Анан эле маңдайынан өзүнө окшош алп моджахед чыгыптыр. Экөө мушташып, Тибекенов согушкерди пулемет менен чаап өлтүргөн. Моджахеддер менен жекеме-жекеге чыккан окуя экинчи мусулман батальонунун тарыхында бир жолу гана болду.

Таң атканча согуштук. Ошол күндөн баштап Фарьяб аймагында тынбай моджахеддер менен согуша берип аябай такшалдык. Андан соң Панджшер капчыгайына которулуп, экинчи мусулман батальону 9 ай белгилүү афган талаа командири Ахмад Шах Масудга туруштук берди. Айласын алты кетирип, 40-армия менен моджахеддердин арасында даңкыбыз чыкты. 

© Фото / из личного архива Сергея Якиманского1983-жылы апрель айында 2-ротанын жоокерлери Панджшер капчыгайындагы Гульбахор шаарында. Биринчи катарда солдон оңго карай төртүнчү турган кыргызстандык жоокер Сергей Якиманский.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
1983-жылы апрель айында 2-ротанын жоокерлери Панджшер капчыгайындагы Гульбахор шаарында. Биринчи катарда солдон оңго карай төртүнчү турган кыргызстандык жоокер Сергей Якиманский.

— Жергиликтүү элдин турмушу, каада-салты таң калтырдыбы?

Ветеран Афганской войны, полковник в отставке Борис Керимбаев - Sputnik Кыргызстан
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак Кара майор
— Бир жолу Мейменеде тишим катуу ооруду. Ошол эле убакта мени менен аскердик кызмат өтөгөн улуту тажик Назаровдун да тиши ооруп калыптыр. Батальондо тиш дарылаган дарыгер жок болгондуктан, офицерибиз экөөбүздү Мейменеге тиш дарылаган жеке клиникага алып барды. Клиника базардын жанында экен. Экөөбүз тең тишибизди жулдурдук. Базардан ар түрдүү кыйкырык угулуп жатты. Мен Назаровдон кызыгып, "эмне жөнүндө кыйкырып жатышат" деп сурадым. Себеби тажиктер дари тилин түшүнөт эмеспи. Ал иче турган таза суу сатылып жатканын айтып жатышат деп которуп бергенде абдан таң калдым. Анткени базарда иче турган суу сатылат деген нерсени эч качан уккан эмесмин. Базарды аралап бара жатсак, дүкөндөрдө ар түрдүү товарлар менен чогуу апийим жана нашаа сатылып жатканын көрүп, оозум ачылды. Карапайым элдин итке минген турмушун көрүп боорум ооруду. 

© Фото / из личного архива Мирбека Усенова1981-жылы октябрь айынын аягында Мейменеде жердештерибиз экинчи мусулман батальонунун ага лейтенанты Мирбек Үсөнов жана жоокер Бахтияр Садыров менен советтик армияда биринчилерден болуп БМПнын командири люгуна автоматикалык гранотометту бекитип, машинадан чыкпастан ок атуу механизмин ойлоп табышкан. Сүрөт Мирбек Үсөновдун жеке архивинен. 1982-жыл Панджшер капчыгайында тартылган.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
1981-жылы октябрь айынын аягында Мейменеде жердештерибиз экинчи мусулман батальонунун ага лейтенанты Мирбек Үсөнов жана жоокер Бахтияр Садыров менен советтик армияда биринчилерден болуп БМПнын командири люгуна автоматикалык гранотометту бекитип, машинадан чыкпастан ок атуу механизмин ойлоп табышкан. Сүрөт Мирбек Үсөновдун жеке архивинен. 1982-жыл Панджшер капчыгайында тартылган.

— Чогуу аскердик кызмат өтөгөн катардагы жоокерлер жана офицерлердин өз ара мамилеси кандай эле?

— Отрядда мени менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин арасында СССРдин курамына кирген бардык улуттун өкүлдөрү бар болчу. Бирок биз бири-бирибизди улутка карап бөлчү эмеспиз. Анткени согушта майда-чүйдө таарынычтар унутулуп, бир туугандай болуп каласың. Бүгүн жаныңда жүргөн жигит эртеси оор жарадар болуп же окко учушу мүмкүн эле. Ошондуктан бири-бирибизге аяр мамиле жасаар элек. Согушта каза болгон же жаракат алган жолдошторубузду тоскоолдукка, кыйынчылыкка карабастан алып чыгып кетчүбүз. Арабызда кыргызча такыр сүйлөй албаган Алмаз Базаркулов деген фрунзелик жигит афган жергесинде эне тилин жаңыдан үйрөндү. Ошол эле убакта Орто-Сай айылында өскөн теги орус Григорий Киктев деген жердешибиз кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп алды.

Офицерлер менен ага-инидей мамиле болчу. Себеби алар катардыгы аскер сыяктуу эле биз менен согуштун бардык азабын тартышты. Командирлерибиз биз үчүн жанын бергенге даяр болчу. Булар мыкты аскер адистери болгондуктан, көпчүлүгүбүз согуштан аман кайтып келдик. Бирок эгерде тартип бузсак, офицерлер аябай эле сабачу (күлүп). Өзүң ойлосоң, биз 18-19 жаштагы бала болсок, сөзсүз шоктук кылабыз. Командирлерибиз таяктын жардамы менен бат эле тарбиялап койчу. Мисалы, командирим, улуту мордвин Яков Куманяевден да шоктугумдун айынан далай ирет таяк жедим. Дагы бир жолу тентек кылганым үчүн ыраматылык комбат Борис Керимбаев (Кара майор — ред.) жыга чапкан. Бирок мен Панджшер капчыгайында оор жарадар болуп эс-учумду жоготуп, госпиталда эсиме келсем, Керимбаев башыман сылап, "айналайын, амансыңбы" деп казакча сүйлөп көзүнө жаш алды. 

© Фото / из личного архива Кылычбека Батырканова1981-жылы 29-октябрда Түндүк Афганистанга экинчи мусулман батальону киргенде 201-дивизиянын 122-мотоаткычтар полкунун 3-батальонунун жоокерлери тосуп алган. Алардын арасында жердешибиз Кылычбек Батырканов да болгон.
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. Афганчы Сыдыков менен маек - Sputnik Кыргызстан
1981-жылы 29-октябрда Түндүк Афганистанга экинчи мусулман батальону киргенде 201-дивизиянын 122-мотоаткычтар полкунун 3-батальонунун жоокерлери тосуп алган. Алардын арасында жердешибиз Кылычбек Батырканов да болгон.

Панджшер капчыгайында моджахеддердин курчоосунда калганда бизди командирим Куманяев алып чыккан. Ошол курчоодо офицер Мукан Дүсекеевге согушкер ок атып, анын өмүрүн сактайм деп оор жарадар болдум. Бүгүнкү күндө ал офицер Казакстан армиясынын генерал-майору.

Памир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандуу тиреш. Памирди бөлүү. Афганистандын эгемендүүлүгү
Госпиталда баса албай жатканымда улуту түркмөн офицер Ринат Мереддурдыев өзү жарадар болсо да мени күнү-түнү карап жатты. Ал кийин Түркмөнстан армиясынын генерал-лейтенанты болду.

2017-жылы командирим Куманяев Кыргызстанга келди. Арадан 35 жыл өтсө дагы менин жарадар болгонумду унутпаптыр, "жараатыңды көрсөтчү" деп өтүндү. Көрүп алып шолоктоп ыйлап, "Алыбек, кечир мени, сени көп сабачумун" деп кучактап кечирим сурады. Мен күлүп, "командир, эмнеге кечирим сурайсың, сен мени сабаганың үчүн адам болдум. Дагы жакшылап сабасаң, балким менден жакшы окумуштуу чыкмактыр" дедим. Жообумду угуп абдан ыраазы болду. Азыркы күндө да Кыргызстандагы экинчи мусулман батальонунун офицерлери, прапорщиктери менен жоокерлери бири-бирибизден кол үзбөй катташабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0