12:00 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Мусулман батальонунун командири майор, теги казак Борис Керимбаев

СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак Кара майор

© Sputnik / Серикжан Ковланбаев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
195930

1981-жылы 29-октябрда советтик армиянын даңкы чыккан Экинчи мусулман батальону СССРдин мамлекеттик чек арасынан өтүп, Түндүк Афганистанга кирет. Жоокерлердин каармандыгы, эрдиги тууралуу колумнист Алмаз Батилов айтып бермекчи.

Мусулман батальонунун командири майор, теги казак Борис Керимбаев эле. Батальон өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы үчүн Афганистандагы советтик 40-армиянын жана афгандык моджахеддердин арасында тирүү уламышка айланган. Керимбаевди советтик аскерлер жана афгандыктар "Кара майор" дешчү.

Экинчи мусулман батальондун жаралышы

Участники афганской войны. Мусульманский батальон
© Фото / из личного архива Сергея Якиманского
Экинчи мусулмандар батальонунун жоокерлери. Солдон экинчи кыргызстандык Сергей Якиманский
Бул аскердик бөлүк СССРдин Коргоо министрлигинин Генералдык штабынын буйругу менен Алма-Ата облусунун Капчыгай шаарында түптөлөт. Адегенде экинчи мусулман батальону Кытайдын Синьцзян Уйгур автоном округунда диверсиялык согуш жүргүзүүгө багытталган. Батальондун расмий аталышы — 177- өзүнчө атайын даярдыктагы отряд.

Афганистанга эмне үчүн Экинчи мусулман батальонун жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган деген суроо жаралат. Эске сала кетсек, 1979-жылы 27-декабрда Афганистандын залим диктатору Хафизулла Аминди СССРдин Советтик Армиясынын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын мусулман батальону деп аталган атайын бөлүгү менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын даярдыгынан өткөн офицерлери бийликтен кулатат. Бул батальондун негизин тажик, түркмөн жана өзбек улутунан куралган аскерлер түзгөн. Мындан улам "Мусулман батальону" деп аталып, командири да теги өзбек, майор Хабиб Халбаев болгон. 1980-жылы 2-январда мусулман батальону толугу менен Афганистандан Ташкентке чыгарылат. СССРдин Коргоо министирлигинин жетекчилиги биринчи мусулман батальонунун аскерлеринин Афганистанда жергиликтүү эл менен бат тил табышканын, бийик тоолуу аймактын климатында кыйналбай жеңил жүргөндүгүн жана согуш ыкмаларын ыкчам өздөштүргөнүн эске алып, Экинчи мусулман батальонун түзүү тууралуу чечим кабыл алат.

Афганистанга советтик 40-армиянын киргенине байланыштуу Экинчи мусулман батальонунун максаты өзгөрөт. Жетекчилигине майор Борис Керимбаев дайындалып, курамына казак, кыргыз, өзбек, тажик жана түркмөн жоокерлери кирген. Алардын арасында Мэлс Бекбоев, Таалай Шаатемиров, Эркин Жуматаев, Галиаскер Жунушев, Сагын Кубанов, Мирбек Үсөнов, Субаханкул Рахманкулов сыяктуу кыргыз офицерлери бар эле. Жунушев батальон штабынын башчылыгына дайындалган.

Керимбаевдин батальону машыгуудан өтүп, согушка даяр болгондо Афганистанга кирүүгө буйрук алат. 

Легенда Вооруженных сил Казахстана, ветеран Афганской войны, командир 177-го отдельного отряда специального назначения главного разведывательного управления генерального штаба СССР, полковник в отставке Борис Керимбаев.
© Sputnik / Серикжан Ковланбаев
Борис Керимбаев Казакстан армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөшкөндөрдүн бири

"Кара майор" ысымы

1981-жылы 29-октябрда Экинчи мусулман батальону чек арадан өтүп, Түндүк Афганистандын Фарьяб чөлкөмүнүн Меймене калаасына кирет. Аларды Кундуз шаарынан келген мотоаткычтар батальону тосуп алып, коштоп жүргөндө душмандар кол салат. Моджахеддер Меймене калаасында жайгашкан түрмөгө кол салып, тарапташтарын бошотуу үчүн чабуул жасаган. Бирок Керимбаевдин аскерлери чабуулдун мизин кайтарат. Эң өкүнүчтүүсү, бул чабуулда батальон биринчи оор жоготууга учурайт, катардагы жоокер Иванов каза болуп, жердешибиз Жуматаев оң колунан оор жаракат алат. Ал Ташкенттеги аскердик ооруканадан толук дарыланбастан, кайрадан бөлүгүнө кайтып келип, андан ары кызматын уланткан. 

Ветеран афганской войны, военнослужащий мусульманского батальона Эркин Жуматаев
© Sputnik / Асель Акматалиева
Мусулман батальонунун жоокери, афган согушунун ардагери Эркин Жуматаев

Майор Керимбаев моджахеддердин тактикасын тыкыр иликтеп буларга каршы согушканды үйрөнүп, партизандык тактиканы колдонгон. Жоокерлери да талаа согушунун ыкмаларын бат өздөштүрөт. Кыска убакыттын ичинде батальондун чалгын кызматын жетектеген ага лейтенант, теги казак Сакен Жасузаков дари тилин билбегенине карабастан, жергиликтүү калктын арасында агентура түзүп, системалык түрдө баалуу маалыматтарды топтогонго жетишкен.

Меймене шаарындагы моджахеддерди жетектеген топтун башчысынын ысымы Мовладдин-кара болчу. Ал эми мусулман батальонунун жоокерлери Керимбаевди "Кара майор" деп аташкан. Керимбаевдин бөлүгү Дарзоб аймагына которулуп, ал жерден төрт айда афгандык куралдуу оппозицияга каршы операцияларды ийгиликтүү жүргүзөт. 

Легенда Вооруженных сил Казахстана, ветеран Афганской войны, командир 177-го отдельного отряда специального назначения главного разведывательного управления генерального штаба СССР, полковник в отставке Борис Керимбаев.
© Sputnik / Серикжан Ковланбаев
Кезегинде Афган согушу учурунда моджахеддердин лидери "Кара майордун" - Борис Керимбаевдин башы үчүн бир миллион доллар сайган

Кара майордун башы бир миллион долларга бааланган

1982-жылы май айында Керимбаевге 40-армиянын жетекчилиги Панжшер капчыгайын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берет. Максат — белгилүү Саланг ашуусу менен өткөн стратегиялык жактан чоң мааниге ээ Хайратан — Кабул трассасынын коопсуздугун камсыздоо эле. Бул жол аркылуу СССРден Афганистанга аскердик жана жарандык жүктөр ташылган. Эзелтеден бери Панжшер капчыгайы партизандык согуш жүргүзүүгө абдан ыңгайлуу жер болуп эсептелет.

Кара майор жетектеген аскердик топ Панжшер капчыгайынын ичиндеги Руха деп аталган айылга жайгашкан. Белгилей кетчү жагдай, Кара майордун бөлүгүндө болгону 500 аскер бар эле. Адегенде Кара майордун отряды бул капчыгайды отуз күн гана кармап турмак. Бирок Экинчи мусулман батальону "Панжшер капчыгайынын арстаны жана падышасы" деп аталган белгилүү талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы бир жылга жакын согушту. Масуд афган талаа командирлеринин ичинен билимдүүсү эле, айлакерлиги, байлыгы менен айырмаланчу. "Панжшер капчыгайынын арстанынын" моджахеддери афгандык куралдуу оппозициянын арасында эң такшалган жоокерлер деп эсептелчү. Ахмад Шах Масуд ыйык Куран китебин кармап, Кара майорду Панжшер капчыгайынан бир айдын ичинде сүрүп чыгарам деп ант берген. Ага Пакистандын атайын даярдыктан өткөн "Кара илегилек" деп аталган аскерлери менен француз адистери колдоо көрсөткөн. Бирок ал антын иш жүзүнө ашыра алган жок. Керимбаевдин аскерлери ага туруштук гана бербестен, айласын алты кетирген. Аргасыздан Панжшердин арстаны Кара майордун башы үчүн бир миллион АКШ долларын байге саят. Бирок Керимбаев Ахмад Шах Масудду советтик 40-армиянын жетекчилиги менен убактылуу тынчтык келишимин кол койгонго мажбур кылган. Масуд Экинчи мусулман батальону капчыгайдан чыгып кетүүсү керек деген шарт коет. Ошентип Керимбаевдин бөлүгү Гүлбахор шаарына которулат.

1983-жылы Кара майор кызматынын мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу СССРге кетет. Ал эми Экинчи мусулман батальону афган согушу бүткөнчө кызматын өтөдү. 1989-жылы 15-февралда мусулман батальону Афганистандан СССРдин 40-армиясынын акыркы бөлүгү болуп чыккан. 

Ветеран афганской войны Сергей Якиманский
© Фото / из личного архива Сергея Якиманского
Керимбаев жана анын жоокерлери эгерде согуштан аман-эсен келсек, Алматы шаарындагы "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында 29-октябрда жолугабыз деп бири-бирине сөз берген. Жолугушуу 30 жылдан бери уланып келет.

Батальондун урматына Алматы шаарынын "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында эстелик тургузулган. Ал эми ошол бөлүктө кызмат өтөгөн жердешибиз Сергей Якиманский Ысык-Көлдөгү Тосор айылынын жанында мусулман батальону жайгашкан Руха айылынын атылышын алган пансионат курган. Ал батальондо кызмат өтөп, курман болгондорго эстелик тургузууну пландаштырууда. 

Керимбаев жана анын жоокерлери эгерде согуштан аман-эсен келсек, Алматы шаарындагы "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында 29-октябрда жолугабыз деп бири-бирине сөз беришкен. Керимбаевчилер ошол сөзүнө туруп, 30 жылдан бери Алматыда кезигишет.

Белгилей кетсек, мусулман батальонунан чыккан беш генерал — Мэлс Бекбоев, Таалай Шаатемиров, Сакен Жасузаков, Мукан Дүсекеев жана Ринат Мереддурдыевдер Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөштү.

Тема боюнча

"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Афганистан ... алып калган жоокерлер
Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон "Катюша"
Белгилер:
мусулман, батальон, Афганистан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ