Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду. Видео

© Фото / Жибек КаракееваИнсталляция "Дельфины" на Алее молодежи в центре Бишкека
Инсталляция Дельфины на Алее молодежи в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсталляцияны орнотуу иштери 10-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Жаштар аллеясында кечкисин күйүп турган "Дельфиндер" инсталляциясы пайда болду. Бул тууралуу Facebook баракчасына мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева жазды.

Инсталляцияны орнотуу иштерин "Бишкекзеленхоз" ишканасы көзөмөлдөп жатат. Ишкана жетекчиси Элнура Жолдошеванын айтымында, кечээ, 8-декабрда, алар "дельфиндерди" текшерип күйгүзүп көрүшкөн.

"Кечкисин кандай көрүнөөрүн жана эмне жетпей жатканын билүү максатында аны бир сыйра күйгүзүп текшерип көрдүк. Инсталляцияны толугу менен коюп бүтө элекпиз", — деди Жолдошева.

Жолдошева орнотуу иштери 10-декабрда аяктай турганын жана аны ошол эле күнү кечинде 18:30да же 11-декабрда күйгүзөөрүн белгилеп кеткен.

Жолдошева "дельфиндердин" баасы боюнча кийинчерээк маалымат берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0