20:44 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Өзбекстандын эл артисти, Кинематографисттер союзунун төрагасы Матякуб Матчанов

Матьякуб Матчанов: Чыңгыз Айтматовду өзбек жазуучусу деп ойлоп жүргөм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Эламан Карымшаков
1349 0 0

Матьякуб Матчанов Өзбекстандын эл артисти, Кинематографисттер союзунун төрагасы. Ал "Делбирим" тасмасынын көркөм жетекчиси болгон жана автобазанын начальнигинин ролун аткарган.

Ал Чыңгыз Айтматовду Өзбекстандагылар канчалык деңгээлде тааный турганын жана эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусу тууралуу кеп салды.

— "Делбирим" тасмасы Өзбекстанда 16-ноябрдан бери көрсөтүлүп жатат. Ал жактагы көрөрмандар кандай пикирин айтууда?

— Тасмабыз учурда Өзбекстандын бардык кинотеатрларында коюлууда. Көрүүчүлөрдүн аягы суюлбай келип жатат. Жалаң жакшы пикирлерди угуп атам, терс ой айтыла элек. Айтматов жазган сүйүү, махабат темасы эч качан эскирбейт. Адамдын сүйүүгө болгон арзуусу, сүйүүнү ардактап-аздектегени эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Ошондуктан жүрөккө жакын кабыл алып жылуу маанайда көрүп жатышат.

Анан да бизде Айтматовдун чыгармачылыгы менен иштеген жазуучулар, жашы 80-85ке чыгып калган чыңгызтануучулар бар. Кино даяр болгондо көркөм кеңеш карап "буга чейин бул тасма үч жолу тартылган, силердики Айтматовдун рухуна абдан жакын болуптур" дешти. Бул биз үчүн абдан жогорку баа болду. Режиссер Сарвар Каримов 30 жашта. Ал чыгарманы жаштардын көзү менен экрандаштырып берди.

— Актерлордун курамы кантип тандалды?

— Башында "эмнеге өзбек актерлору менен бирге кыргыз актрисалары ойноп калды?" деп көп сурашты. Мындай маселе Бишкекте да козголуптур. Бул — кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан биринчи тасма. Андыктан каармандар эки тараптан тең алынышы керек да. Актерлорду тандоо укугу режиссерго берилген. Ал жаш болгонуна карабай жакшы тааптыр. Бирок ар бири чоң сыноодон өттү. Режиссер көркөм кеңешке бир тобун сунуштаганда тандап бергенбиз. Байтемирдин ролуна 15, Илиястын ролуна 10 актер келген.

— Тасмага кеткен каражаттын негизги бөлүгү "Өзбеккино" улуттук агенттиги тарабынан берилди. Кинокартинаны жаратууга кандай талаптар коюлду?

— Бизге "эл сүйүп көрө турган, Чыңгыз Айтматовдун атына татыктуу тасма болушу керек" деген бир эле талап коюлган. Биз ушул милдеттин өтөсүнө чыктык.

 Жанатан бери кино жөнүндө эле сүйлөшүп жатабыз. Айтсаңыз, ал эми Чыңгыз Айтматовдун өзүн өзбек коомчулугу канчалык деңгээлде тааныйт?

— Чыңгыз Айтматовду кыргыз деп ойлошпойт. Аны дүйнөнүн, анын ичинде өзбек элинин да жазуучусу дешет. Мен мектепте 8-9-класста окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматов кыргыз жазуучусу экенин билген эмесмин. Аны өзбек эле деп ойлогом. Чыгармасындагы ар бир каарманы өзбек окурмандарынын мүнөзүнөн келип чыгып жазылгандай. Анын улуулугу ушунда — кыргыз же өзбек эмес, чыгармасын дүйнөдөгү окурмандардын баарына арнаган. Башка жазуучулардан ушунусу менен айырмаланып турат.

Мен Айтматовдун чыгармаларын 30 жыл мурда жаштыгыма салып окугам. Азыр 60тан аштым, башка көз менен окуйм. Качан окуба, анын чыгармасынан өзүңдүн жаш курагыңа тиешелүү нерселерди таба аласың. Ошон үчүн классика да.

— Аселдин ролун аткарган кыргызстандык актриса Мадина Талипбек Өзбекстандагы кинофестивалда мыкты аталды. Калыстарга ал эмнеси менен көбүрөөк жакты?

— 27-30-ноябрь күндөрү Ташкентте эл аралык PROlogue кинофестивалы өттү. Ага 70 мамлекеттин киночулары катышкан. Ошол жерде биздин тасманын баш карманы Мадина Талипбек мыкты актриса аталды. Өзүм да ошол жерде болдум. Ал Чыңгыз Айтматовдун берейин деген оюн ийине жеткире аткарып, жан дили менен ойноп, ошол образда жашаганы үчүн айырмаланды окшойт. Албетте, мында режиссердун эмгеги чоң.

— Мындан ары да Кыргызстан менен иштешүү пландарыңыз барбы?

— Быйыл Кыргызстандан сырткары Казакстан, Япония, Индия өлкөлөрү менен биргелешип кино жараттык. 2018-жылы мамлекет "Өзбеккино" улуттук агенттигине 20 кино тартууга каражат бөлгөн. Кийинки жылы 30 кинону каржылай турганы айтылууда. Муну мактанып айтсак болот, эч бир мамлекет киночуларга ушундай каражат бөлүп берген эмес. "Делбирим" дагы президенттин колдоосу жана көзөмөлү астында жүзөгө ашты. Кыргызстандык киночулардан Паризат Жакыпбековага окшогон продюсерлер көп чыгышын каалайт элем. Башын баштап бир жолго сала турган ушул адамдар да. Дагы да жакшы ойлор бар, буюрса иштешебиз деген ниеттемин. Эки өлкөнүн маданият ишмерлери, киночулары калкка пайдасы тие турган көп иштерди жасасак болот. Биринчисин буюрса ийгиликтүү аяктап алдык. Бул кийинки иштердин өзөгү болмокчу.

Биз "Делбиримдин" премьерасына келгенче өзүбүз менен кошо үч тасма ала келгенбиз. Учурда Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып көрүүчүлөрдү чакырам.

Тема боюнча

Матчанов: Өзбекстанда "Делбиримге" кыргыз кыздардын тартылышына нааразы болушкан
Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө
Белгилер:
сыйлык, кино
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ