06:14 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Алина рак илдетине онкология ооруканасынын маммология бөлүмүндө медайым болуп иштеп жүрүп кабылган

Оорумду укса апамдын көзү көрбөй калат. Ракка чалдыккан беш аялдын тагдыры

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2095 0 0

Цех кылып алган кичинекей бөлмөнүн ичинде беш аял өткөн-кеткени тууралуу сүйлөшүп жатышты. Бири медайым, экинчиси мамкызматкер, айтор ар кесиптин ээлери жана ар кайсы муундун өкүлдөрү. Рак оорусу аларды тагдырлаш кылып башын кошкон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги залалдуу шишик оорусунун ар кандай түрүнө кабылган беш келиндин тагдырын жазды. Булар — онкологиялык илдетке кабылган "Курдашым" коомдук фондусунун мүчөлөрү.

Баласынын күйүтүнө чыдабай…

Сыртынан күчтүү көрүнгөн Шайырбү Сагынбаева убагында көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн. Бирок азыр анын баарын эстегиси келбейт. "Рак менен күрөшүү керек, дарттан адам өлбөйт, дартты дарылоого акчасы жоктор айласыздан ооруга моюн сунуп берип жатышат",- дейт ал. Бир учурда ал дагы жатын моюнчасынын залалдуу шишик илдетине кабылган. 

Шайырбу Сагынбаева работающая в швейном цехе
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шайырбү Сагынбаева убагында көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн

— 25 жаштагы уулумду балдар сабап кетип, төшөккө жатып калды. Ага кайгырып, оорусу күчөп кетип, алты ай өтпөй жолдошум каза болду. Ал кант диабети менен жабыркачу. Майып болуп калган уулумдун бир эле колу кыймылдачу. Жанынан жарым карыш жылбай 10 жыл бактым. Бирок 35 жашында аны шум ажал алып тынды…

Күйүт кишини жинди кылып жибере жаздайт экен. Арман кылып, калган балдарым менен кала бердим. Азыр бир уул, үч кызым бар. Балама күйүп отуруп өзүмө коркунучтуу илдетти жабыштырып алганымды билбей калыптырмын. Көрсө, оору деле кайгыдан, ызадан пайда болот экен. Көп өтпөй дарыгерлер жатын моюнчамда залалдуу шишик бар экенин аныкташты.

Аны дарылайбыз деп оңбогондой акча кетти. Бирок жакындарымдын көмөгү менен оору менен күрөштүм, алыштым. Буюрса баары артта калды. Бирок дагы эле дарыгерлердин каттоосунда турам.

Айыккандан кийин кайрымдуулук кылгым келди. Анткени айрым аялдар акчасынын жоктугунан эле ооруга алдырып, каза болуп калат экен. Ооруканада жатканда жанымда таластык аял бар болчу. Бир сиңдисинен башка жардам берер кишиси жок көзү өтүп кетти. Ошондон кийин ушундай кыз-келиндерге жардам берүүнү чечип "Курдашымды" түптөдүк. Азыр биз экобаштык тигип сатып, түшкөн каражатты химия терапиясына акчасы жетпеген оорулуу аялдарга берип жатабыз.

Онкологияда иштеп жүрүп рак илдетине кабылган

Алина 28 жашта. Ал рак илдетине онкология ооруканасынын маммология бөлүмүндө медайым болуп иштеп жүрүп кабылган. Дарт менен эки жылдан бери алышып, көрбөгөндү көргөнүн баяндап берди. 

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

— Өзүм Чүйдүн кызымын, бирок Казакстандын Бишкекке жакын бир айылына келин болгом. Күйөөм менен ооруканада иштеп жүргөндө таанышып, баш кошконбуз. Эки күн иштеп, эки күн бош болгондуктан барып-келип иштечүмүн. Жакшынакай жашап жүрдүк, кыздуу болдук. Бирок бактыбыз көпкө созулган жок. Кызым төрөлгөндөн кийин бат эле эмчегимде шишик пайда болуп калганын байкадым. Бирок башында аны мастит го деп эле ойлоп, массаж кылып жүрө бергем. Анын үстүнө наристебиз кичине алсыз төрөлүп өзүмө көңүл бурбай калгам. Бир күнү мойнумда шишик бар экенин байкап, жүрөгүм шуу дей түштү. Бишкекке келип анализ тапшырсам, эмчек рагы деген диагноз коюшту. Бишкекте каттоого тургандыктан Кыргызстандан дарыланууга туура келди.  Айлап төшөккө жатып калсам дагы жолдошум мени моралдык жактан колдогон жок. Азыр ал күндөрдү эстегим келбейт.

Кызымды кайненем алып калган. Ошентип эки жылдан бери бул илдет менен күрөшүп келе жатам. Апам эки-үч жумушта иштеп дарыларыма акча таап берип жатат. Ал болбосо жашамак белем, билбейм.

Ооругандан чыккандан бери Бишкектемин. Кызым Казакстандын жараны болгондуктан аны өзүмө ала албайм. Күйөөмөн деле талашпайм, болгону жанында болгум келет. Сагынганда, оорубай жакшы жүрүп калганда чүрпөмө барып бир күн жүрүп кетем. Жолдошума "Дарыланып бүткүчө бул жакта кызым менен жашап тургулачы",- деп сурангам. Бирок болбой койду, кыязы мени наристени алып калат го деп коркот окшойт. Бирок кантип алып калмак элем? Бир күн минтип жакшынакай күлүп-жайнап жүрсөм, эртең тилим булдуруктап төшөктөн тура албай калам. Болгону кызым жанымда болушун каалайм…

Дартын уккан күйөөсү бир кызы менен таштап кеткен

Керээз фамилиясын айтуудан баш тартты. Башында "апам менин дартымды уга элек, көрүп калса шок болбосун" деп жүзүн камерадан ала качып жаткан. Бирок кийинчерээк "көзү жакшы көрбөйт, тааныбастыр" деп макул болду. "Ага айткандан корком, укса ыйлап, сарсанаа болуп көзү такыр эле көрбөй калсачы",- деп ыйламсырады. Керээздин күйөөсү да аялынын дартын уккан соң алты жашар кызы менен таштап кеткен. 

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Керээздин күйөөсү да аялынын дартын уккан соң алты жашар кызы менен таштап кеткен

— 39 жаштамын. Эки жыл мурун дарыгерлер мага эмчек рагы деген диагноз коюшкан. Оорумду укканда ишенип-ишенбей көпкө чейин нес абалда жүрдүм. Анысы аз келгенсип, жолдошум да жардам берүүдөн баш тартып басып кеткен.

Негизи кызым эки жашка чыкканда эле күйөөм менен ажырашкам. Андан кийин жыл өтпөй кайра келип кечирим сурап "сүйөм, күйөм" дегенинен ишенип чогуу жашай баштаганбыз. Ошол учурда рак илдетине кабылып калганымды уктум. Жолдошума "Ооруп калыптырмын, бир химия терапиясы эле 50 миң сом болот экен",- деп айтсам, артына карабай кетти.

Ошол бойдон оору менен жалгыз күрөшүүгө туура келди. Бул дарт менен жалгыз күрөшүү кыйын, анан кымбат экен. Кесиптеш, туугандарым жардам бербесе жашоо кандай болорун билбейм…

Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" бөлүмүндө иштечүмүн. Жамаатым аябай чоң колдоо көрсөттү. Бирок ооругандан кийин ал жактагы жумушту улантып кете алган жокмун. Себеби компьютер менен иштөөгө болбойт экен. Эки жолу операция жасаттым. Эми химия терапиясынын калганын алыш керек. Акча каражат таба албай, "Курдашымда" экобаштык тигип сатып жатам.

Дартым тууралуу туугандарымдын баары билет, бир гана апама айткан эмеспиз. Көзү араң эле көрөт. Айтсам ыйлап жатып көзү көрбөй калабы деп корком. Учурда 14 жаштагы кызым экөөбүз калаада батирде турабыз.

Оорусун кыздарынан жашырып…

Бишкектеги мектептердин биринде орус тили жана адабиятынан сабак берген Айгүл 49 жашында жатын моюнчасында шишик бар экенин билген. Бирок балдарына бул суук кабарды операциядан кийин гана угузган. 

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Нургуль Максутова
Айгүл 49 жашында жатын моюнчасында шишик бар экенин билген

— Жолдошумдун эрте эле көзү өтүп кеткен. Илдет эмнеден улам жабышканын билбейм, жумушта жүрүп алым кетип ооруканага барсам, жатын моюнчамда залалдуу шишик бар экенин айтышты. Ошол кезде турмушка чыккан эки кызым тең кош бойлуу болчу. Угуп алып сарсанаа болбосун деп эч кимге айтпай дарыгер менен операция боло турчу күндү пландадым. Үйдөгү балдарыма Ошко командировкага барып келейин деп айла жок алдап, операцияга кеттим. Бир жумадан кийин ооруканадан чыгып, курбу келинге "Ош" базардан мөмө-жемиш алдыртып, аларды алып үйгө Оштон келген киши болуп барып калдым. Балдарым эч нерсе билбей калышты. Туугандарыма да айткан эмесмин. Бир күнү химия терапиядан жаңы эле келип жатсам, иним келип калыптыр. Кебетемди көрүп эмне болгонун сурады. Айла жок айттым. Андан кийин экинчи операцияга даярдана баштадым. Анда да балдарым билген жок. Ооруканага жатканда кыздарым билип калып аябай ыйлашкан. Каражаттан кыйналган жокмун. Туугандарым, куда-сөөк, балдарым таап берип жатышты. Бирок оорунун азабын аябай эле тарттым, органды толугу менен алып салышкан. Азыр алаксыйын деп мектепте сабак берем.

Ракты жеңген Мамлакат Халматова

Бишкекке Баткенден көчүп келген Мамлакат Халматова да "Курдашым" коомдук фондусунун мүчөсү. Учурда ал химия терапиясын толугу менен алып бүткөн, бирок ооруну башынан өткөргөн тагдырлаштары сыяктуу ракты жеңүүгө каражаты жетпеген кыз-келиндерге жардам берүүнү чечкен. 

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекке Баткенден көчүп келген Мамлакат Халматова да "Курдашым" коомдук фондусунун мүчөсү

— 2016-жылдын март айында өтүмө операция жасатып, дарыгерлер 23 таш, ага кошуп өтүмдү да алып салышты. Ошол учурда аябай катуу стресс болгом. Дарылануудан кийин Ысык-Көлгө барып эс алып келип, кызымды турмушка узатайын деп жүрсөм, эмчегим талып оорута баштады. Доктурлар эмчекте бир эмес, үч залалдуу шишик бар экенин аныкташты. Өтүмдү алдырганыма алты эле ай болгон. Уккан кулагыма ишенбей бир жумадай нес болуп жүрдүм. Бир баскан жеримди он басып, ким эмне деп сүйлөп жатканын түшүнбөй, айтор өзүмө келе албай жүрдүм. Кудалар менен кыз узатуу күнүн да белгилеп койгонбуз. Эч кимисине айтпай кызымды күйөөгө узатып, 10 күндөн кийин ооруканага жаттым. Бактыга жараша, шишик химия терапиясынан кийин жок болуптур. Бирок дарыланып жүргөн эки жыл ичинде жинди болуп кете жаздадым. Акыры ушул "Курдашым" фондусуна келип кошулуп, өзүмдүн тагдырлаш адамдарымды жолуктуруп жеңилдеп калдым. Бул илдеттин канчалык кыйын экенин ооруган адамдар эле түшүнөт.

Бул рак илдетине кабылган беш аялдын эле тагдыры. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында Кыргызстанда күн сайын 15 киши аталган дартка кабылганын угат экен.

Тема боюнча

Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Жатын моюнчасындагы эрозиянын жеткен чеги — рак. Гинеколог илдет тууралуу
Белгилер:
аял, тагдыр, оору, рак, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ