Гүлмира жатын моюнчасынын шишигине кабылам деп эч ойлогон эмес. Онкологдор илдет өтүшүп кетиптир деп операция жасагандан баш тарткан. Аты жаман оорунун кесепетинен өлүп калсам керек деп ойлоп, кадимкидей үй-жайын жыйнап, камдана баштаган… Жадакалса күйөөсүнө жубай, балдарына мээримдүү эне издеген. Бирок бөлөсү сунуштаган дарыгерлер ракты жеңүүгө жардам берген.
Учурда Гүлмира Абдразакова командасы менен биргеликте ракка кабылган аялдарга материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөтүп келет. Келечекте аялдардын дарылануусу үчүн өлкөдө шарт түзсөм деген тилеги менен бөлүштү.
— Алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?
— Менин мекеним Советтер Союзу деп коем. Төрөлгөн жерим Ысык-Көл, түбүм Ат-Башыдан, чоңойгон жерим Чүй. Беш балам бар. Кичүүсү 16 жашта, улуусу 30дан ашты. Жолдошум суу чарбасы тармагында эмгектенет.
— Мектепти аяктагандан кийин окууга тапшырдыңыз беле?
— Турмуш шартка байланыштуу текстиль тармагына тапшырып окуумду бүтпөй калгам. Күйөөгө эрте чыктым. Мүмкүнчүлүк болгондо психология жаатында билим алсам деген максат бар.
— 13-14 жыл мурда рак оорусуна чалдыгып калган экенсиз. Алгач илдет тууралуу укканда кандай абалда болдуңуз, дартты кантип жеңдиңиз?
— Күтүүсүз болду. 2006-жылы Токмокко атайын акция менен белгилүү профессор-гинеколог Акылбек Шаршеновдун акысыз кабыл алуусуна бардым. Дарыгер менин организмимдеги шектүү өзгөрүүлөрдү көрүп, чукул арада онкологго барышымды айтты. Бирок мен коркуп барбай жүрө берип убакыт созулуп кетти. Дарыгерлерге барганымда биопсия алып, бир жумадан кийин операция жасамай болушту. Ооруканага жатайын десем бош орун болгон жок, кийинкисинде да жата албай калдым. Ортодо биологиялык кошулмаларды (БАД. — ред.) ичип алаксыдым, бирок башкалардай болуп табыптарга кайрылган жокмун. Андан кийин дарыгериме барсам, "дарт өтүшүп кетиптир, операция жасап өзүмө жоопкерчилик ала албайм" деп койду. Ошондо аябай стресс болдум. Кантип эле жапжаш туруп өлүп калам дедим. Анда 39 эле жашта болчумун. Кичүү балам үч жашта эле. Жолдошум да ооруп жүргөн. Үй-жайды жыйнап, акилеп, өзүмчө эле камынып баштадым… Жолдошума аял, балдарыма мээримдүү эне издедим. Күйөөмө жубайды туугандар менен курбулардын арасынан караштырдым. Эч болбосо бөлөмө айтам деп жүрчүмүн…
Ошол эле бөлөм тааныш онкологуна алып барып текшерүүдөн өткөрүп, химиялык дарылоо алмай болдум. Ал убак май майрамдарына туш келип калгандыктан үйгө кетип калгам. Келсем адистер химияны өз убагында албай ката кетирдиң деп урушуп, брахитерапия жана нур дарылоосунан өткөрүштү. Дарыгерлер мындан кийинкиси сиздин колдо, тагыраагы, психологиялык жактан бекем болуңуз дешти. Өзүмө келүү үчүн 3,5 жыл убакыт сарптадым. Интернеттен ракты жеңүү боюнча маалыматтарды карап, ичкен-жегенимди көзөмөлдөп, болушунча ден соолугума жоопкерчиликтүү болгонго аракет жасадым. Кудайга шүгүр, ооруну жеңе алдым.
— Сиз ошондо жатын моюнчасынын рагына кабылдыңыз да, бул оорунун белгилери кандай болду?
— Жатының оорубай эле, суюктук бөлүнүп чыга берет. Көп аял тармактык компаниялардын (сетевой маркетинг — ред.) тампондорун колдонушат. Бирок жатында папиллома вирусу пайда болуп калгандан кийин кыйын болуп калат. Инфекцияны дарыласа болот, ал эми вирус өлбөйт. Мындан сырткары, жатын моюнчасынын рагына адамдын иммундук системасы, стресс да себепчи. Дагы деле изилдөөлөр жүрүп жатат, оорунун так бир себеби айтыла элек. Дарыгерлердин айтымында, рак жашарып барат. 20 жаштагы кыздардын гормоналдык өзгөрүүгө дуушар боло электе эле ооруга чалдыкканын көрүп зээниң кейийт.
— Сиз ошондо толугу менен айыктыңызбы же анда-санда дарыланып турасызбы?
— Жок, дарыгерге деле барбайм. Болгону өзүмдү жакшы карайм. Тамакты ылгап ичем, көп басам, капа болбогонго аракет кылам. Реабилитацияга беш жыл кетти. Бул абдан маанилүү. Болбосо дарылануудан кийин калыбыңа келбесең, сасык тумоону дагы көтөрө албай калат экенсиң.
— Сиз ооруп жүргөндө жолдошуңуз кандай абалда болуптур? Маселен, оор учурда жубайларын колдоп, аяп мамиле кылгандар, ошол эле учурда таштап кеткендер дагы болот экен…
— Күйөөм абдан коркуптур, бирок мага эч билдирчү эмес. Көрсөтпөй ыйлап алчу экен. Аны мага эжемдер айткан. Биздин фонддо бейтаптардын мектеби бар. Ошол жактан ар кандай аялдын тагдырына күбө болдум. Эркектер көп учурда моралдык жана материалдык жактан чыдай албайт экен. Жолдошуман "менден кол үзүү тууралуу ойлор болду беле" деп сурасам, "кантип, мен өзүмө өзүм чыккынчылык кылган болбоймунбу" деген. Абдан ыраазы болдум. Башка аялдарды аяп кетем… (көзүнө жаш алып). Көптөн бери ыйлабай жүрдүм эле. Жакында эле жаш келин каза болуп калды. Кызылгүл…
— Мүмкүн болсо Кызылгүлдүн окуясы тууралуу айтып бересизби?
Биздин борборго кийим тиккен машина менен материалга каражат бөлүнүп калып, сумка тигип сатмай болдук. Мен дизайнын чийсем, Кызылгүл шуулдатып тигип берчү. Бул аз да болсо дарыланууга тыгын болду. Ошондо сыртынан жакшынакай эле жүргөн, мага ар дайым ыраазычылыгын айтчу. Өкүнгөнүм, иш менен жүрүп дарылануусуна көңүл бурбай калыптырмын. Ал кызга көз салып туруш керек болчу. Кызылгүлдү колдон учуруп жибердим… Эстесем көзүмөн жаш куюлат. Акыркы ирет химия алганда "оорум метастаза (оору очогунун жаңылап башка орунга которулушу — ред.) болуп кетти" деп кагаздарын көрсөткөн. "Өзүңдү таштаба, баары жакшы болот" деп жоошуттум. Дарылануунун башкача ыкмасына өтөлү деп жатканбыз. Жаңы схема менен дарыланганда тескерисинче ден соолугу начарлап кетти. Үч күндөн кийин кете бербедиби. Анын энелик бездери шишип кеткен (рак яичника — ред.). Бул абдан чанда кездешкен оору. Биз анын жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз экенин билсек да ар дайым дем бергенге аракет кылчубуз. Себеби психологиялык абал абдан маанилүү. Мен деле өтүшүп кеткенде келип айыгып кетпедимби. Бирок Кызылгүлдүн бөйрөктөрү дарыланууну көтөрө албай иштен чыкты окшойт.
— Сиз жетекчилик кылган "Биз ракка каршыбыз" коомдук фондусуна жүздөгөн аялдар келсе керек, Кызылгүл сыяктуу эсте калгандары кимдер болду?
— Көлдүк бир келин эсимде. Өзү эмчек рагы менен жабыркачу. Баласы да курулушта иштеп жүрүп ооруп калат. Ал топтогон акчасына унаа сатып алып, таксиде иштеп апасына жардам бермекчи болот. Бирок туугандары карызга сурап кетип, акчаны убагында кайтарбай коюшуптур. Биздин фондго келгенде келиндин дарылануусуна эки-үч жолу жардам бердик. Андан кийин эч кимге кайрылбаптыр. Ортодо эжем каза болуп, ага убакыт бөлө албай калдым. Аяк-башымды жыйып, телефонуна чалсам, номери өзгөртүп кетиптир. Майып кызы бар эле. Анысы бир киши менен жүрдү, ал болсо сүйөм деп жүрүп боюна бүткөндөн кийин таштап кетиптир. Көрсө, тиги кишинин үй-бүлөсү бар экен. Бала болсо төрөлдү. Келин кызына алаксып өз ден соолугуна көңүл бурбай калды окшойт. Өзү ачык-айрым сүйлөгөн адам болчу, бардык нерсесин жашырбай айтып берген. Акыркы жолу шишиктер өпкөмө чейин жайылып кетти деп жаткан. Эмгиче эмне болду билбейм, тирүү эмес го деп коркуп жатам. Андан бери бир жыл өттү.
— Оорудан бүк түшүп жатса, колдогондун ордуна күйөөсү кордогон келиндерди да жолуктурсаңыз керек.
"Кебетең кантет, сени менен кантип жашайм" деген күйөөлөр бар. Керек болсо көзүнчө айтышат. Бир келин жаңы эле жандандыруу бөлүмүнөн чыкканда кайненеси "баламдын башын бошотуп кой" деген. Ал сөөк рагынан улам бир бутун кестирген. Анткен менен күйөөсү үч баласын аяп жубайына кайтып келди.
Дагы бир келин сөөк рагынан бир бутун кестирди. Операцияга араңдан зорго макул болду. Күйөөм таштап кетеби деп абдан коркот. Жолдошу али көрө элек, Россияда иштейт экен.
— Эмчектин рагында онкологдор эмчекти кесип салышат экен. Аял үчүн денесинин эң кооз жери анын төшү экендиги талашсыз, операциядан кийин кыйын эле болсо керек. Протезди кийгендер да, кийбегендер да бар экен.
— Анын баары эле акча да. Арзан протездер 300-500 доллар, жакшылары 700-800 долларды чапчыйт. Айылдыктар төшүнө кебез же чүпүрөк салып коюшат экен. Эмчек оор да, кесилген жагын сөзсүз теңдеш керек. Антпесе омуртка тутумуна күч келип сколиоз башталат.
— "Биз ракка каршыбыз" коомдук фондусун кандайча жетектеп калдыңыз?
— Дарыланып жүргөндө өзүмө окшогон аялдарды көп эле жолуктурдум. Бир күнү эле алардын туугандарынан, күйөөлөрүнөн жерге бердик же кыркын өткөрдүк дегенин угуп калчумун. Ошондо өзүмдүн диагнозумдан эмес, аялдардын тагдырына кайгырдым. Бирок мен көп ыйлачу эмес экенмин. Башкалардын жашы кургабай жүргөнүн көп эле көрдүм. Ооруну жеңүүдө психологиялык жактан жардам абдан маанилүү. Бейтаптарга убагында туура маалымат берилиши керек. Ошондуктан рак менен жабыркагандарга жардам бере баштадым. "Биз ракка каршыбыз" коомдук фонду мурда эле бар болчу. 2013-жылы жетекчи болуп бер деп суранышкан. Кеңседе туруктуу 4-5 адам иштейбиз. Калганы келип-кеткендер.
Региондогу айымдарга карап социалдык тармактан тайпаларды ачканбыз. Маселен, WhatsApp группада 70тей адам бар. Аялдар бири-бирине жардам берип, башынан өткөн окуяларын айтып беришет. Мындан сырткары, экосумкаларды тигип сатабыз. Долбоор, семинар, тренингдерге активдүү катышабыз. Жакынкы күндөрү рак оорусун алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрөлү деп пландап жатабыз. Ошондой эле айылдарды кыдырып, ракка чалдыккан аялдардан кабар алып турабыз.
— Элетке болгон иш сапардан зээнди кейитен кандай учурга туш болдуңуз эле?
Кийинки медициналык кароодо Көлгө барганбыз. Ошондо эки-үч келиндин шишик оорусу аныкталды. Аларга чалып дарылангыла деп айтып турдум. Ошонун бири келбей калган. Көрсө, күйөөсү "сен баары бир өлөсүң" деп дарыланганга уюн саткысы келбей жибербептир. Каза болгондо ошол эле уюн союптур. Эми камыр жууруп, ар кайсы кошуна келинге нан салып берип койчу деп жалдырап жүрөт дейт.
— Кандай кыялыңыз бар?
— Үй-бүлөдө бакубатуу өмүр сүрүп, балдарымдын жакшылыгын көрсөм дейм. Мүмкүнчүлүк болсо Кыргызстанда рак оорусу менен жабыркагандар үчүн реабилитациялык жана диагностикалык борбор ачкым келет.