Депутат Мавлянова: кытай туристтерине визасыз режим киргизүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Махабат Мавлянова. Архив
ЖК депутаты Махабат Мавлянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү кытайлык туристтер Россия менен Казакстанга 15 жылдан бери визасыз кирип жүргөнүн айтты.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү туризм тармагынан түзүлгөн ички дүң продукциянын 30 пайызын дал ушул кытай туристтери берерин, Кыргызстан туризм боюнча потенциалы көп болгону менен анын 10 пайызын да колдоно албай жатканын кошумчалады.

Депутат Россия менен Казакстан Кытайдан топ-топ болуп келген туристтер үчүн визасыз режим киргизгенин айтып, алардын тажрыйбасын колдонуу керектигин айтты.

"Россия менен Казакстан 15 жылдан бери тобу менен келген кытай туристтери үчүн визасыз режимди иштетип келет. Кытай биздин жаныбызда. 30-40 турист тобу менен келсе, аны туристтик компания Кыргызстандан кайта чыгып кетүүсүнүн милдетин алып, кыдыртып, кайра узатып коюшат. Бул жерде компаниянын жоопкерчилиги абдан жогору. Биз эмне үчүн потенциалды колдонбойбуз? Мигарция кызматы, УКМК алардын баарын бул жакта калып кала турчу жаран катары көрүшөт экен. Биз башка жагын да карашыбыз керек. Кыргызстанга келген туристтердин кайта чыгып кетишин камсыз кылсак, курч көйгөйдү чечмекпиз. Бир жылда 5-6 миллион туристти тейлеп канчалаган киши жумуш менен камсыз болмок", — деди депутат.

Эл өкүлү аталган маселени парламенттин профилдик комитети буга чейин да караганын, аны кайрадан профилдик комитетке тапшыруу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0