00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хан болуп кетсең да!.. Достор ортосундагы 7 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүБоз үй тигип жаткан адамдар. Архив
Боз үй тигип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Достун досу жакшылыкта эмес, жамандыкта билинет эмеспи. Чыныгы дос жоодо жолдошун таштап кетпеген, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган адам.

"Шерикти ууга же жоого чыкканда сына" демекчи, чыныгы дос кандай болушу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратов менен ЖК депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиевдин китептеринин негизинде тизмектеп чыкты.

Атчан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки сүйлөбөйт, беттегенин бербейт! Жигитчиликке карата 7 "болбойт"
Кызматка карабайт, акчага алмаштырбайт. Акча — колдун кири, дос деген түбөлүк. Эгер байып же жакшы кызматка барып калсаң, досуңду карабай, теңсинбей койбо, кабарлашып жолугуп тур! Ошондой эле достукту бийлик, байлык же мансап үчүн курба, түбөлүгү кыска.

"Жок" деп айтпайт. Жакшы эш, кан дос гана бири-бирине жанын бергенге даяр. Жарма жолдош антпейт. Бир нанды бөлүшүп жеген шериктердин гана достугу бекем болот.

Сырларын сыртка чыгарбайт. Жоро-жолдош ортосунда төгүлгөн сыр, айтылган сөз сыртка жайылып кетпеши керек.

Кайдыгер карабайт. Достор бири-бирине бир тууганына күйгөндөй күйүп, боор тартып турушу зарыл. Керек болгон учурда дос бир туугандан да артык мамиле кылып коет. Андыктан шеригиңдин кадырын биле жүр!

Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"
Кек сактабайт, таарынышпайт. Алебетте, пикир келишпестиктер болот, бирок чыныгы достор бат эле жазылып, табышып, жарашып алат. Эгер досуң сага таарынып, кек сактаса, анда ал сенин түбөлүк антташкан жолдошуң боло албайт. Достукта кечиримдүү болгон оң.

Оокатына көз артпайт. Чыныгы достор бири-биринин дүнүйө-оокатына көз артпайт. Ийгилигине, жетишкендигине чын дилинен кубанат.

Майдаланбайт. Жоро-жолдош бир сөздөн, бир көз караштан түшүнүшкөн, кандай кырдаал болбосун тикеси менен тик турган адамдар. Алар болор-болбоско урушпайт, майдаланбайт. Турмушта эш киши жердей, суудай, көктөй керек.

Сыныкты бүтөп берер, үзүлгөндү түзөп берер достор көп болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0