Милиция Чубак ажынын "сурагы" тууралуу түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Чубак ажынын адвокаты Акин Токталиев милиция аны Чолпон-Атада дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алып келип, 6 саат суракка алаганын билдирген

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду милиция Чолпон-Атадан коштоп келген эмес. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Чубак ажынын адвокаты Акин Токталиев милиция аны Чолпон-Атада дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алып келип, 6 саат суракка алаганын билдирген.

Оморов адвокаттын айрым сөздөрү туура эмес айтылганын белгиледи.

"Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн Азиза Абдирасулова прокуратурага арыз жазган. Андан соң бул боюнча Бишкек шаардык тергөө бөлүмү иш алып барган. Чубак ажы суракка алынган эмес. Арыз таанышырылып, суроо-жооп иретинде аңгемелешүү болгон. Ал чакыруу жиберилгенден кийин милициянын коштоосунда эмес, өзү келген. Аңгемелешүү да саат 10.00дөн 13.00гө чейин гана болгон", — деди маалымат катчы.

Ошондой эле ал Чубак ажынын үстүнөн айрым депутаттар прокуратурага арыз жазганы туурасында маалымат жоктугун билдирди.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0