Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев 40 жаш курагында дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча эл өкүлү 11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумду

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. "Республика — Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев көз жумду. Аталган билдирүүнү фракциянын маалымат кызматы тастыктады. 

Алдын ала маалыматтар боюнча эл өкүлү 11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон. 

Улан Чолпонбаев 1977-жылы Фрунзеде дарыгердин үйүндө туулган. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0