… Чынын айтсам, акыркы катты армияда Германияда кызмат өтөп жүргөндө ата-энеме жазгам. Ошондон бери калем кармап, эч кимге кат жолдобоптурмун.
Эсимде, кат жазып жатып, унутуп калган нерсеңди "ии, баса…" деп андан ары улап кетээр элем.
Азыр катты эстеп отуруп, ар кыл ойлор чуубуруп келе баштады.
Азыр деле кичинекей кезимде үйрөнгөн музыкаларымды ойногондо мага жыт келет. Бул катымды эмнегедир салам кат эмес, музыкалык кат деп атагым келди.
Кат балалыгымды, музыка менен алектенип, музыкалык аспаптарды ойнойм деп далалат кылып жүргөн учурумду эске түшүрдү. Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектепти аяктадым.
Ата-энем ырдаган музыка мен үчүн өлбөс болуп калды
Эсимде… үйгө конок келгенде атам, апам ырдачу, аларды азыр мен репертуарыма кошуп жасап алгам. Алар мен үчүн өлбөс музыка болуп калды. Муну кат менен байланыштырган себебим, ал кезде шыгым болгону менен билимим болгон эмес. Ошентсе да кичинекей гитарам, анан комузум болор эле.
Мектеп жашоосу. Атамандык жана хоккей
Мектепте өтө тентек болчумун. Кошуна балдарды ыйлатып, атамандык кылчумун. Мектепте хоккейди катырчубуз. "Тигр" деген командабыз бар эле, Ленинград шаарына (азыр- Санкт-Петербург) чейин барып, 3-орунду алып келгендеги кубанычты айтпаңыз.
Спортко жакын элем. Мени бала кезден тааныган спортчулар "ал кездеги аракетинен тайбаса, таштап салбаса мындан чоң спортчу чыкмак" деп айтып калышат. Эми мунун баары буйруктан.
Аркы көчөнүн ызы-чуусун чыгарып, билмексен болуп келип калчумун. Албетте, ата-энең билип калган учурларда тил угасың.
Балдардын чөнтөгүн каккан учурларды эстейм. Балдарды тизип коюп секиртсең тыйындар өздөрү эле айгак болуп шыңгырап калат. Ал кездеги тыйындар да колго кармасаң берекелүү, салмактуу эмес беле. Алып кел дейсиң, тим эле асманды көтөрүп тургансып керсейе. Азыр эстесем уяла түшөм. Чынын айтыш керек, мыкты эмес, орточо окудум. 5-класска чейин беш деген баалар коштосо, андан кийин алар менден оолактай баштады.
Бешинчи класстагы махабат
6-7-класста болсок керек эле, "давай временно дружить" деген сөз пайда болгон. Бала экенбиз да. Временносуна деле маани бербептирбиз.
Биздин аймакта чер ара зонасы болгондуктан, сабак берген эжелердин баары офицерлердин жубайлары эле. Бизге окутуунун ыкмасы Москвадан түз келгенинин себеби, алар Россиядагы сабак өтүүнүн ыкмасын бизге колдончу. Андыктан Нарынга окшогон аймактарга билим берүүнүн жаңы усулдары өзүнөн өзү эле түз жетип калчу.
Биздики немис тилине ыктаган мектеп эле. Директорубуз немис улутундагы Унгефух аттуу педагог болучу, бизди башталгыч класста анын жубайы Мария Давыдовна деген эжей окутту. Азыр алар Германияга үй-бүлөсү менен көчүп кетишкен. Балдары тянь-шандык, кыргыз улутундагы кыздарга үйлөнүп, алар да жер которуп кетишти. Алар кыргыздашып калышкан, тили деле биздикиндей, тамак-ашы деле биздикине окшош болучу.
Пахта теримден качкан учур
Мени тентектик азабынан ПТУга жиберишкен. Андан кийин Оштогу педагогикалык институтка өтүп, кийин айыл чарба ишине пахтага жиберишти. Аны терген азап экен, кол шилтедим да Нарынган кайра Ан-2 менен учуп кеттим…
Көлдөлөңүн көтөрүп келип уккан санжыра
Токталы атам санжырачы, тарыхчы эле. Санжыра айтканда жаныбызда жайгашкан өрт өчүрүүчүлөрдүн бөлүгү ишин унутуп, муюп отуруп калышчу. Ал ошону менен уланып кетип, кеч курун эл мал-жанын жайлап коюп, анан чоң сөзгө киришчү. Эл өздөрү алдына салып отура турган көлдөлөңүн көтөрө келип укчу эле. Атам образга кирип кетип, ар бир урууну, тамырды чечмелеп кирчү. Беркилер кудум эле телевизор көрүп отургансып, тымтырс. Бүткөндөн кийин өзүнчө эле майрам болчу. Азыр баамдасам, элге ошондой сөздөр сиңимдүү болот экен да.
Эсимде. Ордо ойношор эле, ал бизде абдан өнүккөн. Ат чабыш деген абдан катуу эле. Жулкунган аттар. Жылкыдан абдан коркоор элем.
Жакында эле кичи мекеним Ак-Талаага барып, акысыз концерт коюп, аксакалдардын батасын алып, көзү өтүп кеткендердин арбагына куран окутуп кайттым. Неберемден бери алып бардым. Балдарым өзүнүн эл-жерин билиши керек да. Киндик кан тамган жер деп коет эмеспи.
120 мамлекетти көрдүм, бирок туулган жер өзүнө тартып турат. Дем берчү ыйык жерибиз бар эмеспи. Далай сунуштардан баш тарттым. Чоочун жакта калгым келген жок. Турмушта бир жашагандан кийин из калтырыш керек.
Азыркы муундарга окугула, билим алгыла, көзүңөр ачылсын, китеп окугула демекчимин. Мекенди, үй-бүлөнү, Кудайды сүйгүлө.
Саламым менен уулуңар, агаңар Курмангазы Азыкбаев.