"Ак кемедеги" бейтаалай Бекейдин ролун ойногон актриса кантип отундун үстүнө төрөлгөндүгүн жана аттын кулагы менен ойногон учурун айтып берди.
Саламатсыңарбы, айылдаштарым.
Айылга кат мага көптү эстетти, жомоктогудай жайлоолорго жетелеп, көлдүн шарын кулагыма тартуулады. Мен чоң дүйнөгө Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынан учуп чыккам.
Эсимде. Сагынычка толгон катты байма-бай Москвадагы театралдык институтка өткөн 1969-жылдары үйгө жазчумун. Ар бир каттын башталышы "Табияттын таш боор кырсыгынан алыс, Ала-Тоо жергесинде жашап жаткан ата-энеме ысык салам" деп шилтене турган. Же ал учурда ушундай тартипке (шаблонго) салынып калды беле, билбейм. Кат жазуу — жакындарыңдын, бир боорлоруңдун, ата-энеңдин, сен жакшы көргөн адамдардын аманчылыгын билүү, алар тууралуу көңүл тынчыткан кабар алуу болучу.
Эсимде. Кичинекейимде гүлдүн ширесин, нектар дейбиз го соруп чоңойдум. Каакым, кызыл кабык, ышкын тердик. Таштан ташка тийип аккан таптаза мөлтүр суу. Көлдүн жээги, тоонун этеги.
Атка минип алып, кой кайтарар элем. Кой жуушап калганда камчыны жерге ыргытып жиберип, чаап келип, эңип кетчүмүн. Канчалык эңсем, ошончолук сүйүнүп, кайталачумун. Сырттан караган кишиге 8-9-класста окуган кыздын бул кылыктары кызыктай эле көрүнсө керек деп коём. Эшектен жыгылып, колум сынган күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Эсимде… түйшүкчүл болчубуз. Кезүү кайтарып, нан жабыш үчүн куурай орчумун. Чо-ооң кылып жонубузга жүктөп келчүбүз. Тезек чампалаар элек. Өрмөк согуп, чий менен терип, шырдак шырый турганбыз. Барскоон менен Тамганын оротосунда Кашат деген сай болор эле. Суу акпай калганда ошончо аралыктан айылдын кыздары шарактап түшүп барып, шарактап чыгып келчүбүз. Таенем Баяндын колунда чоңойгондуктан, ал кишиден көптү үйрөндүм. Азыр эстесем сонун жана таттуу жашоо экен да. Көрсө, ошентип эмгектенгенибиздин да өзүнүн керемети бар экен. Бала кезде аны оор көрүп, түйшүк дечүбүз.
Эсимде… жети бир туугандын арасынан мен чыгармачыл болдум. Ырдап-чордогонумду өзгөчө жарыя салчу эмесмин. Ал кездин кыздары уяң болчу го дейм. Анткен менен мектепте, класста ойда бир заңкылдап ырдачумун.
Отундун үстүнө төрөлүп…
Айылды жайында көп эстейм. Ат минип тоого чыккым келе берет. Жайлоону алыстан карап коём.
Мындан 69 жыл мурда, 30-июнда "Алтын күнгөй" деген жайлоодо үйдөгү экинчи бала болуп жарыкка келиптирмин. Согуш жаңы бүткөн жылдар. Кош бойлуу энемдин Сылый аттуу абысыны менен атам экөө төрөтмөй болушат. Апам байкуш түнү менен толготот, толгоосу бышып калганда атама "жеңем (абысыны – ред.) үйүнө кете берсин, өзүм эле көз жарам", — деп жалооруйт. Сылый апамдын узап баратканын кийиздин жыртыгынан карай коем деп өйдө боло бергенде этегинин "булт" этип бала түшүп кетет. Болгондо да отундардын үстүнө түшүптүрмүн…
… Бала (Назира Мамбетова – ред.) эки күн бою жаагын баспай ыйлайт. Чабандардын боз үйлөрү бири-бирине жакын тигилип турат эмеспи. Ары жактагы кемпирге какшап ыйлаган мени алып барышыптыр. Ал тияк¬-биягымды текшерип, эки бутумду алаканына таканчыктатып койгондо колу ысып кетет. Көрсө… согончогума чөңөр кирип кетиптир. Анан баягы отундун үстүнө төрөлгөнүмдү эстешет. Кемпир лезвия менен бутумдун ысып чыккан жерин жара тилип, тикенекти сууруп чыгып, канаган жерге кийизди күйгүзүп басып таңып, мени энемдин колуна карматат. Үйгө келгенде үч күн тынбай уктаптырмын…
Жоготуулар… эсимде. Энем 56 жашында кырсыктан, атам 75 жашында дүйнө салды. Апам бизди төрөп, балдары жаңыдан бутуна туруп келе жатканда эч нерсени көрбөй кете берди. Ал эми таенем да 63 жашында каза болгондо, 7-класста окучумун. Мен жер үстүндө жалгыз калгандай сезилген. Аны сагынып ыйлаган түндөрүм али эсимде.
Ак пейилдик жана тазалык
Азыр… Дүйнөгө дал ушул жерден жаралып, Барскоон, Тамгада өскөнүмө бактылуумун. Бала кезде сулуулуктун арасында чоңойгон экенмин. Ал кезде жаманчылык, арамдык дегенди билчү эмеспиз да, ошондуктан айыл мага таза сезилет. Эсимде таенеме кошуна Алымбүбү апа келип, аркы беркини сүйлөшөр эле. Темасы — шырдак, кийиз, боёктун кирген, кирбегени болучу. Азыр эки аялдын башы кошулса, таптакыр бөлөк кеп айтылат. Ал кезде адамдардын көкүрөгү, жан дүйнөсү көрсө, башкача тура. Мен ошол тазалыкты, ак пейилдикти сагынам, айылым!