Ал мээнеткеч энелерин, айдоочу кылган атасын жана жалгыз бой кошунасы Тургун чоң энени эстеди. Баягы балалыкты издеп, таппай келе жатканын айтып берди.
Бүгүнкү катым Ат-Башыга даректелди. Дайыма ата-энем жанымда болгондуктан айылга кат жазууга мүмкүн болбоду. Анан калса, уюлдук телефон байланышы аралыкты алыстатпай калбадыбы. Ошентсе да кат жазуу салтынан пайдаланып, айылга сагынычтуу салам катымды жолдоп, эстен кеткис эрке күндөрүмдү күйөрмандарым менен бөлүшүп калууну туура көрдүм.
Саламатсыңбы, Ат-Башым, амансыңбы айылдаш?
Балалыгымдын бал күндөрү эмгек менен жуурулушуп, ары кызыктуу, ары пайдалуу өттү. Мал киндиктүү Ат-Башыда атамдын короосу да эселенип, уй саамай, кой кыркмай, мал жаймай салты менен чоңойдук. Жай келгени апамдын эрмеги — жүн сабамай, кийиз тепмей, шырдак жасамай, тери ашатып, көлдөлөң даярдамай. Күндүзү кийиз тепсек, кечинде шырдак шыруу. Аны да шурудай кылып тизип шырымай талабы бар эле. Азыркы кезде эстеп таң калганым, апамдын кызматта иштеп, ошол эле учурда мал карап, кийиз жасап, аялга таандык бардык милдеттерди үлгүрүп жасаганы болуптур. Бир күнү тажаган окшойм, же жалкоолукка алдырдымбы, "мага шырдак бербей эле койгулачы, мен килем эле төшөп салам үйүмө" депмин. Эми шаардагы үйүмдө ошол шырдак, көлдөлөңдөрдү күбө түшүп кетпесин деп коруп, убарамын.
Эсимде. Мал-жанын айдатып, жээн, неберелерин алып жайлоого чыгып кетээр эле. Чоң апамдын чоң боз үйү, күмүш капталган ээр токуму – мунун бардыгы азыр да сакталуу. Бир күнү жайлоодо балдар балык кармоого кеттик. Кайтып келе жатсак, биздин боз үй көрүнбөйт. Бизден чоңураактар "апам кетип калды, эми бизди карышкырлар жеп кетет", — дешти. Ал бизди тамашалап коркутканы экен. Көрсө, биз жокто апам жалгыз туруштук бере албай боз үйдү шамалга алдырып жибериптир.
Эх-хх, жайлоо… ышкын, кемирчек жеген, сүт-кымыз ичкен, балык уулап, карагай сагыз кайнаткан кайталангыс күндөр. Жакында жайлоого бардым. Бирок балалыктагы бактылуу учурларды издеп, таптакыр таба албадым…
"Настоящий Төкөр тас"…
Эсимде… Бардык жакшы товарлар тартыш эле. Райондук активдин, анан да соодагердин кызы катары тартыш товарларды кийип чоңойдум. Бирок айрым учурларда ата-энемдин кызматы да акыркы товарды алып кийүүгө жардам бере албай калуучу. Ошол жылдары мыкты товарлардын көбү же этке, же жүнгө алмашылып берилээр эле. Кошуна Талды-Суу айылына бир ишкер ошол кезде каны жерге тамбай турган "Адидас" спорттук кийимдерин алып келиптир. Ал да жөн сатпай, жүнгө алмашуу жолу менен берет. Үйдүн эркеси катары атамды кыйнап, "Жигулисине" кап-кап жүндөрдү жүктөтүп Талды-Сууга айдатып бардым. Кыялданган кийим колго тийип, тим эле компоём. "Опол-тоодой" эмгек менен жеткен "Адидасты" кийип мектепке барсам, ага жетпей калган балдар "Кто носит фирму Адидас, тот настоящий төкөр тас" дешип мага тийишет. Эх-хх… Жүзүмө жылмаюу тартуулаган ошол мезгил, ошол күндөр… Азыр да Төкөртасты, жинди Айшаны эстеп, андан аркы тагдырлары кандай бүттү экен деп ойлоп, ичимен аларды аяп да кетем…
Ошентип менин балалыгым жүнгө алмашкан "Адидас" этке алмашылган "Мальвинка", Малдыбай байкенин мыкты товарлары, дүкөндөргө тизилген узун кезектер, айылга биринчи келген оң рулдуу иномарка, индиянын тасмалары үчүн төгүлгөн көз-жаштар, "Синкерс" жеп мактанган күндөр менен да эсимде калыптыр.
Шекерге катырылган көкүлдөр
Мен музейдин директору болгондо… К. Мамбеталиев атындагы орто мектептин мыкты окуучусу катары мектеп алдындагы музейге директор болуп дайындалдым. Милдетим – мектепке келген меймандарга музейдеги экспонаттарды тааныштыруу, музейдеги эски буюмдардын абалына, тарыхый табылгалардын сакталышына жооп берүү эле. Анда мен 5-класстын окуучусу элем. Бир күнү Кытай Эл Республикасынан меймандар келип, аларга кызмат кылып калдым. Ошол эмгегим мен жөнүндө жазылган биринчи макаланын каарманы кылды. "Музейдин директору, мектеп окуучусу Чынара Капарова кытайлык меймандарды кабыл алды" деген макала мени түнү менен уктаткан жок. Анткени таң атпай мени бүт район тааныйт деген балалык мактаныч кыял бар эле…
"Санта Барбараны" катырган Тургун чоң апа
Тургун чоң апа биздин кошунабыз эле. Жалгыз бой жашачу. Чалынан эрте ажырап, жалгыз кызы күйөөгө кеткен. Жалгыздык жаман эмеспи, биздин үй-бүлөнү караан тутуп, улам кирип-чыгып, атам менен апам мейманга кеткенде бизге көз-баш болуп жүрдү. Анын салган бозосун Ат-Башы айылынын эли жактырып ичер эле. Күн сайын биздин үйгө "Санта Барбара" сериалы башталаар алдында кирип, ошол тасмадагы ар бир каарманга күйүп, бышып, жакшы көргөн каарманы үчүн жашып да алчу. Бир күнү апа келбей калды. Ага көнүп алыптырбыз, эмне болду деп үйүнө баш бактым. Ал "бүгүн "Санта-Барбарадагы" Сиси өлүп калышы мүмкүн, мен анын өлгөнүн чыдап көрө албайм", — десе болобу. Ошондо тасма байбичеге күчтүү таасир калтыраарын баамдагам. Кийин Тургун апа телевизордон мени күтүп көрүп жүргөнүн, мени көрүү үчүн жаңы сыналгылуу болгонун айтып, шаарга салам жолдоп турду. Өкүнгөнүм, ошол чоң апа менен коштошпой калганым…
Атамдын туфлиси
Менин кымбат айылым, сенде өткөн балалыгымдын ар бир мүнөтү баа жеткис. Сагынам, куса болом. Колуман келсе ошол күндөрдү кайра сурап алып, ошол күндөрдө түбөлүк калгым келет… Эмне демекчимин, Ат-Башым, аман бол!
Урматым менен кызыңар Чынар.