00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:04
56 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Ежедневные новости
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кутман кеч ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгүнө кулак салыңыздар. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну....НАТО Москванын позициясы тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады ЕАЭБдин 2027-2029-жылдарга карата транспорттук жол картасы даярдалып жатат Жапаров Грузиянын премьерине Ысык-Көлдө кыргыз маданиятын көрсөттүПрезидент Садыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге Ысык-Көлдө кыргыз маданиятын көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда өлкө лидерлери Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Номад" этно-комплексине барышкан. "Лидерлер кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспозициялар жайылган боз үй шаарчасына барышып, комуз, кийиз, зер буюмдардын, чопо идиштердин жасалышын көрүштү. Улуттук ат оюндары жана салбуурун, кыз куумай, жаа атуу жана каскадер-чабандестер өнөрүн тартуулашты", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек, Грузин өкмөт башчысы Кыргызстанга өлкө президенти Жапаровдун чакыруусунда расмий сапар менен келген.
ЕАЭБдин 2027-2029-жылдарга карата транспорттук жол картасы даярдалып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, документти иштеп чыгууда транспорт тармагын санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта ИАТАнын тажрыйбасы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Тараптар авиация тармагындагы кызматташтыкты жана эл аралык авиаташуулардын келечегин талкуулашты.
Кыргыз фермерлер Россия менен Швейцарияда жүргөн букалардын алгачкы төлүн ала башташты Айыл чарба министрлиги былтыр жасалма уруктандырууга 60 млн сом бөлүнүп, 200 миңдей уй жана кунаажынды уруктандыруу пландалганын билдирди. Бул үчүн жогорку сапаттагы асыл тукум букалардын уруктары Россия жана Швейцариядан сатып алынган. Учурда голштино-фриз, симментал, швиц жана абердин-ангус породалары колдонулууда.
Москва НАТО менен жаңжалды каалабайт. Бул туурасында аталган альянстын Европадагы Бириккен Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алекс Гринкевич айтканын РИА Новости жазды. "Чалгын кызматы берген маалыматтарды терең үңүлүп карап чыктым. Россия согушка умтулбайт", — деп анын айтканын Financial Times жазган. Москванын Балтика боюндагы өлкөлөргө каршы аскердик күч колдонуу ыктымалдыгы боюнча узатылган суроого ал ушундай деп жооп берди. Россия акыркы жылдары НАТО батыш тарабындагы чек арасына улам жакындап келе жатканын айтып коңгуроо кагып келген. Альянс муну агрессияны ооздуктоо деп атайт. Москва блоктун Европада күчүн арттырып жатканына да нааразы болгон. РФтин Тышкы иштер министрлиги альянс менен тең укуктуу диалогго ачык экенин, ал эми Батыш аймакты милитаризациялоо оюнан кайтышы керектигин айтып жүрөт. Мурдараак РФ лидери Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы деп, чектөөлөр бүтүндөй дүйнөлүк экономикага олуттуу кесепетин тийгизгенин билдирген. Путиндин айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 24 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 20 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 85 сом 90 тыйындан жогору, дизель майы литрине 93 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы 14-июнга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +22...+27 градуска жетет. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, +34...+36 градус ысыйт. Ал эми Ош шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү +33...+35 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0