00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:04
56 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Ежедневные новости
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
8 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:09
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Макс Фрай: писатель, которого не существует
18:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кайрымдуулук үчүн банктык жеке карталарга акча чогултууга тыюу салуу сунушталууда. Алдыда кененирээк...Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Улукбек Карыбек уулу коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, бардык кайрымдуулук уюмдары акча чогултуу өнөктүктөрүндө отчетту милдеттүү түрдө бериши керек жана бирдиктүү мамлекеттик порталда катталышы максатка ылайык. Ошондой эле кайрымдуулук үчүн атайын эсептерди колдонуу сунушталууда. Эгер чогултулган каражатты белгиленген максатта пайдалануу мүмкүн болбой калса, мисалы, бейтап каза болуп калса, дарылоодон баш тартса же керектүү суммадан ашык акча топтолсо, калган акча башка кайрымдуулук максаттарына багытталат. Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексиндеги “Алдамчылык” беренесин “кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзүү шылтоосу менен жасалган жосун” деген пункт менен толуктоо сунушталууда.
Кыргызстанда аутизм менен катталган балдардын саны 380ге жетти. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча аутизм менен жабыркаган 380 бала каттоодо турат. Бирок бул көрсөткүч өлкөдөгү чыныгы абалды толук чагылдырбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Бакытбек Кадыралиев Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда аутизм боюнча терс динамика байкалууда. Ошол эле учурда бул диагноз коюлган балдардын саны дагы деле аз катталууда.«Бүгүнкү күндө каттоодо 380 бала турат. Бул, албетте, так эмес маалымат. Биз мындай балдардын саны мындан да көп деп эсептейбиз», — деди Кадыралиев.Ошондой эле ал Даун синдрому менен 563 бала жана балдардын церебралдык шалы (ДЦП) диагнозу менен 3 227 бала каттоодо турганын маалымдады.Адистердин айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — аутизмди эрте аныктоонун жетишсиздиги. Мындан тышкары, өлкөдө балдар психиатрынын, психологдордун жана реабилитация боюнча адистердин тартыштыгы сезилүүдө. Айрыкча аймактарда мындай кызматтардын жеткиликтүүлүгү чектелүү бойдон калууда.
Быйылкы жылдын 15-июнунан тартып Кыргызстанда адал индустриянын талаптарын бузган тараптарга айып салынат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Тиешелүү өзгөртүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген. Ага ылайык, стандартты сактабагандар 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле текшерүүсүз адал сертификатын бергендерге 65 миң сом айып пул каралган. Мындан тышкары, мал багуу менен союунун эрежесин бузуу, керектүү документтин жоктугу, жасалма сертификат үчүн жоопкерчилик киргизилди.
Владимир Зеленский сактап калуу зарыл болгон тилдердин тизмесинен орус тилин чыгарган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчук билдирди. "Орус тили мындан ары Украинада улуттук азчылыктардын тилдерин коргоо боюнча Европалык хартиянын алкагында өзгөчө коргоого алынуучу тилдердин тизмесинен чыгарылды", — деп жазды Стефанчук социалдык баракчасына Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге берген маегинде Зеленскийдин бул кадамын неонацизм деп атады. 2025-жылдын декабрында Жогорку Рада коргоого алынуучу тилдердин тизмесинен орус тилин чыгаруучу мыйзам долбоорун жактырган. Ошол эле учурда тизмеге урум, румей, ром, чек, крымчак, карайым жана идиш тили кошулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0