Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев
Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
55 жаштагы КРдин Эл артисти, кыргыз музыкасынын "касапчысы" Курмангазы Азыкбаев жан киргизген айрым аспаптарынын аталышы, жасалышы тууралуу маек куруп берди.

Маекти журналист Гүлдана Талантбекова кунт коюп жазып алды.

— Агай мурда берген интервьюларыңызда 54 аспапта, анын 37синде таза ойнойм деп айтыптырсыз. Азырчы?

— Музыка дүйнөсү терең түшүнүк. Учурда кыл-кыяк, тогузген, жетиген аспаптарында чала ойнойм. Булар элге кеңири тарала элек. Мен алардын артынан уйгактай түшүп массалык түрдө таратып беришим керек. Изилдеп, аркасынан кууган аспаптарым көп. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта. Күн сайын уйгу-туйгу, изденүүдө жүрөбүз. 

— Аспаптарды жаратуу идеясы кайдан келет?

— Ата-бабалар бизге калтырбай, тиги дүйнөгө алып кеткен аспаптарды түшүмдө аян аркылуу алып, кайрадан жаратам. Ой деген тогуз айлап баладай болуп төрөлүшү керек. Шашып кетип элди күлдүрүп алуу бат эле. Маселен, мүйүз менен жасалган аспаптан үн чыкпай коюп үч жыл жаткан. Бир күнү кокусунан гамма (үндөрдүн ырааты менен жогорулашы же төмөндөшү) чыгып кетти. Ишенесизби, мен үч күн ыйладым. Мына аспаптын төрөлүшү деп ушуну айтат. 

© Фото / личный архив Курмангазы АзыкбаеваКонцертке барганда эл келээрге чукул музыканы ойноп, залга дем-күч бере турган аура түзүп коем
Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым - Sputnik Кыргызстан
Концертке барганда эл келээрге чукул музыканы ойноп, залга дем-күч бере турган аура түзүп коем

— Аспаптарыңызды сатыкка койгон учурлар болобу?

— Аларды сатсам, башка бир үй-бүлөгө өткөрүп бергендей сезиле берет. Концертге барганда эл келээрге чукул музыканы ойноп, залга дем-күч бере турган аура түзүп коем. Үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып алгам. Аспап — бул ыйык нерсе.

— Ошондо аспап биринчи жаралабы же үнбү?

— Биз баарыбыз тең үндүн кучагында жашайбыз. Керек болсо суунун ичиндеги балык да үндүн түрмөсүндө. Уктаганда да адам коңурук тартат же боорунда кан айланып, жүрөк согуп жатат. Буларды ички үн деп коет. Адам баласы төрөлгөндө үн чыгарып дүйнөгө келип, өлгөндө үн чыгарып өлөт эмеспи. Андыктан ар кандай үндөрдөн турган музыка менен жашоо уланат. Өмүрүбүз – бүтүндөй музыка. Ошондуктан үн биринчи, аспап экинчи жаралат. 

© Фото / личный архив Курмангазы АзыкбаеваАта-бабалар бизге калтырбай тиги дүйнөгө алып кеткен аспаптарды аян аркылуу алып, кайрадан жаратам
Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым - Sputnik Кыргызстан
Ата-бабалар бизге калтырбай тиги дүйнөгө алып кеткен аспаптарды аян аркылуу алып, кайрадан жаратам

— Үйлөмө аспапта ойногондордун курсагы бат ачат деген чынбы?

— Үйлөгөн абанын 70-80 пайызы сыртка чыгып кетет. Мээдеги уктап жаткан клеткалар ойгонуп, башың укмуш айланат. Ичкен тамагың тез эле жоголуп кетет. Ошондуктан бат-баттан тамак ичип турам.

— Аспаптар кантип жасалат?

— Устачылык жагын айтсам кээ бир аспаптарды өзүм жасайм. Айрымдарына таланттуу мырзалар Аман Сыдыков, Асылбек Насирдинов жардам берет. Биздин кыргыз аспаптарына сук арткандар абдан көп. Бир жолу кытайлар "Кумуфон" аспабын уккан сайын ыйлагыбыз келет, ал эмнеден жасалат" деп катуу кызыгышкан. Уста бала "аспап бир даана гана жасалып, белгилүү музыкант кишинин атынан коюлган" деп түшүндүрүптүр. Досторум мени "Куму" деп эркелетишет, ал эми фон деген — музыка. Учурда кыргыз музыкасын көбөйтүү, массага жайылтуу зарыл деп ойлойм.

© Фото / личный архив Курмангазы АзыкбаеваКРдин Эл артисти Курмангазы Азыкбаев бала кезинде
КРдин Эл артисти Курмангазы Азыкбаев бала кезинде - Sputnik Кыргызстан
1/4
КРдин Эл артисти Курмангазы Азыкбаев бала кезинде
© Фото / личный архив Курмангазы АзыкбаеваКурмангазы Азыкбаев: Учурда кыргыз музыкасын массага жайылтуу зарыл деп ойлойм
Курмангазы Азыкбаев: учурда кыргыз музыкасын массага жайылтуу зарыл деп ойлойм - Sputnik Кыргызстан
2/4
Курмангазы Азыкбаев: Учурда кыргыз музыкасын массага жайылтуу зарыл деп ойлойм
© Фото / из личного архива Курмангазы АзыкбаеваБиздин кыргыз аспаптарга сук арткандар абдан көп
Курмангазы Азыкбаев: биздин кыргыз аспаптарга сук арткандар абдан көп - Sputnik Кыргызстан
3/4
Биздин кыргыз аспаптарга сук арткандар абдан көп
© Sputnik / Табылды КадырбековКурмангазы Азыкбаев: Үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып алгам
Курмангазы Азыкбаев: Үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып алгам - Sputnik Кыргызстан
4/4
Курмангазы Азыкбаев: Үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып алгам
1/4
КРдин Эл артисти Курмангазы Азыкбаев бала кезинде
2/4
Курмангазы Азыкбаев: Учурда кыргыз музыкасын массага жайылтуу зарыл деп ойлойм
3/4
Биздин кыргыз аспаптарга сук арткандар абдан көп
4/4
Курмангазы Азыкбаев: Үйүмдүн биринчи кабатын музей кылып алгам

— Йога ыкмасы менен 4 саат уктаарыңызды окуп калдым…

— Йогалык системаны туура пайдаланбасаң, уктап жаткан жериңен ойгонбой калышың мүмкүн. Индустарды аралап жүрүп, динин жеке билимим үчүн үйрөнүп алдым. Жатканда акырындык менен дем алууну азайта баштап, терең уйку менен 4 саатты баштан кечиресиң. Бирок, күндүз 1 сааттан ашык уктап, муздак суу куюунуп алам. Уйку болбосо бат карыйсың.

— Агай, интервьюларда тамекини көп чегээриңизди айтасыз. Таштайын деген ой келди беле?

— Акырындык менен таштап жатам. Мына ичкиликти таштаганыма деле бир жыл болду. Ичкиликтин пайдасы жок, чыгармачылыгыңды артка тартат экен. Укмуш тентекмин! Ошон үчүн "кичинекей карышкыр" деген каймана атым бар. Андай кишилерге Кудай өнөр менен талантты аябай берет экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКурмангазы Азыкбаев: йогалык системаны туура пайдаланбасаң, уктап жаткан жериңен ойгонбой калышың мүмкүн
Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым - Sputnik Кыргызстан
Курмангазы Азыкбаев: йогалык системаны туура пайдаланбасаң, уктап жаткан жериңен ойгонбой калышың мүмкүн

— Жашоодо сиз өкүнгөн нерсе барбы?

— Өткөн нерсеге өкүнгөн сайын өзүңө оору алып келесиң.

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Жубайым Зейнеп экөөбүз үч эркек, бир кыздын ата-энесибиз. Улуу балам Нургазы 11 тилде суудай сүйлөп, 22 аспапта ойнойт. Кийинки уулум Нурсултан менен кызым Нурайым 12 аспапка жан киргизет. Кичүү балабыз Бексултан англис тилин үйрөнүп бүтүп, эми кытай тилине киришип жатат. Баатыр, Актан, Арууке деген таттуу неберелерим бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0