https://sputnik.kg/20260613/1101857102.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиянын ишин 10 жылдан кийин кайра жандантты Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузин өкмөттөр аралык... 13.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-13T11:00+0600
2026-06-13T11:00+0600
2026-06-13T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0d/1101856936_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be352a8391403002f806e0ad8257d96e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиянын ишин 10 жылдан кийин кайра жандантты Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму Бишкекте өттү. Экономика министри Бакыт Сыдыков 10 жыл ичинде дүйнөлүк экономика бир топ өзгөргөнүн, ошондуктан эки мамлекет мурдагы макулдашууларды карап чыгып, кызматташтыктын жаңы багытын аныкташы керектигин айткан. Грузиянын экономика министри Мариам Квривишвили жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, кыргыз тарап да алардын өлкөсүнө барат деген ишенимин билдирген. Тараптар соода, инвестиция, айыл чарба, тарнспорт, логистика, маалыматтык технология, билим берүү, маданият жана экология жаатында кызматташууну талкуулашты. Жыйынтыгында өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча комлекстүү чаралар камтылган протоколго кол коюшкан.
ЕАЭБ мамлекеттеринде суу транспорту боюнча адистер даярдалат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, документте тармак кызматкерлеринин кесиптик билимине карата жалпы талаптар белгиленген. Ошондой эле аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрү эске алынган. "Сунуштама ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге улуттук саясатты калыптандырууда көмөк көрсөтөт", — деди Кожошев. Комиссия белгилегендей, бул документ келечекте биримдиктин аймагында суу транспорту кызматтарынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Баш прокурор Асаналиев Россиянын Достук ордени менен сыйландыРФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди Достук ордени менен сыйлады. Бул туурасында Россиянын ченемдик актыларынын сайтынан окууга болот. "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, КМШнын мейкиндигинде мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана жарандардын укуктарын коргоого кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Асаналиев Максат Кубатович Достук ордени менен сыйлансын", — деп документте жазылган.
АКШ Украина менен Европага кышында газ жеткирүүгө жардам бере албайтАКШнын Суюлтулган газ өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Чарли Риддл Америка Европа менен Украинадагы суюлтулган жаратылыш газынын таңсыктыгын жаба албай турганын, себеби, өлкөнүн өзүндө ресурс жетишсиз экенин билдирди. Бул тууралуу ал брифингде айтканын РИА Новости жазды. Риддл белгилегендей, маселе сунуштун чектелүүлүгүндө. Энергетикалык каатчылыкты алдын алып Украинага же Европага жөнөтъп жибергидей АКШда ашып-ташкан газ жок. Ал ошондой эле Европанын газ сактаган кампалары боюнча абалга көңүл бурган. Риддлдин маалыматы боюнча ушу тапта алар 42 пайызга гана толтурулду, адатта жылуулук сезонунун алдында көрсөткүч 90 пайыздын тегерегине жетип калчу. Ассоциация башчысы газдын таңсыктыгы Европа эле эмес, Азияга да кесепетин тийгизиши мүмкүн экенин боолголоду. Анын айтымында, дүйнөлүк газ тармагы Перс куймасындагы кризистен улам жаралган мунай тартыштыгын жаба албайт. Эскерте кетсек, июндун башында АКШнын мамелкеттик катчысы Марко Рубио Украинанын электр энергия тармагындагы начар абалын белгилеп, кыштан кантип чыгарына тынчсызданган эле.
Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиянын ишин 10 жылдан кийин кайра жандантты Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму Бишкекте өттү. Экономика министри Бакыт Сыдыков 10 жыл ичинде дүйнөлүк экономика бир топ өзгөргөнүн, ошондуктан эки мамлекет мурдагы макулдашууларды карап чыгып, кызматташтыктын жаңы багытын аныкташы керектигин айткан. Грузиянын экономика министри Мариам Квривишвили жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, кыргыз тарап да алардын өлкөсүнө барат деген ишенимин билдирген. Тараптар соода, инвестиция, айыл чарба, тарнспорт, логистика, маалыматтык технология, билим берүү, маданият жана экология жаатында кызматташууну талкуулашты. Жыйынтыгында өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча комлекстүү чаралар камтылган протоколго кол коюшкан. ЕАЭБ мамлекеттеринде суу транспорту боюнча адистер даярдалат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, документте тармак кызматкерлеринин кесиптик билимине карата жалпы талаптар белгиленген. Ошондой эле аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрү эске алынган. "Сунуштама ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге улуттук саясатты калыптандырууда көмөк көрсөтөт", — деди Кожошев. Комиссия белгилегендей, бул документ келечекте биримдиктин аймагында суу транспорту кызматтарынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.Баш прокурор Асаналиев Россиянын Достук ордени менен сыйландыРФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди Достук ордени менен сыйлады. Бул туурасында Россиянын ченемдик актыларынын сайтынан окууга болот. "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, КМШнын мейкиндигинде мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана жарандардын укуктарын коргоого кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Асаналиев Максат Кубатович Достук ордени менен сыйлансын", — деп документте жазылган.АКШ Украина менен Европага кышында газ жеткирүүгө жардам бере албайтАКШнын Суюлтулган газ өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Чарли Риддл Америка Европа менен Украинадагы суюлтулган жаратылыш газынын таңсыктыгын жаба албай турганын, себеби, өлкөнүн өзүндө ресурс жетишсиз экенин билдирди. Бул тууралуу ал брифингде айтканын РИА Новости жазды. Риддл белгилегендей, маселе сунуштун чектелүүлүгүндө. Энергетикалык каатчылыкты алдын алып Украинага же Европага жөнөтъп жибергидей АКШда ашып-ташкан газ жок. Ал ошондой эле Европанын газ сактаган кампалары боюнча абалга көңүл бурган. Риддлдин маалыматы боюнча ушу тапта алар 42 пайызга гана толтурулду, адатта жылуулук сезонунун алдында көрсөткүч 90 пайыздын тегерегине жетип калчу. Ассоциация башчысы газдын таңсыктыгы Европа эле эмес, Азияга да кесепетин тийгизиши мүмкүн экенин боолголоду. Анын айтымында, дүйнөлүк газ тармагы Перс куймасындагы кризистен улам жаралган мунай тартыштыгын жаба албайт. Эскерте кетсек, июндун башында АКШнын мамелкеттик катчысы Марко Рубио Украинанын электр энергия тармагындагы начар абалын белгилеп, кыштан кантип чыгарына тынчсызданган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0d/1101856936_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f12ea41b15a7b03b7eec1bf3d039e392.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио