https://sputnik.kg/20260613/1101858914.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Унаалардын алдынкы эшиктериндеги каптал айнектерин күңүрттөө үчүн уруксат алуу акысы убактылуу төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин тиешелүү... 13.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-13T13:00+0600
2026-06-13T13:00+0600
2026-06-13T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0d/1101858748_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e486dc28051d6a26ed1e113ff2cc1d33.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Унаалардын алдынкы эшиктериндеги каптал айнектерин күңүрттөө үчүн уруксат алуу акысы убактылуу төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунда белгиленген.Документке ылайык, 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күңүрттөө уруксатын алууга төмөнкүдөй жеңилдетилген тарифтер колдонулат:жеке жактар үчүн – 35 миң сом;юридикалык жактар үчүн – 55 миң сом;чет өлкөлүк жарандар (резидент эместер) үчүн – 75 миң сом.Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.Токтомдо белгиленгендей, жеңилдетилген төлөмдөр электромобилдерден тышкары M1 жана M1G категориясындагы транспорт каражаттарына тиешелүү болот.Министрлер кабинетинин токтому 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.
Air Arabia авиакомпаниясы Кыргызстандын Тамчы жана Каракол шаарларына түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул маселе “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын сүйлөшүүсүндө талкууланды. Учурда тараптар алдыдагы каттамдардын алгачкы графигин, анын ичинде учактар качантан баштап жана жумасына канча жолу уча турганын иштеп чыгышууда. Авиакомпаниянын планына ылайык, каттамдар Шаржа шаарынан төмөнкүдөй тартипте аткарылат: Тамчыга — жайкы сезондо; Караколго — 2026–2027-жылдардын кышкы сезонунда. Бул жаңы багыттар Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин агымын кыйла жогорулатууга шарт түзөт.
11-июнь күнү Чаткал районунда жүргөн селге байланыштуу Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди райондук администрация кабыл алган. "Бул аймакта 11-июнда жүргөн селдин кесепетинен машина өтүүчү алты жана жөө кишилер өткөн төрт көпүрөнү суу каптаган.Мындан тышкары, алты турак үйдүн короо-жайларын суу каптап, бир малкана жана бир тамдын дубалы ураган", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, учурда айыл кыштактарды, көчөлөрдү, зыянга учураган короо-жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран менен АКШнын ортосундагы алгачкы келишимде деңиз каттамдарына байланыштуу маселелер камтылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, меморандумда суу жолдорундагы блокаданы алып салуу жана Ормуз кысыгы боюнча маселелер каралган. Документтин биринчи этабында тараптар өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча да бир бүтүмгө келишет. Ошондой эле Ирандын бөгөттөлгөн активдерин бошотуу механизми жана өлкөгө кенемте төлөө боюнча экономикалык план камтылганы айтылды. Андан кийин акыркы келишимди бекитүү, бир кепке келүү каралат. Анда өзөктүк программаны токтотуп жана санкцияларды алып салуу маселелери чечилет. Иран жогорку деңгээлде байытылган уран боюнча маселе өлкөнүн ичинде чечилиши керек деген позициясын карманууда. "60 пайызга чейин байытылган уран маселеси көптөн бери негизги темалардын бири болуп келет. Биздин көз карашыбызда, аны Ирандын өзүндө эле кайра иштетүү эң туура жол", — деген Аракчи. Мындан тышкары, тараптар бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө жана аскердик күч колдонбоо боюнча милдеттенмелерди да алышы мүмкүн. Аракчи Тегеран бул жаңжалда өзүн жеңүүчү тарап катары көрөрүн жана азыр сүйлөшүү үчүн эң ыңгайлуу учур экенин белгиледи.
Унаалардын алдынкы эшиктериндеги каптал айнектерин күңүрттөө үчүн уруксат алуу акысы убактылуу төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунда белгиленген.Документке ылайык, 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күңүрттөө уруксатын алууга төмөнкүдөй жеңилдетилген тарифтер колдонулат:жеке жактар үчүн – 35 миң сом;юридикалык жактар үчүн – 55 миң сом;чет өлкөлүк жарандар (резидент эместер) үчүн – 75 миң сом.Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.Токтомдо белгиленгендей, жеңилдетилген төлөмдөр электромобилдерден тышкары M1 жана M1G категориясындагы транспорт каражаттарына тиешелүү болот.Министрлер кабинетинин токтому 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.Air Arabia авиакомпаниясы Кыргызстандын Тамчы жана Каракол шаарларына түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул маселе “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын сүйлөшүүсүндө талкууланды. Учурда тараптар алдыдагы каттамдардын алгачкы графигин, анын ичинде учактар качантан баштап жана жумасына канча жолу уча турганын иштеп чыгышууда. Авиакомпаниянын планына ылайык, каттамдар Шаржа шаарынан төмөнкүдөй тартипте аткарылат: Тамчыга — жайкы сезондо; Караколго — 2026–2027-жылдардын кышкы сезонунда. Бул жаңы багыттар Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин агымын кыйла жогорулатууга шарт түзөт. 11-июнь күнү Чаткал районунда жүргөн селге байланыштуу Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди райондук администрация кабыл алган. "Бул аймакта 11-июнда жүргөн селдин кесепетинен машина өтүүчү алты жана жөө кишилер өткөн төрт көпүрөнү суу каптаган.Мындан тышкары, алты турак үйдүн короо-жайларын суу каптап, бир малкана жана бир тамдын дубалы ураган", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, учурда айыл кыштактарды, көчөлөрдү, зыянга учураган короо-жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат.Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран менен АКШнын ортосундагы алгачкы келишимде деңиз каттамдарына байланыштуу маселелер камтылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, меморандумда суу жолдорундагы блокаданы алып салуу жана Ормуз кысыгы боюнча маселелер каралган. Документтин биринчи этабында тараптар өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча да бир бүтүмгө келишет. Ошондой эле Ирандын бөгөттөлгөн активдерин бошотуу механизми жана өлкөгө кенемте төлөө боюнча экономикалык план камтылганы айтылды. Андан кийин акыркы келишимди бекитүү, бир кепке келүү каралат. Анда өзөктүк программаны токтотуп жана санкцияларды алып салуу маселелери чечилет. Иран жогорку деңгээлде байытылган уран боюнча маселе өлкөнүн ичинде чечилиши керек деген позициясын карманууда. "60 пайызга чейин байытылган уран маселеси көптөн бери негизги темалардын бири болуп келет. Биздин көз карашыбызда, аны Ирандын өзүндө эле кайра иштетүү эң туура жол", — деген Аракчи. Мындан тышкары, тараптар бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө жана аскердик күч колдонбоо боюнча милдеттенмелерди да алышы мүмкүн. Аракчи Тегеран бул жаңжалда өзүн жеңүүчү тарап катары көрөрүн жана азыр сүйлөшүү үчүн эң ыңгайлуу учур экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0d/1101858748_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3db8063c690bb71034f461d24759fd3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио