Троллейбустун айдоочусу майып балдарды ташуудан баш тартты. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМодернизированные автобусы и троллейбусы
Модернизированные автобусы и троллейбусы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коляскадагы адамдар эки саатка чукул троллейбус күтүп отуруп, бирок пандус менен унаага түшө албай коюшту

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы троллейбустун айдоочусу пандусту түшүрүп, коляскадагы майып адамдарды унаа ичине киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Полиграфия ЛОВЗпринт" долбоорунун жетекчиси Николай Лучкин Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Забастовка водителей троллейбусов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто талабы жарым-жартылай аткарылган троллейбус айдоочулары ишке киришти
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшүп жатып, Лучкин 11-август күнү балдар кинотеатрга жөнөгөнүн айтып берди. Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамага келип, коомдук транспортту эки саатка чукул күтүшкөн.

Лучкиндин айтымында, бул убакыт аралыгында көп троллейбс өткөн, бирок алар негизинен майып адамдар үчүн ыңгайы жок эле. Ал эми атайылаштырылган эки троллейбустун пандустары унаага чыкпагыдай болуп бекитилиптир. Айдоочулардын пандусту түшүрүү аракетинен эч жыйынтык чыккан эмес.

"Бизди пандусту түшүрүүдөн баш тарткан айдоочу абдан таң калтырды. Ал аябай шашып жатканын, графиктен калбашы керектигин айтып, албай кетип калды. Натыйжада балдар такси менен барууга мажбур болушту", — деди Лучкин.

Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий Sputnik Кыргызстан агенттигине троллейбус айдоочулары менен сүйлөшүүнү, пандустардын маанилүүлүгүн түшүндүрүүнү убадалап, майып адамдарды албай кеткен айдоочунун номерин жазып алды.

"Чара көрүп, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мен бул маселенин канчалык маанилүү экенин жакшы билем", — деди Милицкий.

Вице-мэр шаардагы троллейбустардын теңинде (55тин тегереги) пандус бар экенин, бирок анализ көрсөткөндөй алар дээрлик кодлонулбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0