Петербургдагы терактыга шектүү Азимов КР жарандыгынан 2013-жылы чыккан

© ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүЗадержание одного из организаторов теракта в метро Санкт-Петербурга А. Азимова
Задержание одного из организаторов теракта в метро Санкт-Петербурга А. Азимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Аброр Азимовду КР жарандыгынан чыгаруу боюнча буйрукка кол койгон.

БИШКЕК, 18 апр — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 25-майда "Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Өлкө башчынын сайтында жарыяланган тизмеде 27 жаштагы Аброр Азимов дагы бар. 

Буга чейин Russia Today телеканалы Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу жасады деп шектелген 1990-жылкы Аброр Азимов Кыргызстанда төрөлгөнүн билдирип, ал Россиянын атайын кызматы тарабынан кармалганын маалымдаган. 

Петербургда теракт жасады деп шектелген киши кантип кармалды - Sputnik Кыргызстан
Петербургда теракт жасады деп шектелген кишини кармоо учуру
Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче Азимов теракт жасаган Акбаржон Жалиловду даярдаган деп шектелүүдө.

КР президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 25-майда кол койгон указда Аброр Ахралович Азимов 1990-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөнү жазылган.

Белгилей кетсек, 3-апрелде "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, андан 15 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0