БИШКЕК, 18 апр — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 25-майда "Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Өлкө башчынын сайтында жарыяланган тизмеде 27 жаштагы Аброр Азимов дагы бар.
Буга чейин Russia Today телеканалы Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу жасады деп шектелген 1990-жылкы Аброр Азимов Кыргызстанда төрөлгөнүн билдирип, ал Россиянын атайын кызматы тарабынан кармалганын маалымдаган.
КР президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 25-майда кол койгон указда Аброр Ахралович Азимов 1990-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөнү жазылган.
Белгилей кетсек, 3-апрелде "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, андан 15 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгогон.