Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун арасында КР жарандары жок

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСотрудники полиции и медики на месте крупной дорожной аварии с участием автомобилей УАЗ и Toyota на повороте с Варшавского шоссе в сторону деревни Коротыгино в Новой Москве.
Сотрудники полиции и медики на месте крупной дорожной аварии с участием автомобилей УАЗ и Toyota на повороте с Варшавского шоссе в сторону деревни Коротыгино в Новой Москве. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын айрым ЖМКлары каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары болушу мүмкүндүгүн жазышкан.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Россиянын Новая Москва аймагындагы ири жол кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Каза болгондордун сөөгүн жүктөп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саратовдо каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү Кыргызстанга алып келинди
Белгилей кетсек, жол кырсыгы Варшава шоссесинен Коротыгино айылына бурула бериш жакта болуп, УАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү авто унаа кагышкан. Анын кесепетинен УАЗдын эшиктери ачылбай өрттөнүп, кишилер камалып калган. Жол кырсыгынан акыркы маалыматтар боюнча тогуз киши каза болуп, 12 киши жаракат алганын РИА Новости билдирди. 

Элчиликтен маалымдашкандай каза болгондордун арасында Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россиянын жарандары бар.

"Жаракат алгандардын арасында 1994-жылы туулган Кыргызстандын жараны бар. Ал Москва шаарындагы Биринчи шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал автоунаалардын бирөөнү айдап келе жаткан жана жол кырсыгына себепчи катары айыпталууда. Ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн", — деп элчилик билдирди.

Буга чейин Россиянын айрым ЖМКлары каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары болушу мүмкүндүгүн жазышкан. 

Кырсык болгон жерге КРдин Россиядагы элчилигинен, ИИМдин өкүлчүлүгүнөн жана Миграция кызматынан кишилер барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0