00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Почему доступная среда начинается не с пандусов, а с отношения общества - объясняют эксперты
18:11
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Айыл чарбадан инвестицияга чейин: Таластын экономикасы кандай өнүгүп жатат?
19:07
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Актуальное интервью
Гендиректор «Российской газеты» о том, почему журналистика не умрёт - но должна меняться
20:10
16 мин
Особый акцент
Как не получить штраф за складирование мусора во время ремонта — советы юриста
20:26
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Улуттук таланттардан дүйнөлүк жылдыздарга чейин: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы кандай болот?
21:10
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейсте соода кылгандарды жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталды.Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков билдиргендей, тиешелүү документ минкабдын кароосуна берилет. Ал тигүү ишканалары пайдасынан 0,25 пайызын, ал эми эл аралык маркетплейстерде соода кылгандар 2 пайызын бирдиктүү салык катары төлөп келишерин айтты. “Кыргызстанда Wildberries жана башка маркетплейстер аркылуу 30 миңге жакын ишкер соода жүргүзөт. Алардын саны жыл сайын көбөйүүдө, башка өлкөлөрдүн жарандары да Кыргызстанда жеке ишкер катары катталып, өлкө бюджетине салык төлөп жатышат”, — деди Ысабеков. Ал ошондой эле Wildberries кампаларында болгон окуялардан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин саны жана чыгымы такталып жатканын кошумчалады. Соодагерлерге пайызсыз насыя берүү жана башка кошумча колдоо чаралары да каралышы мүмкүн.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпанияларга учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга (овербукинг) расмий түрдө тыюу салды. Агенттиктин маалыматына ылайык, бул талап жүргүнчү ташыган бардык ата мекендик жана чет элдик авиакомпанияларга тиешелүү. Эгер каттам орун саны азыраак учакка алмаштырылса, авиакомпания жүргүнчүлөргө билетти башка каттамга алмаштырып берип, жакынкы мүмкүн болгон каттамга отургузуп же билеттин акчасын толугу менен кайтарып берүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, авиакомпанияларга билет сатуу боюнча ички тартиптерин жаңы талаптарга ылайыкташтырып, кызматкерлерине тиешелүү нускама өткөрүү тапшырылды. Мекеме буйруктун аткарылышын катуу көзөмөлгө аларын жана каттамдарда орун жетишсиздигине байланыштуу жарандардын кайрылуулары кылдат караларын белгиледи.
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) дүйнөдөгү кыйын кырдаалга карабастан өнүгүүсүн улантууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары жана аналитикалык борборлорунун саммитинде уюмдун катчылыгынын улук эксперти Кадырбек Сарбаев айтты. Эксперттин айтымында, мындай шартта ШКУнун өнүгүүсүнө жана анын ишинин майнабын арттырууга байланыштуу илимий-практикалык изилдөөлөр өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул изилдөөлөр өзгөрүп жаткан геосаясий жана геоэкономикалык шарттарды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Сарбаев белгилегендей, өткөн жылдар аралыгында уюм террорчулукка, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктире алды.
“Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун биринчи орун басары Сергей Кочетков Кыргызстанга болгон кызыгуу өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Россия мурда негизинен Европа менен АКШга көбүрөөк көңүл буруп келсе, азыр Чыгыш өлкөлөрү, Африка жана Глобалдык Түштүк аймагы менен кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар. Кочетков белгилегендей, “Россия сегодня” агенттигинин Кыргызстанда өкүлчүлүгү жана кабарчылары иштейт. Анын пикиринде, өлкөдө иштөө барган сайын кызыктуу болуп бара жатат. Ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары менен аналитикалык борборлорунун саммити мунун айкын далили экенин айтты. Эске салсак, Кочетков ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын Бишкекте өтүп жаткан саммитине катышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0