https://sputnik.kg/20260727/1102626518.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин администрациясы коомдук тамактануучу жайларды эскертүүсүз, каалаган убакта текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Декларацияланган мыйзам... 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T08:59+0600
2026-07-27T08:59+0600
2026-07-27T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102626352_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8d62410caef9ba4ea38ecd0de1896d7d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин администрациясы коомдук тамактануучу жайларды эскертүүсүз, каалаган убакта текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Декларацияланган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негиздемесинде айтылгандай, социалдык тармактарда санитардык талаптардын бузулушу тууралуу маалыматтар бат-баттан чыгып турат. Бирок Экономика министрлиги текшерүүлөргө уруксат бербей келет, анткени бул азыркы мыйзамдарга каршы келет. Президенттин администрациясы азыркы тапта текшерүү органдары жарандардын ден соолугуна зыян келгенде же коркунуч жаралганда гана чара көрө аларын белгиледи. Ал эми санитардык кызматтын негизги милдети — мындай нерселерди алдын алуу. Ошондуктан, дал ушул коомдук тамактануу жайлары үчүн өзгөчө эреже киргизип, пландан тышкары текшерүүгө уруксат берүү сунушталууда.
2026-жылдын 22-июлунан тарта Евразия экономикалык биримдиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишими күчүнө кирди. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы 21-июлда бажы декларациясын толтурууда жаңы коддорду киргизүү чечимин кабыл алды. Эми тарифтик жеңилдиктерди белгилөө үчүн “МЕ” коду, ал эми “EAM” формасындагы товардын келип чыгышы тууралуу сертификат үчүн “06022” коду колдонулат. Бул жаңы коддор киргенге чейин ишкерлер “ТИ” жана “06999” коддорун колдонуп келишкен. Мындай жаңы коддорду киргизүү эсеп-кысап иштерин жеңилдетип, Монголия менен соода кылуудагы каржылык чыгымдарды азайтат. Эскерте кетсек, бул соода келишимине 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган болчу.
Быйылкы жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 64,5 миң автоунаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 18 миңге көп. Импорттолгон унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай менен Түштүк Кореядан алып келинген. Бул өлкөлөрдөн жалпы 53 миңдей автокөлүк кирген.
Токаев Украинадагы чыр-чатакты тоңдурууну сунуштады Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуу Омск шаарында Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү. “Бул чыр-чатакты тоңдуруп, кайрадан "Стамбул формуласы 2.0" деген форматка кайтуу керектир. Анткени ал жакта кыйла олуттуу натыйжаларга жетишилген болчу. Албетте, мунун баары улуу мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын кепилдиги астында болушу керек. Ошентип отуруп, көптөн күткөн тынчтыкка карай бет алуу зарыл”, — деди Токаев. Казакстандын президенти ар кандай сунуштар жана чакырыктар болуп жатканына карабай ортомчу болуудан кескин баш тарта турганын кошумчалады. Анткени орус эли — улуу эл, ошондуктан эч кандай ортомчусуз эле бардык маселени өзү чечип алат деген ишеничте. Ошондой эле Казакстан Россияны ар дайым улуу мамлекет деп эсептеп келгенин жана стратегиялык кызматташтыкка, өнөктөштүккө адал бойдон кала берерин
Президенттин администрациясы коомдук тамактануучу жайларды эскертүүсүз, каалаган убакта текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Декларацияланган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негиздемесинде айтылгандай, социалдык тармактарда санитардык талаптардын бузулушу тууралуу маалыматтар бат-баттан чыгып турат. Бирок Экономика министрлиги текшерүүлөргө уруксат бербей келет, анткени бул азыркы мыйзамдарга каршы келет. Президенттин администрациясы азыркы тапта текшерүү органдары жарандардын ден соолугуна зыян келгенде же коркунуч жаралганда гана чара көрө аларын белгиледи. Ал эми санитардык кызматтын негизги милдети — мындай нерселерди алдын алуу. Ошондуктан, дал ушул коомдук тамактануу жайлары үчүн өзгөчө эреже киргизип, пландан тышкары текшерүүгө уруксат берүү сунушталууда.2026-жылдын 22-июлунан тарта Евразия экономикалык биримдиги менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишими күчүнө кирди. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы 21-июлда бажы декларациясын толтурууда жаңы коддорду киргизүү чечимин кабыл алды. Эми тарифтик жеңилдиктерди белгилөө үчүн “МЕ” коду, ал эми “EAM” формасындагы товардын келип чыгышы тууралуу сертификат үчүн “06022” коду колдонулат. Бул жаңы коддор киргенге чейин ишкерлер “ТИ” жана “06999” коддорун колдонуп келишкен. Мындай жаңы коддорду киргизүү эсеп-кысап иштерин жеңилдетип, Монголия менен соода кылуудагы каржылык чыгымдарды азайтат. Эскерте кетсек, бул соода келишимине 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында кол коюлган болчу. Быйылкы жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 64,5 миң автоунаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 18 миңге көп. Импорттолгон унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай менен Түштүк Кореядан алып келинген. Бул өлкөлөрдөн жалпы 53 миңдей автокөлүк кирген. Токаев Украинадагы чыр-чатакты тоңдурууну сунуштады Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуу Омск шаарында Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү. “Бул чыр-чатакты тоңдуруп, кайрадан "Стамбул формуласы 2.0" деген форматка кайтуу керектир. Анткени ал жакта кыйла олуттуу натыйжаларга жетишилген болчу. Албетте, мунун баары улуу мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын кепилдиги астында болушу керек. Ошентип отуруп, көптөн күткөн тынчтыкка карай бет алуу зарыл”, — деди Токаев. Казакстандын президенти ар кандай сунуштар жана чакырыктар болуп жатканына карабай ортомчу болуудан кескин баш тарта турганын кошумчалады. Анткени орус эли — улуу эл, ошондуктан эч кандай ортомчусуз эле бардык маселени өзү чечип алат деген ишеничте. Ошондой эле Казакстан Россияны ар дайым улуу мамлекет деп эсептеп келгенин жана стратегиялык кызматташтыкка, өнөктөштүккө адал бойдон кала берерин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102626352_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d088335d111f5f3b2a032263d0d68c38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио