https://sputnik.kg/20260727/1102630341.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму башталат. Иш-чарага 250гө жакын... 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T11:00+0600
2026-07-27T11:00+0600
2026-07-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102630175_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ec6cd498746ef29599e2a1da6c0c02e9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму башталат. Иш-чарага 250гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк медиаөкүлдөр катышмакчы. Кыргызстанга дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн алдыңкы улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, башкы редакторлору жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келишти. Форумдун катышуучуларынын арасында "Россия сегодня" эл аралык медиатобу, ТАСС, RT (Ruptly) сыяктуу ири эл аралык жана улуттук маалымат агенттиктери да бар. Форумдун жыйынтыгында бир катар биргелешкен демилгелер кабыл алынып, кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюу пландалууда.
Министрлер кабинети субсидия эсептөөдө колдонулуучу шарттуу бааларды жаңылоону сунуштады: АИ-92 бензини — тоннасына 1100 доллар; дизель — тоннасына 1200 доллар; автоунаалар үчүн суюлтулган газ — тоннасына 700 доллар. Мындан тышкары, субсидия эсептегенде күйүүчү майдын өз баасынан сырткары чек арага чейин жеткирүү жана көп жолу колдонулуучу идиштерди кайтарып берүүгө кеткен чыгым да эске алынат. Бул импорттун чыныгы наркын так эсептеп, ички рынокто күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоого жардам берери белгиленген.
Каракол шаарындагы жаңыланган пляж пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти. Пляж "Shirshov Фонд" коомдук фондунун каржылык колдоосу менен реконструкцияланган. Долбоордун алкагында көлдүн жээги тазаланып, кум жаңыртылды. Ошондой эле сейилдеп, эс ала турган жерлер, чайкануучу кабиналар, кийим алмаштыруучу жайлар жасалып, балдар жана спорт аянтчалары орнотулду. Мындан тышкары, аймак жарыктандырылып, видеокөзөмөл камералары коюлду. "Бүгүнкү күндө көрүп турган жыйынтыктын артында чоң команданын эмгеги турат. Фонддун жетекчилигине жана кызматкерлерине, куруучуларга, долбоорлоочуларга, муниципалдык кызматтарга жана бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир адамга терең ыраазылык билдирем", — деди Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов. Эске салсак, "Shirshov Фонду" Каракол шаарын өнүктүрүүгө жалпысынан болжол менен 7 миллиард сомго жакын инвестиция салууну пландаштырууда.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Каспий деңизиндеги соода кемесине жасалган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна жооп кайтарарын билдирди. "Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндө Киевдин бул аракеттери жоопсуз калбашы керек экенин баса белгиледим", — деп ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Дипломаттын айтымында, Израиль Украинаны мындай сокку урууга шыкактап, Европаны Иран менен кагылышка тартууну көздөгөн. Сергей Лавров кемеде болгон моряктын каза болушуна байланыштуу Тегеранга көңүл айтты. Ишемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү Ирандын соода кемесине чабуул жасаганын билдирген. Натыйжада экипаждын бир мүчөсү каза болуп, дагы бири жаракат алган. Министрлик мындай кадамдын кесепетине жоопкерчилик Киевге жана аны колдогон тараптарга жүктөлөрүн белгиледи.
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму башталат. Иш-чарага 250гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк медиаөкүлдөр катышмакчы. Кыргызстанга дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн алдыңкы улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, башкы редакторлору жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келишти. Форумдун катышуучуларынын арасында "Россия сегодня" эл аралык медиатобу, ТАСС, RT (Ruptly) сыяктуу ири эл аралык жана улуттук маалымат агенттиктери да бар. Форумдун жыйынтыгында бир катар биргелешкен демилгелер кабыл алынып, кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюу пландалууда. Министрлер кабинети субсидия эсептөөдө колдонулуучу шарттуу бааларды жаңылоону сунуштады: АИ-92 бензини — тоннасына 1100 доллар; дизель — тоннасына 1200 доллар; автоунаалар үчүн суюлтулган газ — тоннасына 700 доллар. Мындан тышкары, субсидия эсептегенде күйүүчү майдын өз баасынан сырткары чек арага чейин жеткирүү жана көп жолу колдонулуучу идиштерди кайтарып берүүгө кеткен чыгым да эске алынат. Бул импорттун чыныгы наркын так эсептеп, ички рынокто күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоого жардам берери белгиленген. Каракол шаарындагы жаңыланган пляж пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти. Пляж "Shirshov Фонд" коомдук фондунун каржылык колдоосу менен реконструкцияланган. Долбоордун алкагында көлдүн жээги тазаланып, кум жаңыртылды. Ошондой эле сейилдеп, эс ала турган жерлер, чайкануучу кабиналар, кийим алмаштыруучу жайлар жасалып, балдар жана спорт аянтчалары орнотулду. Мындан тышкары, аймак жарыктандырылып, видеокөзөмөл камералары коюлду. "Бүгүнкү күндө көрүп турган жыйынтыктын артында чоң команданын эмгеги турат. Фонддун жетекчилигине жана кызматкерлерине, куруучуларга, долбоорлоочуларга, муниципалдык кызматтарга жана бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир адамга терең ыраазылык билдирем", — деди Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов. Эске салсак, "Shirshov Фонду" Каракол шаарын өнүктүрүүгө жалпысынан болжол менен 7 миллиард сомго жакын инвестиция салууну пландаштырууда. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Каспий деңизиндеги соода кемесине жасалган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна жооп кайтарарын билдирди. "Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндө Киевдин бул аракеттери жоопсуз калбашы керек экенин баса белгиледим", — деп ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Дипломаттын айтымында, Израиль Украинаны мындай сокку урууга шыкактап, Европаны Иран менен кагылышка тартууну көздөгөн. Сергей Лавров кемеде болгон моряктын каза болушуна байланыштуу Тегеранга көңүл айтты. Ишемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү Ирандын соода кемесине чабуул жасаганын билдирген. Натыйжада экипаждын бир мүчөсү каза болуп, дагы бири жаракат алган. Министрлик мындай кадамдын кесепетине жоопкерчилик Киевге жана аны колдогон тараптарга жүктөлөрүн белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102630175_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_503d3839a26bae5376974d7ebc83700a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио