https://sputnik.kg/20260727/1102646493.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштеген ишкерлерге салык убактылуу толугу менен жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын... 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T19:00+0600
2026-07-27T19:00+0600
2026-07-27T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102646327_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c83c6ead032fa5499674d5a8d8993ab5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштеген ишкерлерге салык убактылуу толугу менен жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Азыркы тапта тигүүчүлөр 0,25 пайыз, ал эми онлайн-сатуучулар (селлерлер) 2 пайыз бирдиктүү салык төлөшөт. Эми бул жеңилдетүүнү 1-августтан тартып жылдын аягына чейин киргизүү пландалууда.
Өкмөт күйүүчү май ташыгандарга берилген субсидияны эсептөө эрежесин өзгөртүүдө Министрлер кабинети субсидия эсептөөдө колдонулуучу шарттуу бааларды жаңылоону сунуштады: АИ-92 бензини — тоннасына 1100 доллар; дизель — тоннасына 1200 доллар; автоунаалар үчүн суюлтулган газ — тоннасына 700 доллар. Мындан тышкары, субсидия эсептегенде күйүүчү майдын өз баасынан сырткары чек арага чейин жеткирүү жана көп жолу колдонулуучу идиштерди кайтарып берүүгө кеткен чыгым да эске алынат.
ШКУ өлкөлөрдү эле эмес, элдерди да жакындатышы керек Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин баяндамачысы Тимур Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын саммитинде билдирди. Анын айтымында, ШКУ алгач коопсуздукту чыңдоо, терроризмге, чек ара аралык кылмыштуулукка жана баңгизат аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү максатында түзүлгөн. Осмонов белгилегендей, бүгүнкү күндө уюмга мүчө мамлекеттер өз ара ишенимди бекемдеп, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетишти. Бирок биргелешкен өнүгүү жолдор, инвестициялар жана соода менен эле чектелбейт. “Долбоорлордун артында адамдар турат. Ал эми адамдар бири-бирин түшүнүп, коңшу өлкөлөрдүн маданиятын билгенде кызматташуу жеңилдейт. Ошондуктан ШКУ үчүн кийинки маанилүү кадам гуманитардык байланыштарды тереңдетүү болушу керек. Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң”, — деди ал.
Батыш Россияга салган пайдасыз, майнапсыз санкциялары менен рекорд койду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Мамлекеттик Думанын VIII чакырылышынын депутаттары менен жолукканда айтты. Ал Россиянын экономикасына катуу залал тийгизе албаган чектөөлөрдүн кесепети демилге көтөрүп чыккандардын өздөрүнө чыгым тарттырып жатканын белгилеген. Президент мыйзамсыз чектөө, бут тосууларга Москва 2014-жылдан бери кабылып келе жатканына, бирок 2022-жылдан бери дүйнөлүк рекорд койгон санкциялар башталганына токтолгон. "Бул санкциялар анын авторлору менен демилгечилеринин өзүнө, бир катар европалык элге жана башка бир нече мамлекетке кесепетин тийгизип жатат. Россияны тизелетип, өлкөнү бөлүп-жарып, коомду, экономиканы бүлгүнгө учуратабыз, финансылык системабызды иштен чыгарабыз деген тараптардын өздөрүнө айланып барып тийди", — деген Путин.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 70 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы28-июль түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшемби күнү Нарын, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт . Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +29...+34, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын регионунда +27...+32 градус ысыйт. Бул күнү Чолпон-Атада, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ошто +37...+39, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.
Кыргызстанда тигүүчүлөр менен маркетплейстерде иштеген ишкерлерге салык убактылуу толугу менен жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Азыркы тапта тигүүчүлөр 0,25 пайыз, ал эми онлайн-сатуучулар (селлерлер) 2 пайыз бирдиктүү салык төлөшөт. Эми бул жеңилдетүүнү 1-августтан тартып жылдын аягына чейин киргизүү пландалууда. Өкмөт күйүүчү май ташыгандарга берилген субсидияны эсептөө эрежесин өзгөртүүдө Министрлер кабинети субсидия эсептөөдө колдонулуучу шарттуу бааларды жаңылоону сунуштады: АИ-92 бензини — тоннасына 1100 доллар; дизель — тоннасына 1200 доллар; автоунаалар үчүн суюлтулган газ — тоннасына 700 доллар. Мындан тышкары, субсидия эсептегенде күйүүчү майдын өз баасынан сырткары чек арага чейин жеткирүү жана көп жолу колдонулуучу идиштерди кайтарып берүүгө кеткен чыгым да эске алынат. ШКУ өлкөлөрдү эле эмес, элдерди да жакындатышы керек Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин баяндамачысы Тимур Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын саммитинде билдирди. Анын айтымында, ШКУ алгач коопсуздукту чыңдоо, терроризмге, чек ара аралык кылмыштуулукка жана баңгизат аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү максатында түзүлгөн. Осмонов белгилегендей, бүгүнкү күндө уюмга мүчө мамлекеттер өз ара ишенимди бекемдеп, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетишти. Бирок биргелешкен өнүгүү жолдор, инвестициялар жана соода менен эле чектелбейт. “Долбоорлордун артында адамдар турат. Ал эми адамдар бири-бирин түшүнүп, коңшу өлкөлөрдүн маданиятын билгенде кызматташуу жеңилдейт. Ошондуктан ШКУ үчүн кийинки маанилүү кадам гуманитардык байланыштарды тереңдетүү болушу керек. Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң”, — деди ал.Батыш Россияга салган пайдасыз, майнапсыз санкциялары менен рекорд койду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Мамлекеттик Думанын VIII чакырылышынын депутаттары менен жолукканда айтты. Ал Россиянын экономикасына катуу залал тийгизе албаган чектөөлөрдүн кесепети демилге көтөрүп чыккандардын өздөрүнө чыгым тарттырып жатканын белгилеген. Президент мыйзамсыз чектөө, бут тосууларга Москва 2014-жылдан бери кабылып келе жатканына, бирок 2022-жылдан бери дүйнөлүк рекорд койгон санкциялар башталганына токтолгон. "Бул санкциялар анын авторлору менен демилгечилеринин өзүнө, бир катар европалык элге жана башка бир нече мамлекетке кесепетин тийгизип жатат. Россияны тизелетип, өлкөнү бөлүп-жарып, коомду, экономиканы бүлгүнгө учуратабыз, финансылык системабызды иштен чыгарабыз деген тараптардын өздөрүнө айланып барып тийди", — деген Путин. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 70 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда. Аба ырайы28-июль түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшемби күнү Нарын, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт . Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +29...+34, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын регионунда +27...+32 градус ысыйт. Бул күнү Чолпон-Атада, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ошто +37...+39, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102646327_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8f3972019d825f9cb0d9947abb09bdc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио