БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Новая Москвадагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны тогуз кишиге жеткенин жана үч киши жаракат алганын РИА Новости билдирди.
Число погибших в ДТП в Новой Москве возросло до девяти человекhttps://t.co/RjYB4khQIF pic.twitter.com/5iihzevP2z
— РИА Новости (@rianru) 1 февраля 2017 г.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-февралда Варшава шоссесинин Коротыгино айылына бурула бериш жакта болуп, "УАЗ" менен Toyota үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен "УАЗ" үлгүсүндөгү унаанын эшиктери ачылбай калып, ичи өрттөнүп кишилер камалып калган. Жаракат алгандарды ооруканага жеткирүү үчүн окуя болгон жерге куткаруучулардын эки тик учагы тартылган.
Россиянын айрым ЖМКлары каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар экенин билдиришүүдө. КР Тышкы иштер министрлиги менен КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү бул маалыматты тактап жатышат.