ЖМК: Россияда каза болгондордун арасында КР жарандары да бар

© Фото / аккаунт сообщества "Страница новостей" в сети ВКонтактеНовый Москва аймагындагы жол кырсыгы болгон жердеги полиция кызматкерлери
Новый Москва аймагындагы жол кырсыгы болгон жердеги полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Варшава шоссесиндеги Коротыгино айылына бурула берген жакта болуп, УАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү авто унаа кагышкан. Анын кесепетинен УАЗдын эшиктери ачылбай өрттөнүп, кишилер камалып калган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Новая Москва аймагындагы жол кырсыктан каза болгондордун арасында алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандыy жарандары бар экенин РИА Новости өз булактарына таянуу менен билдирди.

Мындан туура бир жыл мурда Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, үч миң чарчы метри күйүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы 8 кыргызстандыктын өмүрүн алган өрттүн себеби жыл өтсө да белгисиз
Белгилей кетсек, жол кырсыгы Варшава шоссесинде Коротыгино айылына бурула берген жакта болуп, УАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү авто унаа кагышкан. Анын кесепетинен УАЗдын эшиктери ачылбай өрттөнүп, кишилер камалып калган. Жаракат алгандарды ооруканага жеткирүү үчүн окуя болгон жерге куткаруучулардын эки тик учагы тартылган.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары ба, учурда алардын саны такталып жатканын булак билдирген.

Кырсык болгон жерге КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн жана Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөр жөнөп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0