00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Актуальное интервью
Замглавреда «России сегодня» о том, как СМИ стран ШОС противостоят западной медиаповестке
14:08
11 мин
Особый акцент
Как не получить штраф за складирование мусора во время ремонта — советы юриста
14:20
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Улуттук таланттардан дүйнөлүк жылдыздарга чейин: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы кандай болот?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ЖМКлары менен аналитикалык борборлорунун Бишкекте өтүп жаткан медиафоруму маалыматтык коопсуздукту бекемдөө жана интеллектуалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган иш-чарага катышып жатканда айтты. "Аталган медиафорум жөн гана кесиптик жолугушуу эмес, бул – ШКУ мейкиндигинде маалыматтык коопсуздуктун пайдубалын бекемдөө, интеллектуалдык кызматташтыкты тереңдетүү жана элдерибиздин ортосундагы достуктун алтын көпүрөсүн куруу жолундагы маанилүү кадам", — деди Орунбеков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө маалымат коомдук пикирди жана мамлекеттердин келечегин аныктаган эң күчтүү куралдардын бири болуп калды. Ошондуктан журналисттер менен эксперттердин так, калыс жана ыкчам иши жалган маалыматтарга каршы күрөшүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ал форумдун жыйынтыгында айтылган сунуштар жана демилгелер ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылында окуучулар кайсы күндөрү эс аларын тактады. Маалыматка караганда, окуу 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт. Ал эми ортодогу каникулдардын графиги төмөнкүдөй: 11–15-ноябрь (16-ноябрда мектепке барышат); 1–10-январь (11-январда мектепке барышат); 3–8-март (9-мартта мектепке барышат); 1–9-май (10-майда мектепке барышат). Мындан сырткары, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карап, 1-класстын окуучуларынын эс алуусу эки жумага, ал эми 2-класстын окуучуларыныкы бир жумага узартылышы мүмкүн. Министрлик аны райондук бийлик өзү тактай турганын билдирди.
Мас айдоочулар мамлекетке бир айда эле 126 млн сом айып төлөмөй болду. Бул сумманы жаза күчөгөндөн кийин кармалган 1500 адам төлөй турганын ИИМден кабарлашты. Ал эми жыл башынан бери ичип алып рулга отурган 10 миңге жакын айдоочу кармалган. Жаңы мыйзам боюнча мас айдоочуга 80 миң сом айып салынып, 2 жылга чейин машина айдоо укугунан ажырайт. Эгер кырсык адам өлүмү менен аяктаса, 10 жылга чейин камалып, 12 жылга чейин рулга отура албайт.
Финляндиялык профессор Украинада тынчтык кандай шартта орной турганын айтты Хельсинки университетинин профессору Туомас Малинен X социалдык тармагында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын портторуна жана өлкөдөгү башка объектилерге күчөгөн соккулары жаңжалды тезирээк аяктоого жакындатышы мүмкүн деген пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Демек, Путин Одесса портун жабууну чечти. Жакшы. Эми Россияга Батыш аркылуу өтүүчү коридорду гана жабуу калды. Андан кийин Украина багынып берет, өтө коррупциялашкан украин жетекчилиги кызматтан кетет. Ошондо тынчтык орнойт", — деп жазган ал. Профессордун пикиринде, Украина өзүнүн эле союздаштары жүргүзгөн агрессивдүү саясаттын курмандыгы болуп калды. "Батыштагы оорулуу саясий элитанын жана анын Россияга каршы акылсыз максаттарынын айынан Украина оюн талаасына айланып калганына бардык украиналыктар үчүн чын дилимден өкүнөм", — деген Малинен. Өткөн жумада Россиянын аскерлери Украинанын портторуна, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарындагы объектилерге массалык сокку урган.
Жаңылыктар түрмөгү
0