Бишкектеги жаңы конуштардын 49 көчөсүн оңдоо боюнча келишим түзүлдү

Жазылуу
Беш миллиард сомго чукул гранттык каражатты Кытай тарап берүүгө макул болду.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Кытайдын жол салуу боюнча корпорациясы менен 49 жол жана 6 көпүрө куруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

4 миллиард 810 миллион сомго бааланган грантты Кытай тарап берүүгө макул болуп, август айынын аягында ремонт иштерин баштоо пландалган. 

"Жалпы узундугу 95 чакырымга созулган 49 жол жана 6 көпүрө курууга макулдашылды", — деп айтылат маалыматта. 

Планга ылайык, Бишкектин жаңы конуштарындагы жолдор оңдолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0