Япон өкмөтүнүн башчысы 22-октябрдан 28-октябрга чейин Монголия жана Борбор Азиядагы мамлекеттерге иш сапары менен келди. Ал Кыргызстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды жана Өзбекстанды кыдырды. Кыргызстанга Абэ 26-октябрда келди. КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукканда өкмөттөр аралык жети документке жана жеке мекемелер менен эки меморандумга кол коюлду.