https://sputnik.kg/20260326/1100453491.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барды. Маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчыны Шымкент шаарынын эл аралык... 26.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-26T17:00+0600
2026-03-26T17:00+0600
2026-03-26T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1a/1100453325_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_197876d2bdd4fe5fe2aba9f72742cc7f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барды. Маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчыны Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министринин орун басары Жаслан Мадиев тосуп алган. Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна катышат.
Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын билдирмелерин, чакырууларын жана башка эскертмелерин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Документ мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу максатында иштелип чыккан. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын түзүү пландалууда, ал билдирүүнүн жөнөтүлгөнүн жана алынганын каттап турат.Эгер техникалык мүмкүнчүлүк болбосо, билдирүүлөр SMS же электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин терминал 20 миң чарчы метрге чейин кеңеет. Муну менен аэропорттун кубаттуулугу үч эсеге жогорулайт. Жаңыртылган комплекс ыңгайлуулук, технологиялык жана стилдик жактан заманбап стандарттарга жооп берет. Ошондой эле бүгүнкү күндө 650 орундуу жаңы жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Ал терминал менен туташтырылат, бул жүргүнчүлөрдүн кайсы гана жыл мезгили болбосун ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылат.
ШКУ өлкөлөрүнүн ооруканалар альянсынын VIII конференциясынын алкагында Бишкекте Россия медицинасынын күндөрү өттү. РФ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Алмазов атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунун башкы директору, Россия кардиология коомунун президенти Евгений Шляхто конференциянын алкагында стратегиялык окууларды жана стратегиялык диалогду чыңдоого багытталган иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берилгенине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Россияда өлүм көрсөткүчүн азайтуу стратегиясын талкуулоого шарт түзүлгөнүн белгиледи. Академик акыркы 30 жыл ичинде, айрыкча жалпы өлүм көрсөткүчүнүн төмөндөшү боюнча абдан маанилүү жетишкендиктерге жетишилгенин белгиледи. Өз кезегинде Альберт Зульхарнеев, Кыргызстандагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Россия менен Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жалпы эмгек рыногу бар экенин айтты.РФ элчилигинин биринчи катчысы Рустам Александров 2024-жылы Россия менен Кыргызстандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда саламаттык сактоо жана илим тармагында келишимге кол коюлганын эске салды.КРСУнун ректорунун кеңешчиси Николай Кудрявцев университеттин Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен биргелешкен негизги милдети адистиктердин тизмесин түзүү жана медицина тармагында суроо-талап жогору болгон адистерди даярдоо экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барды. Маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчыны Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министринин орун басары Жаслан Мадиев тосуп алган. Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна катышат.Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын билдирмелерин, чакырууларын жана башка эскертмелерин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Документ мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу максатында иштелип чыккан. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын түзүү пландалууда, ал билдирүүнүн жөнөтүлгөнүн жана алынганын каттап турат.Эгер техникалык мүмкүнчүлүк болбосо, билдирүүлөр SMS же электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин терминал 20 миң чарчы метрге чейин кеңеет. Муну менен аэропорттун кубаттуулугу үч эсеге жогорулайт. Жаңыртылган комплекс ыңгайлуулук, технологиялык жана стилдик жактан заманбап стандарттарга жооп берет. Ошондой эле бүгүнкү күндө 650 орундуу жаңы жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Ал терминал менен туташтырылат, бул жүргүнчүлөрдүн кайсы гана жыл мезгили болбосун ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылат.ШКУ өлкөлөрүнүн ооруканалар альянсынын VIII конференциясынын алкагында Бишкекте Россия медицинасынын күндөрү өттү. РФ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Алмазов атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунун башкы директору, Россия кардиология коомунун президенти Евгений Шляхто конференциянын алкагында стратегиялык окууларды жана стратегиялык диалогду чыңдоого багытталган иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берилгенине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Россияда өлүм көрсөткүчүн азайтуу стратегиясын талкуулоого шарт түзүлгөнүн белгиледи. Академик акыркы 30 жыл ичинде, айрыкча жалпы өлүм көрсөткүчүнүн төмөндөшү боюнча абдан маанилүү жетишкендиктерге жетишилгенин белгиледи. Өз кезегинде Альберт Зульхарнеев, Кыргызстандагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Россия менен Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жалпы эмгек рыногу бар экенин айтты.РФ элчилигинин биринчи катчысы Рустам Александров 2024-жылы Россия менен Кыргызстандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда саламаттык сактоо жана илим тармагында келишимге кол коюлганын эске салды.КРСУнун ректорунун кеңешчиси Николай Кудрявцев университеттин Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен биргелешкен негизги милдети адистиктердин тизмесин түзүү жана медицина тармагында суроо-талап жогору болгон адистерди даярдоо экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1a/1100453325_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6b7eab1df0471b053c48f46caafaccd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио